Пример HTML-страницы

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн эки тарабындагы тротуардын тамтыгы чыкты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы «Достук» эстакадалык көпүрөсүнүн эки тарабындагы тротуардын тамтыгы чыгып, жараксыз абалга келди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолго төшөлгөн таман таштар майдаланып, оюлуп кеткен.

Жергиликтүү тургун Адинай Кахарованын айтымында, жамгыр жааган сайын чуңкурларга суу толуп, басып өтүүгө ыңгайсыздык жаратууда.

«Бул жол менен күнүгө мектепке, базарга каттайбыз. Жамгыр жааганда тротуарга суу толот. Аргасыздан кечип өтөбүз. Кичинекей окуучуларга кыйын эле болот. Башка мезгилде чаң, таштак болуп кетет. Көп жылдан бери абал ушул», — деди Кахарова.

Абсамат Масалиев чоң көчөсү менен Курманжан датка көчөсүн байланыштырган «Достук» эстакадалык көпүрөсү 2015-жылы пайдаланууга берилген. Көпүрө Россия берген гранттын эсебинен курулган. Анын узундугу 265 метр, туурасы 23,9 метр, бийиктиги 5,5 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE