Пример HTML-страницы

АЛЛАХКА МОЮН СУНУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=57352&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АЛЛАХКА МОЮН СУНУУ

 

Бисмиллахир рахмаанир рахиим

 

АЯТ: Алар Аллахтын дининен башка дин издеп жатабы? Ырас, асман-жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага ( Аллахка) моюн сунушат жана Жалгыз Өзүнө кайтарылышат ( Аалу Имран, 83).

 

ХАДИС: Азирети Мухаммад ( саллаллаху алейхи васаллам)Пайгамбарыбыз: …» Ким Аллахка ишенсе, анын жүрөгүн Аллах туура багытка салып коёт» (Тагаабун; 11)- деген маанидеги аятты чечмелеп: » Бул жерде жашоонун оош- кыйышында болгон ар түрлүү машакаттарга ишарат жасалууда. Аллах Таалага чын жүрөктөн ишенген адам мына ошол машакаттарга кез келгенде, аларды Аллахтан деп ( сыноо катары) кабыл алып, Аллахка моюн сунуп ыраазы болот» — деген ( Бухари).

 

МАСЕЛЕ: Бир адамды элестетип көрөлү. Ал адам жашоосунда кандайдыр бир мыйзам алкагындагы маселелерге дуушар болсо, дароо эле өзүнө жактоочу жалдайт. Ал адам жактоочунун мызамды жакшы жана так билгендигине толугу менен ишенип, бардык күчүн ошого жумшайт. Жактоочунун сабаттуулугуна шексиз ишенгенде сотко берсе дагы көңүлү тынч болот. Ал эми эгер өзү мыйзам жөнүндө эч кандай билимге ээ болбосо, жактоочу дагы жалдабай туруп ошол маселени өз милдетине алса, анда өзү жапа чегип, ашыкча кыйналат.

Же болбосо оорулуу адам өз калоосу менен дарыгерге ишенип, ага толугу менен өзүн тапшырат. Дарыгердин берген кеңешине ишенип, аны аткарат. Дарыгер өз адистигин мыкты билет деп эсептеп, анын берген дары- дармектеринен башка чара көрбөй, башкача түрдө сакайып кетүүнүн жолун издебейт. Бул адамдардын бири- бирине болгон көз карандылыгы жана ишенимин күчөткөн белгинин бир үлгүсү. Адамдардын бир адамга болгон ишеними тынчтыктын, бейпилдиктин жана ишенимди башаты болсо, Аллахка болгон ишеним жана моюн сунуу, бул үлгүлөргө салыштыргыс өлчөмдө олуттуу жана маанилүү болуп саналат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE