Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны акыркы 26-Болум (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны акыркы 26-Болум

Же беш ай эле эмчек эмди эле, ошондон мээрими жок, мэрес болуп калдыбы? Ооруп доктурга жатып калганда таенеси сүт менен он күн багып берген. Кийинкисине оңой болсун деп, орус класска окутту эле. Ошондон ушундай бетке чабар, эркеталтаң болуп калдыбы? Кызымды жакшы батырып алышсын деп, кошомат кыла бөйпөңдөйт. Кайсы күнөөсү үчүн кызы минтип, күйөөсүнө шарт коюп олтурат? Күйөөнүн да ичи эмгиче муздай түшкөндүр. Кызынын тилин кесип салса сооп болмок экен. Телефонун өчүрүп салыптыр же токмоктошуп жатышабы? Кантип билсе болот. Кайыненеси кызыңды тый деп чакырбаганына караганда ал укпаса керек. Ылайым укпай эле калса экен. Ал байкуш деле намазын окуп, буларга зыяны жок, өз санаасы менен өзү. Балдары тынып кетпесе да эненин шору экен. Үйдөгү балдары тил алчаак. Айттырбай жумуш кылышат. Кандай болсо да эркектики билинбейт эмеспи. Ай, Айсулуу, сулуу болбой эле акылдуу жана бактылуу болсоң болоор эле. Макмал кызы улуу болуп, кошо талашып жумуш кылып жүрүп түйшүктүн көбүн көрдү. Дегеле баланы эркелетип бош койбоо керек экен деп калды. Кыздын төркүнүндө эле көргөнү көргөн деп жүрбөйүмбү. Илгеркилердин кызды бешикке салаарда биринчи бешикке кайчы салганы туура экен. Бешиктеги кезинен башташ керек экен. Маям да акылы тетик, зирек, куйма кулак, ыймандуу, сабырдуу келин. Айсулууга жакшы жүр, сенден эле чыкпаса булардан эч нерсе чыкпайт, кудайдын момундары экен деп айткан ага. Босогосун аттаганда эле, алар да саал тизгиндебей, жайдак койбодубу. Атаны иттин кызы эми эмне болот деп кирпик какпай чыкты. Эртеси эртең менен күйөө баласы телефон чалып:

 

— Апа, жакшы турасызбы? Бизден кам-санабай эле коюңуз. Мен аэропорттон чалып жатам. Бир сааттан кийин учабыз. Айсулуу менен Салмоор сизге салам айтышууда. Жакшы туруңуздар, — деди.

 

— И-ийи айланайын, аман-эсен барып келгиле, апаңар эмне деди? — деп кабырлана кетти.

 

— Өзү барып келгиле деп болбой койду. Баары жакшы, — деди жайдары.

 

Санаасы аз да болсо тына түшкөн кемпир чөнтөк телефонун өчүрүп, турган ордунан жер көчүп келаткандай башы айланып олтура кетти. Соодасы түгөнгөн сарттай болуп, шалдайып же сүйүнөөрүн билбей же күйүнөөрүн билбей босогону карап бир саамга катып калды. Кудагый байкушу өзү сымал баласы үчүн өзүн курмандыкка чалган экен, каңкайып үйүндө жалгыз калып.

 

Анан кайра эптеп өзүнө келип, окшошкон кана ээнбаштар ушуну кылмак. “Өз акыл өзөк менен тең, өзгөнүн акылы кишен менен тушоо”, “Бирөөнүн акылы бирөөнө сыйбайт”— деген чын экен. Бала төрөлгөндө кылык-жоругун кошо төрөбөйсүң. Мейли эми, ушундай кызды бергенине да тобо дейин. Үй-бүлө, бала-чакасы менен аман болсун. Мунун да өз орду бар. “Апа иштебе, жаныңды кара!”— деп калат эмеспи. Аман эле болушсун, бирөөнүн баласы ошону айтабы? Шүгүр ушуга да. Кечээ ачуум менен көп тилдеп койдумбу, кечир, Аллам. Түбү түз болсунчу. Жаш да, толук акылдарына кире элек. Кой анда, чалымды үйгө калтырып, булардын таштай качкан апасын курортко алып кетейин. Чалынан ажырап байкуш мурдагыдай болбой ментинен тайып калыптыр. Антпесем жалгыз үйдө куурайт го, байкуш. Баары жакшы эс алып, келгенде бири-бирин сагынышып ынтымактуу, бактылуу жашап кетишээр деп ойлогонундай эле эки кудагый эртеси он күнгө көлгө, курортко жөнөп кетишти.

 

(аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE