Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 24-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 24-БОЛУМ

А байкуш энесинин сөз тийгизбей секиргенин ошолор түшүнсө кана деп ичинен ойлоп турду Алымкан.

 

Мыскал күйөөсүнүн акыбалын билгиси келип догдурда жатып “Жан азыгы” деген ыйман китепти окуп чыкты. Андан Жан алуучу периште жанды алгандан кийин азап периштеси алып, оттон болгон матага ороп жетинчи кат көккө алып чыгып, кайта көргө алып келип денеге киргизилет. Мүңкүр-наңкир келип сурак алат. Эй ыплас пенде, рабың ким, пайгамбарың ким, диниң кайсы?”— дегенде, ал пенде ушундай коркунучтуу добуш менен ой-бойлоп чыңырат. Билбеймин деп кыйкырат. Андан кийин Алладан амир келет. Эй, тозок периштелери, көрүн тар жана караңгы кылып, өзүн тозокко салгыла. Кыямат күнүнө чейин уруп, от чокмор менен азап берип, жанына жылан-чаянды кошкула дегенден кийин, ошол айтканындай иштешет. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок Срат көпүрөсүн –тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү1000 жылдык – баары 3000 жылдык дегендерди окугандан кийин ал мурдагыдай болбой ыйманга келип, жалаң Аллага ибадат кылып калды .

 

Кудуретиңден кагылайын кудайым, чым жамынып жатып калган алтынымдын күнөөсүн кечип, бейишке чыгара көр. Өзүң колдо. Күнөөлөрүбүздү кечир жаннаттан жай бер деп тиленип, келин баласына мурдагысындай тыкыр көңүл бөлбөй калды.

 

Догдурдан чыкканда кудагыйынын башын куттуктап жакшы япон жоолук, кыргыз оюм басылган чермей белдемчеси менен алып келип кудагыйына кийгизип кетти. Анан эмне кылат, эптеп кызы батып кетсе деп эне байкуш чуркайт экен да.

 

Алымкан келинине:

 

— Жумуштарыңды бүттүңбү, эми эки саатыңды балаңа бөл. Таалим тарбия сабак өт. Тарбия биринчи үй-бүлөдөн башталат. Азыркы техниканын жетишкен учурундагы балдарды тарбиялоо бул бир чети оор, бир чети жеңил. Текчени карасаң “Мусулман адеби” деген китеп бар. Балаңа биринчи Алланы тааныт. Кудайдан корксо ата-энеси көрбөгөн жерден туура эмес иш кылбайт. Анан келме, куран, ыйман, өзүн алып жүрүү, улууларды сыйлоо, тамак ичүү адеби, уктоо адеби, кийим кийүү адептерин, эрктүүлүктү үйрөнсө келечек жолдору даңгыр болоорунда шек жок деди. Бул дүйнөгө эмнеге келгенин түшүндүр, эли бирөөнүн алдында чөгөлөбөгөн, намыстуу калк экенин айткын,— деди.

 

Балдарын бир кылка очор-бачар кылам деген Алымкандын эмгеги текке кеткен жок, талыкпай дагы болочокто эки уулун үйлөнткөнгө кудай күч-кубат бере көр деп тиленип жүрдү. А Мая болсо кайненесинин үндөгүнө кирип, алардын шартына көнүп, күйөөсүнө, үйүнө, баласына кир кийим кийгизбей, жаман тилин тийгизбей, жакшы келин болуп чыкты. Кырк беш жаштагы жаш кайынене менен албетте алтымыш бештеги кайнененин тарбиясы башка эмеспи.

 

Ошентип, арадан көз ачып жумганча үч жыл өтүп кетти.

 

Белек жаңы алган машинеси менен Ак-Өргөөгө келип токтоду. Авас эшиктин алдында турган. Жүгүрүп келип, жездесине кош колдоп учурашты. Ал мурдагыдай эмес, салкын учурашты. Көңүлү чөгүңкү. Ачкычты Аваска берип, көрө бер деп кетип калды. Машине түсү билинбей кир. Авас карап турабы, дароо сууга жакын айдап барып, жууп койду.

 

Белек үйгө кирип, учурашкандан кийин кайыненесине: Айсулуу Мегакомдон утуп алган эки кишилик жолдомо менен он күнгө эртең Анталияга эс алууга учканы жатат. Апам жалгыз калат, барбайбыз десем мени же энеңди танда деди,— дейт.

 

— Ок, танда дегени эмнеси. Жин тийген, кейбир кыз го. А сен эмне дедиң.

 

— Эч нерсе. Апамдын менден башка жакыны жок, карындашым да алыста. А Айсулууну сүйөм, ансыз бир саат да жашай албайм. Экөөнү тең кыялбай, жаман чайналдым.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE