Пример HTML-страницы

Мугалим А.Көчөрбаевдин өнөрлөрү жана окуучуларынын кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын тургуну Адилбек Көчөрбаев 22 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1981-жылы Кызыл-Белес айылында туулган. 1988-1998-жылдары Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде, 1999-2004-жылдары Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетинде билим алган. 2002-жылдан бери өзү окуган орто мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенип келет.

«Мугалим болом деп деле ойлончу эмесмин. 1998-жылы атам кырсыктап, катуу ооруп калды. Ал жылы окууга тапшыра албай калып ортодон 1 жыл өтүп кетти. 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинде окуган эжем кийинки жылы алып барып, окууга тапшыртып өтүп кеттим. Ошентип кудай насип кылып мугалим болуп калдым. Адабиятчы мугалим болуп калганыма чоң энем, апам, атамдын таасири болду окшойт. Анткени ыраматылык апам сөздү кынаптап сүйлөгөн адам эле. Бир таекем жазуучу Куттумидин Базаркулов. Мен чоң энемдин колунда өстүм. Ал киши дагы кенже эпосторду жатка айткан, куйма кулак, сөзмөр адам эле. Жомокторду көп айтып берчү. Ал кишиден атама, атамдан мага азырак өтсө керек. Кыскасы эки тарапта тең акындык өнөр бар.

Учурда балдарга сабак берип жатканда баягы чоң энем айткан дастандарды, жомокторду китептен кездештирип калам. Чоң энеме таң калам. Анткени өзү окуганды билчү эмес, мунун баарын кантип билип, жаттап алганына таң калам», — деди ал.

Адилбек мырза ыр жазып, комуз чертип, ырдап дагы коёт.

«Илхом келе калганда жаза калам. Ырларым сүйүү, турмуш, жашоо жөнүндө. Кесиптештериме арнап азил тамаша ырларды жазам. Айрым учурларда кесиптештер сынактарга бара жатканда тааныштыруу, саламдашуу ырларын жазып берем. Бош боло калганда комуз чертип ырдайм. Атам Бексултан комуз чертип мыкты ырдайт. Улуу эжем дагы комуз чертет.

Эжемдин эски, сынык комуздары бар эле. Ошолорду оңдоп алып, өз алдымча комуз черткенди үйрөндүм. Ата балага сынчы деп коёт эмеспи. Атам «колуң усулдуу» деп көп айтчу. Өзү жыгач уста, боз үйдү жакшы жасайт. Боз үйдүн уук, керегелерин жасарда дайыма мени кошуп алчу. Бирок мен устачылык өнөрдү аркалаган жокмун. Түшкө чейин жумуштамын, түштөн кийин чарба менен алектенмей», — деди ал.

Анын жубайы дагы кыргыз адабияты сабагынан мугалим. Экөө бир мектепте чогуу иштешет.

«Жубайым Нурзат Чотурова экөөбүздүн баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 19 жыл болду. Ал дагы кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим. «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» дегендей экөөбүз бир сабактан бергенибиз абдан жакшы. Айрыкча ачык сабакка, сынактарга даярданып жатканда бири-бирибизге жардамдашып турабыз. Бирибиз жумуштан суранып кетип жатканда ордуңа мугалим көп издебейсиң. Бирибиздин ордуна бирибиз сабак өтө беребиз дегендей.

Негизи мугалимдик кесип майда жумуш. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кесип. Балдар менен иштөө дагы жыл өткөн сайын татаалдап бара жатат. Балдардын мүнөздөрү дагы мурдагыдан оор. Айрым ата-энелердин мугалимге болгон мамилелери дагы жакшы эмес. Ошондон улам эркек адамдардын көбү мугалим болгусу келбесе керек деп ойлойм. Өзүм мугалимдик кесипти аркалаганда эмнени жоготтум? Жаштыкты жоготтум го. Себеби 21 жашымда мугалим болдум. Ошол күндөн тарта эл көзүндө болуп, жаш кезим от болбой, шок болбой өттү (күлүп)», — деди ал.

Адилбек Көчөрбаев ишиндеги ийгиликтери менен дагы бөлүштү.

«Жаңы жумушка келгенде эле күчтүү, билимдүү, кесипкөй жамаатка, талапты катуу койгон жетекчиге туш болдум. Анан аларды көрүп, үйрөнүп, чыйралып, аракет кыла баштайт экенсиң. 2013-жылы райондо өткөрүлгөн «Жыл мугалими» сынагында 2-орунду ээлесем, быйыл 2024-жылы республикалык деңгээлдеги «Мугалим» журналынын 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи» сынагында 3-орунду алдым.

Мугалим саяпкер эле эмес, сынчы болушу керек экен. Дегеним 2013-жылы даярдаган окуучум райондук олимпиадала 1-орунду, облустук турда 4-орунду камсыздаса, 2014-жылы бир окуучум райондук олипиадада 2-орунду ээледи. 2020-2021-окуу жылдары даярдаган дагы бир окуучум райондук олимпиадада 1-орунду, облустук турда дагы 1-орунду ээледи. Пандемия учуру болгондуктан республикалык турдун жеңүүчүсү деп табылды. Андан кийин 2022-2023-окуу жылында даярдаган окуучум райондук турда 1-орунду, облустук турда дагы 1-орунду багындырып, республикалык турда 3-орунду ээлеп, бардыгыбызды сүйүндүрдү. Өзүм болсо айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин, мектептин ардак грамоталарын алдым. 2023-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйландым. Ушунун бардыгы эле, билимдеги ийгиликтерим деп эсептейм», — деди ал.

Адилбек мырза окуучуларынын жылмаюу тартуулаган окуяларынан айтып берди.

«Бир жолу 5-класска орус тилинен көчүрүү сынагы болуп, комиссияда отурганбыз. Анан тизме боюнча кирип, билет алып, окуучулар жооп берип башташты. Начар окуган окуучу бар эле. Ал чыгып, билеттеги суроосуна жооп бере албай кыйнала баштады. Бир убакта жанымда отурган англис тилчи мугалим ал окуучуга карап «Как тебя зовут?» десе «my name is Алмаз» деп англисче жооп берип жатпайбы. Баарыбыз каткырып күлүп алдык.

2003-жылы 5-класска класс жетекчи болдум. Терезелерге, текчелерге гүл коюш үчүн окуучуларымды «ар бириң бирден гүл алып келгиле» деп тапшырма бердим. Эртеси келсем бир челекте бир сабак гүл, сабагында бир жалбырак, башына кыпкызыл гүл өсүп турат. Аны көрүп бул кандай гүл болду экен деп таң калып, өйдө тартсам гүлдүн тамыры жок. Көрсө бир бала үйүнө барып гүл сураса апасы бербей коюптур. Анан гүл жок барсам мугалим тилдейт деп үйүндө өсүп турган гүлдөн бир сабагын сындырып, челекке топурактан салып, топуракка бир сабак гүлдү сайып алып көтөрүп келиптир (күлүп)», — деди ал.

Мугалим жубайлар 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE