Пример HTML-страницы

Мисвактын 20 пайдасы 

https://kyrgyzcha.site/?p=57445&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Мисвактын 20 пайдасы

 

Мисвак менен тишти жуу, ал суулу болсо да ,сууланган болсо да ,

түштөн мурун,түштөн кийин болсо да махрух эмес … Чубак ажы Жалилов

 

Орозо учурунда тишти жууса болобу деген суроолор көп болот. Тишти паста менен жуу махрух болгондуктан,мисвак менен жуу сунушталат. Мисвак оозду гана тазалоо менен гана чектелбестен,

Аллах Таалага да жагуучу амал болуп эсептелет.

 

Пайдалануу.Алар кичинекей таякча түрүндө болот.

Аны щеткага окшоштуруп кесип, жылуу сууга салып коюу керек.

Сууда турган мисвак жумшак, тиш тазалоого ыңгайлуу болуп, табигый тиш тазалоочу буюмга айланат.

 

Пайдалуулугу:

1.Оозду ар түрдүү жагымсыз жыттардан арылтып, тазалайт;

2.Бүйлөнү бекемдейт;

3.Тиштин бузулуусун алдын алат;

4.Саргарып кеткен тиштерди тазалап, жылмакай кылат;

5.Тамак сиңирүүгө жакшы жардам берет;

6.Көздү курчутуп, нурдуу, жандуу болуусуна түрткү болот;

7.Үндүн чыгуусуна тиштердин да таасири бар, мисвак тишти таза кармагандыктан, үндүн жакшыруусуна пайдасы чоң;

8.Ашказан оорууларын алдын алат;

9.Ой жүгүртүүнү арттырат;

10.Эске тутууну жакшыртат;

11.Тиштин бүлөлөрүн бекемдейт;

12.Зарнаны токтотот;

13.Ооздогу жараларды айыктырат;

14.Ооздогу жытты жоготот;

15.Башкы тамырларды күчтөндүрөт;

16.Мисвак колдонулуп окулган эки рекет намаздын сообу мисваксыз окулган жетимиш рекет намаздын сообунан көп болот;

17.Козду курчутуп, нурдуу, жандуу болуусуна туртку болот;

18.Соопчулук менен жакшылыктары көп болот;

19.Сүннөткө ылайык амал кылган болот;

20.Оозу таза болот;

 

Хадистер.

«Мисвак – оозду тазалайт жана Жаратуучуңду ыраазы кылат»

 

«Эгер үммөттөрүмө оор болуп калат деп чочулабаганымда, ар бир намаздан

алдын Мисвак колдонууну милдет кылат элем»

 

Аллама Ибн Коййум р.а. мисвактын пайдалары жөнүндө мындай деп жазат:«Мисвак тиштерди жалтыратат, тиштин мүлктөрүн бекемдейт жана ооздогу жагымсыз жытты кетирет. Анын себебинен мээ тазаланат жана ачылат, какырыкты токтотот. Көздүн көрүүсүн курч кылат. Үндү тазалайт. Андан башка дагы көптөгөн пайдалары дагы бар».

 

Мисвак дарагы

Мисвак ысык өлкөлөрдө өскөн Эрак дарагынын талчалары болуп саналат. Өсүмдүктүн тамыры болгондуктан, анда эч кандай зыяндуу кошулмасы жок, чыныгы табигый курал болуп эсептелет

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE