Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда 57 жаштагы тургун жан берди. Аны «Портер» айдап бараткан аял сүзүп кеткен

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда 57 жаштагы эркек кишини унаа коюп кетти. Ал каза болуп калганын Тurmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя 1-май күнү унаа жолдун Кочкор-Ата шаарындагы тилкесинде болгон.

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

«Жол кырсыгы 1-май күнү саат 13:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 519-чакырымында, тактап айтканда Кочкор-Ата шаарынын аймагында орун алган. Кырсык Ноокен районунун Масы айыл аймагынын 1975-жылы туулган тургуну Б.А. (аял киши) өзүнө таандык болгон «Хендай Портер» унаасы менен Ош тараптан Бишкек багытын көздөй бара жатканда болгон. Унаа жол жээгинде кулпунай жүктөп жаткан Ноокен айыл аймагынын 1967-жылы туулган тургуну А.Т.ны (эркек киши) сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE