Пример HTML-страницы

Ошто экстремисттик уюмдун лидерлери деп шектелген адамдар кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОшто облусунда экстремисттик уюмдун лидерлери аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү багытында ыкчам иликтөө иштерин өткөрүп жатышат. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

4-май күнү «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү, Ош шаарында жашаган 1970-жылы туулган Х.Ш., 1979-жылы туулган Ш.Д. жана Кара-Суу районунда жашаган 1963-жылы туулган Х.М., 1973-жылы туулган А.А.нын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө күмөн жараткан 51 даана китеп, 2 уюлдук телефон, 9 баракча, 1 дептер, 3 ДВД диск, 3 кассета, 5 флеш-карта, 1 ноутбук алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Аталган адамдар тергөө кызматына жеткирилип, жүргүзүлгөн профилактикалык маектешүүдөн кийин жогоруда аталган адамдардын бири «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун идеялогиясын колдоодон баш тартарын билдирди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE