Пример HTML-страницы

Ак-Талаада союздан калган каптаж оңдолуп, малчыларга таза суу чыгарылып берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын Кара-Суу чөлкөмүндөгү малчыларга таза суу чыгарылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Баетов таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулунун айтымында, союздан калган каптаж тазаланып оңдолду.

«Союз учурунда пайдаланылып, кийин жараксыз абалга кептелип, суу чыкпай калган эски каптаж оңдолду. Аталган чөлкөмдөгү малчылар каптажды оңдоп берүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал жерде бери дегенде 7 малчы жашайт. Малчылар күйүүчү майын камсыздап беришти. Биз жайыт комитети менен бергиликте муниципалдык ишкананын техникалары менен каптажды оңдоодон өткөрүп, малчылар жана алардын малы үчүн таза суу чыгарып бердик», — деди М.Асаналы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE