Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө популярдуу курорттук мейманканалардын бирине алып барган жол асфальтталууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖети-Өгүз районундагы Оргочор жана Боз-Бешик айылдарын бириктирген Сүттүү-Булак—Боз-Бешик унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу №35 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Урмат Өмкө уулу билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылдарды бириктирген жолдун узундугу дээрлик 16 чакырымды түзөт.

Буга чейин жергиликтүү эл жолго асфальт төшөлбөй келгенин айтып, нааразы болуп келишкен. Учурда бул маселе чечилип, «капиталдык салымдар» беренесинен тиешелүү акча каражаттар бөлүнгөн. Узундугу 4.8 чакырым, туурасы 6 метр жана калыңдыгы 6 сантиметр болуп, жолго асфальт төшөө иштери башталды.

Учурда ар кандай үлгүдөгү ондогон оор техникалар тартылып, ишкананын 20дан ашуун жумушчусу иштеп жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылынын тургундары элетке барчу жолдун абалын айтып, нааразычылыктарын билдиришкенин жазган.

Алардын айтымында, быйыл элетке барчу жолдун 4 чакырымы жасалмак, бирок ал да аткарылган жок.

«Жол шифер, арык болуп калды. Айыл тургундары бул жол аркылуу байма-бай катташканынан улам унаалары тез эле бузулуп калат. Жылда эле жол жасалат деп сөз беришет, бирок сөзүнө турушпайт», — деген айыл аксакалы Үсөнкул Эгизбаев.

«Бизде коомдук унаа деген жок. Ар ким өзүнүн унаасы менен каттайт. Жол начар болуп, унаа бузулат. Азыр унаа тетиктери да кымбат. Мисалы, менин аялым мугалим, район борборуна барып келип иштейт. Алган айлыгы ушу унаанын тетигине гана кетет», — деген айыл тургуну Адилет Шазада уулу.

Тургундардын айтымында, элет көл жээкке жакын жайгашкандыктан учурда эс алуучулар да арбын. Унаанын көптүгүнөн жол кырсыктары да көп катталууда.

Аталган айылга баруучу жолдун жалпы узундугу 14 чакырымды түзөт. Акыркы 10 жыл аралыгында жылда 1-2 чакырымдан жасалып отуруп, учурда 6 чакырымга жакыны жасала элек.

Бул жол Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги популярдуу курорттук мейманканалардын бирине алып барат.

Улуттук статистикалык комитеттин акыркы эл каттоо маалыматы боюнча, Боз-Бешик айылында 1383 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE