Пример HTML-страницы

Сүрөтчү келин Диана Жумабекова элетте идиштерди кооздоп иштеп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйтматов районунун Көк-Сай айылынын 24 жаштагы тургуну Диана Жумабекова идиштерди жасап киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Май айылында өскөн. Кесиби бюча сүрөтчү.

«Мен мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, 2022-жылы аяктап, сүрөтчү адистигине ээ болгом. Андан соң Кызыл-Аскерде жайгашкан №50 мектепте сүрөтчү мугалим болуп эмгектенгем. Ал жакта 1 жыл иштеп, шартка байланыштуу айылга келдим. Кийин Көк-Сай айылына келин болуп келдим.

Сүрөтчү болгондуктан ошол өнөрчүлүккө жакын иш менен алектенгим келип, интернеттен идея издеп баштадым. Анан смола менен гипстен буюмдарды жасоону өздөштүрдүм. Смола менен иштегенде туура өлчөмүн билүү зарыл. Ал эми гипс менен иштегенде суунун өлчөмүн туура куюп жасайбыз. Ар бир буюмду жасоого өзүнүн атайын идиши болот. Ага катырып алган соң кургасын деп 3 күндөн 7 күнгө чейин бир температурада коюп коёбуз. Бул боюнча кыздарга үйрөтүү максатында курс ачып, көп кыз-келиндер, эжекелер окуп, өз алдынча дагы жасап жатышат. Ар кандай идиш-аяктарды, тиричиликке керектүү буюмдарды, сааттарды жасап жатабыз. Мисалы идиш жасап үйрөнгөндөргө базар баасынан кыйла эле арзан алышат. Анткени материалына эле акча коротушат.

Көптөрдөн ыраазычылык сөздөрдү угуп, аябай кубанып калам. Көбүнчө мага араб жазуулары, сүрөөлөрдү жазып бер деген буйрутмалар көп келди. Саатка көп буйрутма түшөт», — деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE