Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш 1-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш

1-бөлүм

 

Салам достор,

 

Коп достун досу болсом да, чонойгон сайын сырымды бек сактап, кимдир бироого айтуудан айбыгып калдым. Кубанчымды болушсом коро албастар журогумдон сууруп алчудай , кайгымды болушсом табалачудай сезилип, коп сезимди журогумо сактоону адатка айлантып алган сыяктуумун. Ошондуктан, мени эч ким тааныбагандыгынан пайдаланып бул жакка жаза кетууну туура кордум. Анда кеп башынан болсун.

«Ат баспайм деген жерин мин басат «,-деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Мен убагында интернеттен таанышуу да таанышуубу деп коп айтаар элем. Жада калса виртуалдуу дуйнодон таанышып, кыз-жигит болгон тааныштарымды шылдындап, айласын кетирчумун. Бирок, ошол эле тагдырга озум туш болоорумду этибар албасам керек. Мындан 2 жыл мурунку жаз мезгили. Анча-мынчаны тоготпогон текебер жаным, жаздын жыпар жытына эркелеп, себепсиз эле бактылуу болуп жаттым. Ошол кундордун биринде социалдык желеден (кайсы желе экендиги сыр бойдон калсын) бир жигит менен таанышып калдым. Тааныштым дегеним, ал адаттагы балдардай болуп «Чон кыз таанышып алалы?» деп айтпады, мен да кыздарай кылыктанган жокмун. Биз алгачкы таанышуубузда эле бир нерсени талкуулап, ал оз оюн, мен оз оюмду бербей жаттык. Кантип суйлошуп баштаганыбыз да эсимде жок. Комплименттер ,жакшы создорду угуп конуп калганга анын текеберленип кылган мамилеси мени куч алдырды. «Баары бир сени менен таанышып, озумо баш ийдирем», -деп жаттым ичимден. «Кыздан амал качып кутулбайт» демекчи аны суйлоттуруунун туркун айласын ойлодум. Озумо озум кулкуп келип , кандай адам болуп баратканыма тан калчумун.

 

Бара бара кундо суйлошчу болдук. Бирок,эн кызыгы ал такыр менин жашоомо кызыкчу эмес. Мен кызыгып турсам да сурачу эмесмин. Бирок, дайыма талкуулочу тема табылчу: саясат, кино, билим беруу системасы, табышмактар, интелектуалдык оюндар ж.б.Кундо актуалдуу темаларды талкуулай берип озумду депутаттарга окшоштуруп сыгыла баштадым. Башка бир нерсе ойлоп табышым керек экендигин сезип турдум. Бир куну маанилуу бир конференцияда доклад окуурумду , таасирдуу болуусу учун жакшы жазышым керек экендигин айтып жардам сурадым. Ага караандай калп айтып, темамды тушундуруп бердим. Ал мындай башта десе, кантип улантсам деп тажата бердим. Акыры телефон номеримди сурады. Мен сыр бербей бул жактан жаза бер деп коем. Ал чалып айтып берем деди. Чалды. Уну жагымдуу экен. Ал берилип теманы тушундуруп жатты, мен башка эле ааламда журдум. Ортодо «жазып жатасынбы?» деп сурап коет. Ооба керектуу жерлерин жазып жатам деп коем.

 

Теманы айтып бутуп :»Жардам берген болсом кубанычтамын. Сага тоскоол болбоюн.Жакшылап даярдан», -деп коюп койду телефонду. Тан калып отурдум. Алгачкы жолу унубузду угуп жатсак, ал-акыбал сурап койгонго да жарабады. Бул адамдын кайгырууну, кубанууну, кулууну, ыйлоону билген адам экендигине ишенбей турдум. Кайдагы жорукту баштап, бир жыйынтыкка жетпегендигиме бир тараптан озумчо ардансам, бир тараптан «Жашоомдо эмне озгорду? Мурункудай улана берет. Мен озумдон башка эч кимге соз бербедим да»,-деп аны унутууну ойлодум. Арадан 3-4 кун отту. Ага жазбай да койдум. Жада калса ойлонгон да жокмун. 3-4 кун откон сон ал чалды мага. Суз гана жооп берип жатканыма карабай , ал тамашалап ,конференциянын кандай отконун сурап жатты. Уну алгачкы жолкуга караганда кубанычтуу чыгып жатты.

 

Кайрадан жазышуулар , суйлошуулор уланса да мен конулдонбой жаттым. Бирок , бул жолкусунда ал мени тажата баштады. Коп учурда телефонго,жазгандарына жооп бербей койгондугум учун бир куну жолугушууга чакырды. Алгачкы таанышкан кунубуздон 6 ай откон сон алгачкы жолугушуубузга бармай болдук. Кафеге, паркка же киного чакырбады. Жол боюнда кутуумду отунуп,озу алып кетээрин айтты. Даярдыксыз баргандай корунуу учун даярдандым. Ал белгилеген жерге жетип , эми эле телефонду колума алганда жаныма машина келип токтоду. Коптон бери кутуп турган окшойт деп ойлонгончо машинадан тушуп мага алдынкы орундун эшигин ачты. Учурашууга убакыт тар, машинаны парковка кыла турган жер эмес болчу. Мен караганда эле коздоруно урунду коздорум. Жылмайып башын ийкеп койду. Озу машинага отуруп айдап жоногондо жагымдуу жыты мас кылып, суйлой албай бараттым. Ортодо жай чыккан музыканы эске албаганда бир топко жымжырттык окум сурду. Эмне деп соз баштаарыбызды билбей мен аны, ал мени карап коет.

 

Шаардан чыгып баратканда «Кайда баратабыз?» дедим. «Сенден бугунку убактынды уурдаганга уруксат бер»,-деп жылмайып койду. Демейде такылдап соз бербеген жаным баарына кайыл болуп отура бердим. Ал ото токтоо, салабаттуу экен. Баскан турганы, суйлогону, озун алып жургону чон адамдардай экен. Шаардан коп узабай бир жаратылыш койнуна келдик. Машинаны токтотуп тушту. Мен же коркоорумду же кубануумду тушунбой , денемди майда калтырак басып селейип отура бердим. Ал келип мага эшик ачып колун сунду . Куз мезгили болгонуна карабай аба ырайы жагымдуу болчу. Жерге покрывало жайып , момо жемиш толгон корзинка , жей турчу нерселерди алып койду да, бир букет алып чыгып сунду. Мен ал учурда бир ордумдан жылбай анын кыймыл аракетине коз салып тура бердим. Букетти сунганда озумо келип,рахматымды айттым. Эн жактырган гулум болбосо да кыпкызыл розалар коз жоосун алып жузумдо жылмаюу пайда болду.

 

«Отур,тартынба» , деди мага мээримдуу карап. «Анчалык романтик эмесмин. Бирок, бугун сени менен эл болбогон жерде копко суйлошууну кааладым» ,-деп соз баштады. Андан ары зеригиштуу атмосфера жоголуп бат эле конуп кеттик бири бирибизге. Кечке дейре коп суйлоштук. Ал корунуктуу бир мекемеде директордун орун басары болуп иштейт экен. Окуусун чет олкодон бутуруп келиптир. Айтор, озу жонундо суратпай айтып берди. Мен суроолоруна жооп берип отурдум. Эн тан калганым ал мен жонундо дээрлик баарын билет экен. Бирок, кантип билгенин айтпай койду. Менде кызыгуу туулуп жатса да, озумду «любопытная варвара» корсотпош учун аны кыстабадым.

 

 

Коп кечке калбай куугум кирген убакта уйумо жеткирип барды. 2 дос кызым эшиктен кирээрим менен «Ал ким? Кайда бардынар?» деген суроолорун жаадыра баштады. Кобунчо балдар менен достошконума карабай жигит кутпогонум учун алар учун да тан калыштуу болду окшойт. «Интернеттен тааныштым» деп жооп беруудон ардандым. Анткени учурунда интернеттен таанышкандарда катуу сындаганым учун уялып жаттым. Досумдун досу дедим. «Киного барган болчубуз. Кечигип кеткенде досунун машинасы менен экоосу жеткирип коюшту» дедим,жалганымды жашыруу учун бат бат суйлоп. Алар ишенгендей болуп «Кардын ач болсо тамак же» деп болмолоруно кирип кетишти. Ашканада тыкылдап журуп турган саатты тиктеп отура бердим. Ал жонундо ойлондум. Мен жонундо ким айтып беруусу мумкун экендигин ойлондум. Интернеттен таанышса эмне болмок эле деп озумду озум жоошуттум. Айтор телефонго келген смс ойлорумду бузду. «Сенин кун откон сайын мени тан калтырчу бир тарабынды коргонумду айттым беле?». Аргасыз жылмайдым. «Жок, биринчи жолу айттын» деп жооп жаздым.

 

 

Смс жазышып жатып уктап кетипмин. Бирок, эртеси кундогудой бактылуу ойгонгонумду эстей албайм. Конулум куунак , маанайым эн сонун болчу. Эстеп кетип, телефонумду ала калып карасам окулбаган смс бар экен. «Жашоомдун маанисин озгортуп жаткан периштеге таттуу туштор кирсин» . Жаш баладай ордуман так секирип турдум. Катуу кыйкырып ырдагым, бир ордумда турбай бийлегим келип кен ааламга батпай жаттым. Омуру тан эрте турбаган жаным, тура калып эрте мененки тамактанууга блинчик жасай баштадым. Козун ушалап кухняга керген курбу кызым ;» Сага кечээки кино аябай таасир эткен го» дегенде айыбым ачылып калгандай созду башкага бурдум. «Сен алдыгы блинчиктерин менен подъезддин баарын тойгузасын го,эмне мынча коп?» деди кашык аралаш созду улай. Анда мен да таарынымыш болуп «Баарын озум жейм. Жакпаса жебе» дедим. «Ушинтип таарынып калат анан. Сен уйкунду болуп,оз колун менен бир нерсе жасасан, мен жебей коймок белем. Болгону кечээки досундун досу жонундо айтып бер»,-деди ал темадан алыстоону каалабай.

 

 

 

Ал экоосу менин жашоомдун тиреги, эн жакын досторум болсо да бул бактымды эч ким менен болушкум келбей, жаш баладай кызганып турдум. «Башка учурда айтайынчы, суранам. Бир нукка тушсунчу » дедим жалооруп. Ал :»Бир нукка тушчу акыбалга жеткенче айтпай журдунбу? Жанына эч кимди жакын жолотпой, так секирип туруп алсан биз сени жалгыз бойдон отуп кетет го деп сарсанаа болуп жургонбуз. Бактылуу болсон мен да бактылуумун» деди колумду кысып. Бул ынгайсыз абалдан чыгуунун амалын издеп жатканда ага бироо чалып калып туруп кетти. Оор жуктон кутулгандай идиштерди жууп баштадым.

 

 

Ал куну чалуусун кутсом да озум такыр чалбадым. Мен бул кылыгым менен анын конулун калтыруудан коркуп жаттым. Оор басырыктуу, токтоо болсо дал озундой кыздарды жактырат, менин андан биринчи чалуум акылсыздыгымды, сабырсыздыгымды корсотот деп ойлодум. Дайыма ушундай корунуш уланса да , ал жумуштарынан бошоп шашпай чалып, мен канчалык суйлошкум келгенине карабай анын чалуусун кутсом да бара бара ынак адамдарга айланып кеттик.Бирок, экообуздун ортобузда кандайдыр бир дистанция дайыма сакталып турчу. Ал мамилебиздин ылдыйкы баскычынан кийинки баскычына ойлонуп, шашпай отууну кааласа, мен тескерисинче чыдамым кетип озумду озум кыйнай берчумун.» Эмнеге ушунча убакыт отсо да мени достору менен тааныштырбайт? Эмне учун жакын болоорубузду корсотпойт? » деген суроолор менен озумду озум кыйнап журуп жаны жыл майрамы да кирип келди.

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE