Пример HTML-страницы

Кайнап турган булактын айланасына Кайнар айылы негизделген (фото)

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Кайнар айылы 1917-жылы негизделген. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын ортосунда кайнап чыккан булак болгондуктан айыл Кайнар деп аталып калган. Учурда булактын тегереги тосулуп турат. Эл ал булакты ыйык деп эсептейт. Мурда ал жерге адамдар барып, зыярат да кылып турушчу. Эл арасында булактын суусунун курамында йод бар деп айтылат. Булак эч соолубайт, жок болбойт. Эл сууну ушул булактан алып ичет.

Элетте 350 түтүн үй бар. Кайнар айылы райондун борборунан 65 чакырым, жакынкы темир жолдон 52 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 1000 гектарга жетет. Айылда жаңы мектеп курулуп жатат. Учурда 1 бала бакча жана клуб бар. Айыл 12 көчөдөн турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE