Пример HTML-страницы

Дос… 

https://kyrgyzcha.site/?p=55934&preview=true Кызыктуу окуялар.

Дос

 

Менин бир досум боло турган. Жок, биз алгач үчөө элек. 1-класска чогуу барган үч томпойгон балакайлар. Бири-бирибизден эмне таптык ким билсин, 1-класстан мектепти бүткөнгө чейин эч айрылышкан жокпуз. Үчөөбүз ар түрдүү сапатка ээ элек. Мен идеяларга бай элем, сен алака жүргүзгөнгө мыкты болчусуң. Менин идеям менен семичке алып келип мектепке сатып акчалуу болгонубуз эсиңдедир. Ал эми Талгат көпүрөбүз эле. Андай адам кылымда бир жаралат, эч нерсе менен иши жок, ичинде таруудай арамдыгы жок, ак жашап өтүп кетти. Экөөбүздөй эзилип, жанчылып, карама-каршылыктар менен алпурушпай, баарына шүгүр кылып жашады. Жакшы окучу, лидер эле, атаман болчу. Бирок кендирди кескен турмуштун айынан каалаган окуусуна өтө албай калды. Биздей болуп ата-энесин кыйнап акча төлөп окууга өткөн жок. Чиедей бөбөктөрүн, оорукчан атасын аягандыр. Экөөбүздөн айырмаланып чоң жүрөгү бар эле.

Экөөбүз борборго келдик. Чогуу жашадык. Анан сен бизнес кылам деп кеттиң, мен жазмачылыгым менен калдым. Жолдорубуз көп кездешти. Сен улам жогорулап бара жаттың. Өзүң байкабай өзгөрүп бара жаттың. Жырткычка айланып бара жаттың. Көз алдымда. Күндөн-күнгө. Сени ар жолуккан сайын тааныбас болдум. Бийликтин, байлыктын сазы соруп бара жатты. Куду ажыдаар оп тарткандай сени мансап соруп кетти. Сүйлөгөнүң доллар, кызыкчылыгың кыздар болуп жатты. Мен да пендемин да. Сендей боло албаганым үчүн, уучтап доллар кармабаганым үчүн, калемим менен жан багып кичине тамымда, эски унаам менен жашап жатканым үчүн ыза болдум. Ичим күйдү. Анткени сен менден акылдуу эмес элең. Сен эпчил болчусуң. Мен идеалист элем, сен үчүн эч кандай принцип жок эле.

А бирок эч бир убакта Талгат ич күйдүлүк кылган жок. Экөөбүзгө тең. Барпалаңдап коюн союп, колунда барын жайнатып тосуп алчу. Чындыгында ал экөөбүздөн тең бир сөөм болсо да акылдуу болчу. Акылдуулугун ушундан бил, экөөбүздүн тең машинебизге бирдей козу салып берчү. Даанышмандыгын мындан бил, сени мага, мени сага кайраштырбай, кайра элдештиргенге аракет кылчу.

Бир күнү жаман кабар уктум. Өмүр бою сугатта жүрүп бөйрөгү кургап бараткан экен. “Досум, силерден башка ишенерим жок. Балдарым жаш эле. Саматка айт, өмүр бою иштесем да төлөп берем” деп үмүт менен чалды.

– Талгат, ошо да сөзбү? Тез арада Саматка барам, керек сумманы табабыз. Сен болгону чыда.

– Рахмат, досум.

Буту күйгөн тооктой болуп чуркап жөнөдүм. Ортодогу карама-каршылыктар да унутулду. Кабинетиңе араң уруксат менен кирип, окуяны айттым. Сен кашыңды да жыйрып койбодуң. “Бизнес, досум, болгон акчаны бир ишке киргизип ийдим, өзүнүн деле мал-жанын сатсын, аракет кылсын. Дагы көрөбүз, бирок убада бере албайм”. Ушу сымал нерселерди айттың.

Мал-жанын эмес, баарын саткан күндө да ал анча сумманы топтоп жетише албайт эле. Башка адам болсо мейли эле, бул Талгат да, кокуй, жаныбыз бирге, сырыбыз бирге, балалык бирге өткөн досубуз. Сени тиктеп турган көздөрүм ушуларды айтып жатты. Тилим болсо сөгүп жатты. Мен машинемди сатып, Талгат малдарын сатып акча чогултканча өтүп кетти. Азасына келген сенин жүзүңдү карагым келген жок. Элдин баары кетип, бир карасам көрүстөндө сен гана калыптырсың.

– Кел сүйлөшөлү, мен…

Жүзүңдү карабай бурулуп кеттим. Кийин башыңа түшкөн күндөрдү уктум. Кабыргам кайышты. Жаныңа барып жакшы сөз айта албадым. Болгону жүрөк ооруп жатты. Жаманды-жакшыны, өткөндү-кеткенди ушул жүрөк байкуш унутпайт тура. Бир кезде экөөбүздүн жүрөгүбүз бир жээкте эле. Сени бийлик, мени тагдыр өзгөртө элек кезде экөөбүздүн дүйнөбүз бар эле. Ак дил, таза сүйүү, акыйкаттык жашаган дүйнөбүз бар эле. Мен ошо дүйнөнү сагындым. Катуу сагындым. Жаныңда, бирок алысмын. Турабыз ошентип… Эки жээкте…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE