Пример HTML-страницы

Баткендин тургундары Зардалыга барчу жалгыз аяк жолго түшкөн шагылдарды тазалашты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткендин алыскы Зардалы айылына баруучу жолду жергиликтүүлөр ашар жолу менен тазалашты. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.

Маалыматка караганда, Зардалы айылына кеткен жалгыз аяк жолго жаандан улам таш, шагыл көчүп түшкөн. Мындан улам Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары чогулуп, ашар жолу менен 6 чакырым жолду тазалап чыгышты. Ошондой эле дарыядан өткөн көпүрөнүн астын бекемдешти.

  • Азыркы учурда бул айылда 53 кожолук, 230дан ашык тургун жашайт.

Ал эми Кара-Бак айылынын тургундары малын Зардалыга жайытка айдашат. Алдыда эгин талааларга өрүк бактарына көчүп баргандардын саны артат.

Баткен районунун Зардалы айылында айтылуу Жаңыл Мырзанын төркүндөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE