Пример HTML-страницы

Ак-суулук дыйкандардын сугат суусуна тоскоолдук жараткан тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын тургундары 100 гектар эгин талаасына сугат суу жеткире албай, убара тартып жатышканын айтып, Turmush басылмасына кайрылышкан.

Бул боюнча Каракол шаарынын №1 муниципалдык аймак башкармалыгынын башчысы Арзымат Эдиков маалымат берди.

Анын айтымында, учурда М-5 каналын бойлой жайгашкан тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ал эми арыкты курчап алган 4 тургунга 2 күн ичинде кашаларын алууга убакыт берилди.

«Бул канал калаанын карамагындагы Пржевальск жана Набережный көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, суу Бөрү-Баш айылына тиешелүү Арал талаасына барат. Буга чейин суу көп келип, каналды алып кеткендиктен тургундар дыйкандарга жардам кылып, өздөрүнүн жер тилкесинен арык беришкен. Бул учурга чейин эки тарап түшүнүү менен эле арык тазалап келгенбиз. Шаардын Набережная жана Фадеев көчөлөрүнүн тургундарына дыйкандар сугат суусун сүрүүгө тоскоолдук жаратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — дейт Арзымат Эдиков.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Бөрү-Баш айылынын 50гө чукул тургуну сугат суунун жетпей жатышына Каракол шаарынын тургундарын айыптап жатышканын жазган.

«Бул жакта арыктарды мыйзамсыз жаап алышкан. Учурда айдап себүү иштери башталды. Ушуга чара көрүп, арык тазалоого жардам берүүнү өтүнүп, 2024-жылдын 15-мартында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Далиевге, Каракол шаарынын вице-мэри Н.Турсунбековго, Ысык-Көл облустук суу ресурстарын башкаруу мекемесинин жетекчиси У.Баялиевге кат жибергенбиз. Бугүнкү күнгө чейин жооп жок. Бул жерде жашаган тургундар арыктарды жаап алышкан. Азыр тазаланбаса, жайында суусуз калабыз», — деген Бөрү-Баш айылынын тургуну Марсел Асанбеков.

Каракол шаарынын Набережный жана Фадеев көчөсүнүн тургундары менен Бөрү-Баш айылынын тургундарынын ортосунда 10 жылдан бери арык маселеси боюнча пикир келишпестиктер уланып кетет.

«Каракол суусунан М-5 каналына суу бөлүнөт. Ошол суу биздин Арал деген талаага барат. Ал жакта 100 гектар дан эгиндери бар. Бул жерден 300 литр суу бөлүнсө, бул арык менен жеткиче 50 литр гана суу барат. Эгер суу көп келип, тургундардын үйүн каптаса, жаап салышат. Анткени бул жактагы тургундар арыкка таштанды төгүп, мончонун септигин ушул арыкка таштап салышкан. Алар арыкка кептелип тыгылат. Анан биз талаада суусу жок отурабыз. Суу сүргөнгө да мүмкүнчүлүк беришпейт. Анткени мыйзамсыз тосуп алышкан. Биз жылаңач арык менен сойлоп өтүп, таштанды тазалап суу сүрөбүз. Ушул маселени карап, тиешелүү органдарга тапшырма беришсе жакшы болмок», — деген Бөрү-Баш айылынын тургуну Сабыржан Аляхунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE