Пример HTML-страницы

Токтогулда милициянын формасын кийип, тапанча алып жүргөн жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда мал уурулук менен алектенген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 25-апрелинен 3-майына чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында мал уурулук боюнча 5 учур орун алып, топтолгон материалдар РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган мал уурулук фактыларынын кесепетинен 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга 300 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан Бишкек шаарынын 1-май райондук милициясында иштей турганын айтып, элдин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну А.У. кармалып, тергөө кызматына камсыздалган.

Шектүү 4-май күнү Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми бүгүн, 6-майда баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалды.

Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал экспертизага берилди. Ал күжүрмөн курал эмес, газ-травматикалык тапанча болушу мүмкүн.

Бул куралды алуу үчүн тиешелүү органдардан уруксат алуу талап кылынбайт.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE