Пример HTML-страницы

Баткендеги байды малы менен кошо жуткан жер

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Рават айылынын түштүк тарабында Кара-Мойнок капчыгайында Карымбайды жуткан жер деп аталган аймак бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.

  • Бул аймак Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунан 7 чакырымдай тоо арасында жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кайсы бир замандарда бул жерде Карымбай аттуу бай жашаган. Анын мал-жандыгы, айрыкча кой-эчкисинин саны болгон эмес. Бирок байлыгы көп болгону менен кедей-кембагалдарга каралашпай, зекетин да берген эмес.

Бир күнү ошол аймактагы олуялар Карымбайга мал-жандыгынан кыйналган элге зекет берүүсүн, эгер бербесе, өзүн да, малын да жер жутарын эскертишет. Буга макул болбогон Карымбайды малы менен кошо жер жута баштайт. Ага ошондо да зекет берүүсүн айтышат. Бирок Карымбай эч үн катпай, зекет берүүгө макул болбойт. Ошентип жер жутуп, өзү да, малы да ташка айланат. Ушул күнгө чейин Карымбайдын малынын жатак жери, анын арасында Карымбайдын өзүнүн орду жана четки түндүк тарабында койчуларынын орду бар деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE