Пример HTML-страницы

Баткенде жаңы салынган жол бузулуп, аны курган ишкана кайра оңдоп жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа унаа жолунун бузулган бөлүгү оңдолду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош–Баткен–Раззаков жолунун узундугу 16 чакырым болгон Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа тилкесинин бузулган жерлери жолду курган курулуш компаниясы тарабынан оңдолду. Аталган жолдун курулушуна жыл айланбай жатып, айрым жерлери бузулуп кеткен. Бул боюнча видео, сүрөттөр соц тармактарга таркап, терс пикирлер айтылган.

Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа унаа жолун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишимдин негизинде курган. Келишимге ылайык жол 3 жылга чейин кепилдик мөөнөтүндө болот. Бул аралыкта жолдун бузулган жерлери аталган компания тарабынан калыбына келтирилери белгиленген.

Жолдун сапатын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» изилдөө институту көзөмөлдөгөн. Аталган жолго 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлгөн. Жолдун курулушунун негизги максаты, оор жүк ташуучу унаалардын облус борбору Баткен шаарын айланып өтүүсүнө шарт түзүү жана шаардагы унаа тыгындарын азайтуу болгон.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому 2024-жылы 15-февралда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Зайирбеков Рыскулбек Зайирбекович, түзүүчүлөрү катары Сарсеитов Зайырбек жана «Грант Холдинг» ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Ишкана шоссе жана унаа жолдорду куруу менен алектенет.

————————————————————————

Буга чейин 2023-жылдын июль айында Баткен районунда Баткен—Кара-Бак—Чоң-Талаа унаа жолун асфальттоо иштери уланып жатканы кабарланган. Бул жол Ош—Баткен—Раззаков айланма жолу болуп эсептелет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, буйрутмачы — Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол чарба департаменти, подрядчы — «Жагалмай» ЖЧКсы. Жумуш 2023-жылдын май айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин 11 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Жерине 20 техника алынып келинип, 50 жумушчу иш алып барууда. Мунун менен катар асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводу иштеп жатат. Ишти 2023-жылдын августунда бүтүрүү пландалууда.

Айрым маалыматтар боюнча, ишти каржылоого кеткен чыгым 140 млн сомду түзөт.

Иш жүрүп жаткан жолдун узундугу 16 чакырымды түзөт. Баткен шаарынын айланма жолунун (Ош—Баткен—Раззаков (мурдагы Исфана) 216-238 чакырым) курулушу бир нече жыл мурун башталган. Жол бир нече бөлүктөн турат.

2023-жылдын 18-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Баткен—Кара-Бак—Чоң-Талаа жана Ош—Раззаков 253 км —Миң-Өрүк унаа жолдорун капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө» №211 токтомуна кол койгон.

Жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Министрлер кабинетинин токтому менен «Жагалмай» ЖЧКсы Баткен—Кара-Бак—Чоң-Талаа жана Ош—Раззаков 253-чакырымы — Миң-Өрүк унаа жолдорун капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча башкы подрядчик болуп дайындалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине «Жагалмай» ЖЧКсынын коммерциялык сунушуна ылайык, капиталдык оңдоо боюнча келишим түзүү тапшырылды.

Баткен шаарынын айланма жолунун маршруту Кадамжай районунун «Развилка» постунан Чоң-Талаа жана Кара-Бак конуштары аркылуу андан ары Баткен шаарына барат. Аталган жол менен Тажикстан менен чектешкен ушул эле аталыштагы өткөрүү пункту жайгашкан Кызыл-Бел айылынан да өтүүгө болот.

Сөз болуп жаткан Развилка тилкеси. Баткен шаарына жетүү үчүн (сүрөттө солго бурулат) айдоочулар Развилка тилкесинен 15 чакырымды басып өтүшөт. Асфальт төшөлүп бүткөндөн кийин узундугу 25 чакырымды түзөт. Маршрут 10 чакырымга көбөйүп, адамдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE