Пример HTML-страницы

Чаекте башчысы кайра-кайра алмашкан тазалык муниципалдык ишканасын ким жетектеп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын башчысы болуп кайрадан Зарылбек Эсенгулов дайындалган. Бирок ага депутаттар каршы чыгып, Нурбек Кыргызбаев өз ордунда калды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору Улукбек Мамыров тарабынан Зарылбек Эсенгуловдун арызынын негизинде айыл өкмөтүндө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Зарылбек Эсенгулов менен эмгек келишими түзүлбөй, аны ишке тартуу жана кызматтан алуу эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Мындан улам Чаек айыл өкмөтүнө КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 92-беренесинин 1-бөлүгүнүн (эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу) негизинде 23 миң сом айып пул салынган.

Зарылбек Эсенгулов ээлеген кызматынан бошогондон кийин, анын ордуна Бекбосун Тентиев келген. Ал 5 ай иштеген соң кызматын өткөрүп берген. Андан кийин бул кызматка 58 жаштагы Нурбек Кыргызбаев келген. Мыйзам бузуулар четтетилгенден кийин Зарылбек Эсенгулов кайрадан ордуна отуруп, бош жүргөн күндөрү үчүн акы төлөнүп берилген. Бирок Чаек айылдык кеңешинин депутаттары Зарылбек Эсенгулов менен иштеше албастыгын айтып, кайрадан ордун Нурбек Кыргызбаевге өткөрүп беришин суранышкан.

Учурда Зарылбек Эсенгулов муниципалдык ишканада башкы инженер болуп иштеп жатат. Ал эми Нурбек Кыргызбаев өз ордунда калып, жетекчилик кызматты аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE