ГЫЙБАТТЫН (УШАК АЙЫНДЫН ) ЗЫЯНДУУ КЕСЕПЕТИ .
Пайгамбар ъалайхис салам бир согушка барып ал жерден кайтты .Жолдо бир сахабанын уйуно келди . Ал сахаба бай киши эле , буларга озунчо уй тигип , Аллахтын Элчисине С.А.В жеке уй тигип берди . Ошондо сахабалар Салманды » биз нан ,эт жегибиз келди , нан , эт берсин » — деп Пайгамбарга С.А.В жиберди . Салман чыгып кеткенден кийин ,алар , Салман Расулга С.А.В деле барган жок , дарыяны бойлоп кароол болуп кетти деп ушак кылышты . Ошондо Жабраил Салмандан мурун Расулга С.А.В келип ,сахабалардын Салманды гыйбат кылганын айтып кетти . Андан кийин Салман келип , сахабалардын эт , нан сурашканын Пайгамбарга С.А.В айтты . Пайгамбар С.А.В » Сен сахабаларга айт ,’алар ошондо анык чийки эт жеди , эми нанды эмне кылат деп » деди Сахабалар: »Биз эч кандай чийки эт жеген жокпуз » дегенде »Сиздер Салманды гыйбат кылганда ошол этти жегенге тете болдунуздар » -деди . Кимде ким озунун мусулман бооруна ушак -айын кылса , ошонун этин чийки жеген болот .
Халит айтты: «Бир куну жумада мечитте отурган элем ,ошондогу кишилер бир мусулманды ушак кылышты .Мен да аларга кошулдум , кой деп айткан жокмун .Ошол куну тушумдо бир кара киши келди , колунда табакка салган чочконун эти бар .Кел бул этти же деди .Мен , мусулман чочконун этин жебейт дедим .Ал ,чочконун эти мусулман адамдын этинен жаман эмес , сен мусудман адамдын этин жедин деп , чочконун этин оозума тыкты . Мен чоочуп ойгонуп кеттим Кырк кунго чейин оозумдан чийки чочконун этинин жыты кетпей журду .
Ушак айындын куноосу ойноштон бала тапкандан бешбетер экен деди .
Гыйбат уч турдуу болот :
1- арамдык (арам ) ,
2- динсиздик ,
3- мубах .
1- эгер момун мусулманды ушактаса арам болот .
2- бир киши бир момунду ушактаса , башка бироо ушак кылбасанчы десе , ал болсо ушак кылган жокмун , иштеген ишин айттым десе , динсиздик болот .
3- заалымдарды , динсиздерди айын кылса ал , мубах болот .