Пример HTML-страницы

УЛУУ ИМАМ АБУ ХАНИФА РАХИМАХУЛЛА 

https://kyrgyzcha.site/?p=56410&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

УЛУУ ИМАМ АБУ ХАНИФА РАХИМАХУЛЛА

 

Аллах Таалага мактоолорду айтабыз. Жана Анын Элчисине салават-саламдар жолдойбуз.Аллахтын динин туура карманууга жана жашообузда анын эрежелери менен жүрүүгө буйрулганбыз. Аллах Таала өз дининин эрежелерин баяндоо үчүн кереметтүү Куран китебин түшүрдү. Андагы айдан ачык келген аяттар жана ал аяттардын ачыктамалары жалпы адамзатынын түшүнүүсүнө жеңил болгон Ислам дининин эрежелери камтылды. Ошондой эле Пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа саллам, өз жашоосунда бул диндин эрежелерин түшүндүрүп, иш жүзүндө да аткарып көргөзүп кетти.Бул дин ачык түшүнүктүү болсо да, илим ээлери жалпы мусулмандарга жеңил болуу үчүн кереметтүү Куран китебинен жана пайгамбарыбыздын хадистеринен өкүмдөрдү чыгарып, түшүндүрүү үчүн көптөгөн күчтөрүн жумшашты. Түнү-күнү илимди тереңдете окушуп уйкуларынан кечишти. Хадис изилдөөнү көздөп алыс-алыс жактарга сапар тартышты. Чындыгында бул илим – тоодой мээнеттерди сарптоого татыктуу эле.Мына ошол аалымдардын бири болгон, өмүрүн бул улуу илим менен өткөргөн жана мусулмандарга алтындан кымбат болгон Пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа салламдын, мурасын калтырып кеткен – ал улуу имам Абу Ханифа Нуъман ибн Сабит.Абу Ханифа, рахимахулла, өтө бай адамдардан болгон. Казынасында алтын күмүштөрдү жыйнап салбаса да, жаттаган илимдери жана жазылган китептери алтындан да кымбат болгон. Акылы тунук, өтө эстүү көптү түшүнгөн аалымдардан болгон. Аллах Таала Курандагы буйруктар жана Өзүнүн Элчисинин буйруктары жана өкүмдөрү пенделерге жетип, динди туура кармануулары үчүн, бул имамды жана да башка илим ээлерин элдердин динди кармануусуна себепкер кылды. Дүйнөнүн ар четинде бул имамдын илими окутулуп жана иш жүзүндө аткарылып келет. Бул анын калтырган мээнетине Аллах береке бергендигинин алааматы жана эмгегинин, кылган мээнетинин үзүрүн көрүүсүнүн белгиси. Бул калтырып кеткен илиминин себебинен, ага көптөгөн сооптор жазылуусун Аллахтан тилеп кетмекчибиз. Илими боюнча айтсаң, анда сөздөр айтылып бүтпөй, китептер жазылып толукталат эле.

Бирок биз бүгүн имам Абу Ханифанын илимин эмес, анын Аллахка болгон такыбалыгын, элдер менен болгон мамилесиндеги жана соода-сатыктагы чынчылдыгын кеп кылабыз.

 

ИБАДАТЫ ЖАНА ТАКЫБАЛЫГЫ

 

Абу Ханифа өтө такыбалык жана көп ибадатты аткаруу менен да элдин арасында белгилүү, атак-даңкка ээ болгон. Мусъир ибн Кидам айтат: “Бир түнү мечитке кирип калдым. Мечитте бир киши намаз окуп жатыптыр. Анын Куран окуганы мага аябай жакты. Угуп отурсам жети парага чейин окуду. Мен: өзүмчө азыр рүкүгө кететко деп ойлоп турдум. Бирок дагы намазын уланта окуй берди. Ошентип Курандын жарымын окуду да, рүкүгө кетпестен намазын улантып, Куранды окуй берди. Аягында ал бир рекетке Курандын баарын окуду. Намазын бүткөн соң, жанына барсам ал Абу Ханифа экен”.Абу Ханифа кээбир намаздарында Аллах Тааланын Китебиндеги: «Кыямат аларга убада кылынган күн. Кыямат улуу жана оор күн», — деген аятын түнү бою таң аткыча ыйлап окуп чыгат эле.Яхйа ибн Наср айтат: “Кээ бир Рамазан айларында Абу Ханифа Куранды алтымыш жолу баштан аяк толугу менен окуп чыгат эле”.Абдулла ибн Мубарак айтат: “Мен Куфа шаарына келдим. Андагы адамдардан: бул шаарда эң такыба адам ким деп сурасам, “Абу Ханифа”- деп жооп беришти”.

Язиид ибн Харуун айтат: “Мен миңдеген далай устаздардан илим алдым. Аллахка ант болсун! Устаздарымдын ичинен Абу Ханифадай такыбараак устазды көрбөдүм”.

 

СООДА-САТЫКТА БОЛГОН ЧЫНЧЫЛДЫГЫ

 

Абу Ханифа колунда бар, бай үй-бүлөдө чоңойгон. Анын атасы жана чоң-атасы соодагерлерден болгон. Кездеме менен соода кылышкан. Алардын соодасы Абу Ханифага мурас болуп калган. Ал учурда илимге кирише элек учуру болгон эле. Бир канча убакыттан кийин илимге киришип, аалымдардын илимий сабактарына көп катыша баштаган. Бирок ошол учурда да соодасын таштаган эмес. Айтылышына караганда, анда соодадагы бирге иштешкен шериги болгон. Качан Абу Ханифа илим изденип кеткенде, анын шериги соодасын жүргүзө берген. Ал соодасында аманатуулуктун жана кечире билүүнүн жогору даражадагы сыпаттарына ээ болгон. Аллах аны сараңдыктан сактаган. Аны көпчүлүк соодагерлер Абу Бакр Сыддык, радыяллаху анхуга, окшотушчу.Ал соодасында өз кирешесин ойлоп, эч кимден арзан баада амалкөйлүк менен сатып алган эмес. Күндөрдүн биринде бир аял жибектен тигилген кийимди Абу Ханифага сатууга көтөрүп келет. Абу Ханифа баасын сураганда, “жүз”- деп айтат. Анда Абу Ханифа:- Бул кийим жүздөн да кымбат. Баасын жогорулат,- деп айтат.

— Анда эки жүз.

— Баасын жогорулат. Бул кийим андан да кымбат.

— Анда үч жүз.

— Баасын жогорулат. Андан да кымбат.

— Анда төрт жүз.

— Баасын жогорулат. Андан да кымбат.

Ошондо аял: Сен мени шылдыңдап жатасынбы?! – деп соодасын токтотот. Анда Абу Ханифа:

— Кел анда башка киши баасын коюп берсин – деп бир кишини алып келет. Ал киши эч соодалашпай эле аялдын жибек кийимин беш жүзгө сатып алып кетет.Качан Абу Ханифа соодасына шектүү акчалар кошулуп калса же бир акчадан күмөндөнүп калса, анда ал акчаларды алган эмес же баарын садака кылып таратып салган.Күндөрдүн биринде Абу Ханифа өзүнүн шериги Хафс ибн Абду Рохманды кербенге кошуп кездемени сатууга жөнөтүп жатып: “Бул кездемелерде бир аз айыбы бар. Эгер кимге сатсаң да, сөзсүз айыбын айтып саткын”- деп айтып жөнөтөт. Ошентип Хафс кербен менен кетип, кездемелердин баарын сатып келет. Абу Ханифа ага айтып жөнөткөн сөзүн сурайт: булардын айыбын айтып саттыңбы?- Хафс болсо – аттиң, эсимден чыкканын кара! – деп жооп берет. Ошондо Хафстын кимге саткандыгы белгисиз болгондуктан, Абу Ханифа ошол кездеменен түшкөн 30,000 ге жакын дирхамдын баарын садака кылып таратып жиберет. Себеби ал акчалар арам акча болбосо деле, бирок шектүү болгондуктан, такыбалыгы себептүү өзүнө алып калган эмес.Ал соодасынан тапкан кирешелерин бир жыл бою сактап жыйган. Жыйылган кирешелерди устаздарынын жана хадис изилденген аалымдардын муктаждыктарын, азык-түлүктөрүн жана кийим-кечелерин сатып алып берген. Калган акчаларын алардын колуна берип, мындай деп айткан: “Бул акчаларды алыңыздар жана муктаждыгыңыздарга иштетиңиздер. Жана Аллахты гана мактаңыздар. Мен өзүмдүн мал-мүлкүмдөн эчтеме берген жокмун. Мен болгону Аллах мага берген пазилетин сиздер менен бөлүшүп жатамын”.

 

ЫКЛАСТУУЛУГУ ЖАНА КИЧИПЕЙИЛДҮҮЛҮГҮ

 

Абу Ханифа акыйкатты изилдөөдө ар бир маселеде ыкластуулук менен мамиле кылган. Канчалык илимдин жогору даражасына жетсе да, өзүнүн илимий изилдөөлөрүн Аллахтын астында шексиз эң туура, чыныгы акыйкат деп эсептеген эмес. Бирок ал илимий маселелерди изилденүүдө жана чыгарган чечимдери жөнүндө мындай деп айткан: “Биз айткан сөзүбүз (фатваларыбыз) – ал болгону бир пикир. Жана ал колубуздан келген мээнеттердин эң жакшы жыйынтыгы. Эгер ким болсо да, биз айткан сөздөрүбүздөн жакшыраак бир ой-пикир менен келсе, анда ал Аллахтын алдында бизден туурараак болот”.Күндөрдүн биринде Абу Ханифага бир киши: “Сиз бизге бул чыгарган чыгарган чечимдериңиз шексиз жана эң туура”- деп айтат. Аны уккан Абу Ханифа мындай деп жооп берет: “Аллахка ант болсун! Мен билбеймин. Балким ачык ката болушу да мүмкүн”.Ал акыйкатты изилденүүдөгү ыкластуулугу жогору болгондуктан, канчалаган мээнеттеринен кийин да, маселе талашкан атаандашы да Пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа салламдын, туурараак хадистерин же сахабанын ойун далил катары алып келсе, эч арсар абалында калбастан өз ойунан кайткан. Ислам аалымдарынын көпчүлүгү да бир ойду карманып, башка пикирлерге эшикти жаап салган эмес. Эгер туурараак пикир болсо, эч экиленбей туура пикирди алышкан.

 

ООР БАСЫМДУУЛУГУ

 

Абу Ханифа өзүн кармай билген, оор басырыктуу болгон. Ага уруш сөздөр жана айыптаган дооматтар болсо да, ачуусун тышка чыгарбай жөнөкөй, тынчтанган абалда жообун кайтарган.Аны менен талашып тартышкан бир киши ага: Эй бидъатчы, акмак! – деп жийиркеничтүү сөздөрү менен жемелеп тилдейт. Абу Ханифа ага мындай деп жооп берет: “Аллах менин жана сенин да күнөөлөрүңдү кечирсин. Аллах менден сен айткандын тетири жагын Өзү жакшы билет. Мен Аны билгенден бери, эч кимге теңебедим. Мен Анын кечиримин гана үмүт кыламын жана Анын азабынан гана коркомун”- деп, Аллахтын азабын эстеген кезде көзүнө жаш алып ыйлап жиберет.Башир ибн Яхйа айтат: Абдулла ибн Мубарак айтканын уктум: “Абу Ханифадан өткөн оор басырыктуу, кулк-мүнөздүү адамды көргөн жокмун. Күндөрдүн биринде мечитте анын сабагында олтурганбыз. Бир замат мечиттин шыбынан жылан Абу Ханифанын сандарына түшүп калат. Ал сандарын силкип жыланды жерге түшүрөт да, колуна алып эшике ыргытып салат. Биз ал маалда баарыбыз мечиттен качып чыккан болчубуз”.

 

ААЛЫМДАРДЫН АГА АЙТКАН МАКТОО СӨЗДӨРҮ

 

Имам Шаафиъйдин устазы Вакииъ ибн Жаррах, рахимахулла, айтат: “Абу Ханифа жогорку аманаткөйлүктө болгон. Аллах Тааланын ыраазылыгын бардык нерседен жогору койгон».Имам Шаафиъй айтат: Имам Малик ибн Анастан адамдар мындай деп сурашат: Сиз Абу Ханифаны көрдүңүз беле жана аны менен маселе талашып калдыңыз беле? Анда имам Маалик: “Ооба, мен ушундай бир кишини көрдүм, мына бул таштан болгон устунду көрүп, бул устун алтындан болгон деп талашса, анда далилдерди айта берип, атаандашын отургузуп салмак”- деп жооп берген.Имам Шаафиъй айтат: “Эгер ким сахих хадисти кааласа, анда Мааликтин илимине түшсүн. Эгер кимде-ким талашып-тартышуунун илимин үйрөнгүсү келсе, анда Абу Ханифанын илимин үйрөнсүн. Ким тафсир илимин үйрөнгүсү келсе, анда Мукотил ибн Сулаймандан үйрөнсүн”. Шаафиъй башка сөзүндө мындай деп айтчу эле: “Ким фикх илимин тереңдетип окууну кааласа, анда Абу Ханифанын илимин окусун. Аны Аллах фикх илиминде улуу бир даражага жеткирген”.Имам Ахмад ибн Ханбал айтат: “Абу Ханифа илимден, такыбалыктан жана акыретти артык көрүүдө эч ким жете албаган бир даражада болгон. Падыша Мансур казылыкка дайындаганда, Абу Ханифа баш тартканынан, камчы менен бир канча жолу сабалат. Катуу кордук көрсө да, өзүнүн жолунан кайтпайт. Аллах аны ырайымына алсын жана Өзү андан ыраазы болсун!”Абу Бакр Марвази айтат: Имам Ахмад өз сөзүндө мындай деп айтат: “Абу Ханифа Куранды жаратылган (махлук) деп айткан сөзү бизге тастыкталып келген эмес. (Абу Ханифа эч качан Куранды махлук жаратылган деп айткан эмес). Анда мен: “Аллахка мактоолор болсун! Абу Ханифа илимдин жогорку даражасына жеткен экен да ээ? – деп айттым. Имам Ахмад мага мындай деп жооп берди: “Субханалла! Ал илимден да, такыбалыктан да жана акыретти артык көрүүдө да жогорку даражада болгон”.Аллахым баарыбызды залкар аалымдардай такыбаалардан кылсын!Исламидин

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE