Пример HTML-страницы

Кайненемдин кызганычы сүйүүбүздү талкалады

https://kyrgyzcha.site/?p=56413&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайненемдин кызганычы сүйүүбүздү талкалады

 

 

 

Жашоодо окшош окуялар абдан кѳп. Түркүн тагдырларды кѳргѳндѳ кино ушундан улам жараларын же кинону туурап отуруп тагдырлар талкаланарын ажырата албай да калабыз. Кундуздун тагдыры деле бир аялдын башкалардан анчейин айырмалана бербеген тагдыры сыяктанат. Бирок, бул баян башка түгѳйлѳрдүн жашоосу ушул сыяктуу жайрап калышын алдын алса экен деген ойдобуз.

«Каардуу кайнене»

Адилет экѳѳбүз бир жыл сынашып жүргѳн соң турмуш жолуна бирге аттандык. Чынында мен ага абдан ишендим. Эркек катары чечкиндүүлүгүн баалачумун. Дагы кѳптѳгѳн мыкты сапаттарын санап ата-энемди ынандырдым да, 4-курсумда турмушка чыгып кеттим. Абдан бактылуу, телегейи тегиз жашоо баштадык. Жаңы бүлѳгѳ окшобой бардаштуу турмуш күттүк. Себеби кайненем жалгыз баласын жалгыз бой чоңойтуп, ал үчүн бардык шарттарды түзүптүр. Адилет атасы тууралуу эч нерсе билчү эмес. Апасы экѳѳ ал кенедейинде ажырашып кетип, кийин такыр катташпаптыр. Атасына болгон таарынычы күч эле. Ошол себептен ал үчүн талылуу болгон бул темада мен да кеп козгогон эмесмин. Бир билгеним, апасы Адилет үчүн, Адилет апасы үчүн жанын берүүгѳ даяр эле.

Окууга барып келип үй иштери менен алекмин. Адилет күн бою жумушта. Кайненем канча жылдан бери иштетип келген тигүү цехине кѳңүлү тарткан кезде барып кѳзѳмѳл кылып коёт. Башка убакта кааласа конокко барат, кааласа конок чакырат. Кыскасы жашоосу ханышаныкындай эле. Тилекке каршы экѳѳбүздүн ыркыбыз келишпей калды. Эмнеден жаздым, эмнем жакпайт деп тынчсызданып, бул үчүн катуу кайгырдым. Апабыздын кѳңүлүн табуу үчүн Адилет экѳѳбүз тең кабатырланып, жагалданчу болдук. Кѳп учурда Адилет мени күнѳѳлѳп, бирде урушуп кетсек, бирде ага жакшы мамиле кылып коюшумду суранат. Сабактан келсем кабагын карыш салып алдымдан чыгат, чайга чакырсам келбейт. Кепке тартсам сүйлѳшкүсү келбейт кагат же какшыктайт. Мейличи деп сабагымды окуп отуруп алсам анымды да жактырбай, тийишкен кептерди айтат. Кечинде баласы келери менен башкача болуп кубулуп, мени атымдан чакырбай эркелетип калат. Бирок үчѳѳбүз тамак ичип отурганда менин жакшы келин болбой атканымды ага күлүп-жайнап туруп гана айтып коёт. Анан Адилет мени жалгыздап суракка алат. Башында жолдошума болгонун айта берчүмүн.

Бирок урушубуз кѳбѳйүп кетип атканынан унчукпай койгон адат тапкам. Же анымды бири билбейт. Ортодо күнѳѳлү болуп чыга берүүдѳн тажадым. Чынын айтайын, ай ѳтпѳй ушундай жашоодон кѳрѳ бойдок жүргѳнүм артык эле деп бармак тиштедим. Кайненемдин айла түгѳткѳн аракеттерин мен да амалкѳйлүк менен анализдей баштадым. Кѳрсѳ анын дарты – уулуна болгон ашынган сүйүүсү, аны кызгануусу экен. Ѳмүр бою жалгыз ѳзүнѳ энчилеп, кѳзүн карап жашаган баласынын аял алып, ага да кѳңүл буруусу кайненемдин тынчтыгын бузуп жаткан экен. Анык сырын билбегени менен Адилет деле апасынын обу жок чыргоолуктарына чыдабай кетти. Мурдагыдай мени күнѳѳлѳп жатып калбай апасына унчукпай коюу менен кутулат. Мени актап ийбегени менен ачылып сүйлѳбѳй, тескери карап уктап кыжаалат кылат. Айтор бир күн ынтымакта болсок, эки күн ыркыбыз келишей жашачу болдук.

«Ажырашууга жеткирген чек»

Ушинтип жүрүп уулубуз да жарыкка келди. Башыбызга баш кошулуп, бактылуубуз. Бул арада мен кайненемдин бүт сырын билип, мени каралоого кылган аракеттерин алдын алып калгам. Мисалы, баягысындай Адилетке мени шыбап «түштѳ жакшы тамак ичкен жокмун» деп баштаганда ошол эле жерден күндүз кандай тамак кылганымды, бүтпѳгѳн иштер кеп болсо күн бою эмне менен алектенгенимди айтып, ѳз чындыгым үчүн күрѳшүүнү үйрѳнгѳм. Мындай аракетим кайненемдин каарын ого бетер күчѳтүп, тим эле ачуусун бүркүп чыгат. Адилет болсо ордунан туруп телевизорго кадалат да калат. Анын кутулуу жолу жалгыз ушул. Наристелүү болгон соң Адилеттин мага деген камкордугу, сүйүүсү артты. Мен бул үчүн чындыгында аябай ыраазы элем. Түнү туруп карашып, жуунтушуп, жардамын аябайт. Ушундай бактылуу ирмемдерибизде баягы эле кайненем кѳзгѳ чыккан тирсектей болуп кѳңүлүбүздү ѳйкѳгѳн бир маселе жаратып турганы турган. Адилет уулун кармап отуруп калса «баланы катын карачу эле» дейт, жуунтушса «эркекке окшобогон бир жан болдуң, таштек кармап» деп чыгат. Жолдошумдун уулубуз экѳѳбүзгѳ кѳңүл буруусун байкаса эле ооруган бир жерин айтып чыгат. Кыскасы балам үчѳѳбүз, айрыкча жолдошум экѳѳбүз бул үйдүн ичинде бири-бирибизге жакындасак эле маселе жаралат. Бири-бирибизге жолобосок тынч жашайбыз. Эгер урушуп кетсек – кайненем үчүн бүл кубаныч болуп саналат.

 

3Кээде Адилеттин апасы экѳѳбүздүн ортобузда кыжаалат болуп, кимибизге тартарын билбей кыйналган абалын кѳргѳндѳ ага боорум ооручу. Аны аяп, ѳзүм үчүн эмес Адилет үчүн ыйлаган күндѳрүм болду. Акыркы кезде ал да ачууга алдырып апасына үнүн бийик чыгарып, эшикти тарс жаап чыгып кеткен адат тапкан. Андайда кайненем мага ач айкырык менен асылып, артымдан калбай ээрчип алып урушат. Бирде кечирим сурап, бирде чындыкты айтып кѳшѳрүп жүрдүм. Кээде ызама чыдабай ыйласам, кээде элүүдѳн ашкан акыл-эстүү эле аялдын ушундай кылыктарына таң калып, ѳзүн башкара албаган аракеттерине күлѳм. Баарынан таң калганым кайненем мындай ызы-чууну Адилет экѳѳбүзгѳ эле кѳрсѳтѳт да, сырткаркы бир да адамга байкатпайт. Керек болсо мени ата-энеме, бир туугандарыма мактайт, Адилеттин достору келсе мага жалынып кайрылып калганычы. Конокторуна уул-келини үчүн дагы деле иштеп жүргѳнүн, мени окутуп, Адилеттин ишине жардам кылып атканын айтып, ѳзүн аябай камкор эне кѳрсѳтѳт. Сырттан караган адам үчүн бизден ынтымактуу бүлѳ жоктой эле кылып салат.

 

Бир күнү кайненем кечки тамакта белинен буулган миң сомдукту стол үстүнѳ коюп: «балам, үй-бүлѳ багам деп жүрүп куурадың. Таңда кетесиң, кечте келесиң. Бир эс алчы. Үйгѳ келип да балаңдан колуң бошобойт. Мен сени минтип бирѳѳгѳ кул болсун деп ѳстүргѳн эмесмин. Ал сенин балаң болсо, сен менин баламсың» деп, дагы далай кептерин айтып баласына үч күндүк эс алуу сунуштады.

 

Чынында Адилет эс алса жараша тургандай иштечү. Анысына деле каршылыгым жок эле. Аны кетирип коюп үч күн катары менен арты артынан конок чакырып, мага уйку кѳрсѳткѳн жок. Баарын атайын кылып жатканын билсем да «бар жашоомо шүгүр дейин» деп үн чыгарбай кызматын кылдым. Ушундан кийин кайненем Адилет үчүн ушундай сюрприздерди уштурууну адат кылды. Мурда эсеп-чотко так, акчага бек болсо эми Адилетке акчаны уучтап карматчу болду. Бирок бир да эс алууга балам экѳѳбүздү кошпойт. Баарын биз кошулбагандай кылып уюштурат. Деги эле менин аны менен кошо барышыма мүмкүнчүлүк бербейт. Мунун баары мени таарынтты, ыза кылды. Адилет башында белектерди жашырып берип, эркелетип турса кийин жалгыз сайрандаганга ал да кѳндү.

 

4Түнү келбей баштаган кезде ачык каршылык кѳрсѳтүп, акчасын, керек болсо машинасынын документин, паспортун катып алган күндѳрүм болду. Андагы уруштарды айтпаңыз. Үчѳѳбүзү үч жерде кыйкырып, үйүбүздүн кутун кетирдик. Кайненем менен мынча тирешкен келин болом деп такыр ойлогон эмес элем. Бирок ушундай жашоого аргасыз болдум. Акыры күйѳѳм менен кайненемдин ортосунда киши катары саналбай, үй кызматчынын гана кызматын аткарып калганымды сезгенде тѳркүнүмѳ кетип калдым.

 

«Аялдын чырагы кырк»

 

Сот менен толук ажырашууга чейин бир топ убакыт кетти. Адилет «жаңылдым, жаздым» деп кѳп келди. Уулум экѳѳбүздүн батирибизде болуп, сонун күндѳрдү ѳткѳрдүк. Ушундан пайда болгон үмүт менен бир-эки ирет кайтып барып кайненем менен мурдагыдан жаман кѳңүл калышууларга туш болдум. Аягында сынган аяк кайра канча аракет кылган менен бүтүн болбосун билдим да чечкиндүү түрдѳ чекит койдум. Менин тагдырым ата-энем үчүн оор сокку болду. Айрыкча апам «жалгыз бой аялды жаман кептен башка эч нерсе ээрчибейт.

 

Турмушка чык. Аялдын чырагы кырк, экинчи жерден бактылуу болуп кетерсиң» деп кѳп айтты. Апамдын минтишине бир чети Адилеттин тынч албай кайрыла бергени да себеп болду окшойт. Ошентип уулум үчкѳ чыккан жылы буга чейин үйлѳнѳ элек жигитке турмушка чыктым. Биринчи турмушумда акылым аз, сезимге мас болсом, бул жолу бир грамм сезимим жок, баарын акылга салып чечтим. Чынын айтуум керек, жолдошумдун апасы жок экени менин ага макул болушумдун негизги себеби болду. Атасы башка тууганынын колунда экен. Намаз окуган, ыймандуу инсанга баш байлоо туура кадам болот деп ишендим. Никебиз кыйылган соң жолдошум ѳзү сунуштап уулумду ѳзүнѳ каттатып алды. Адилетке кебетеси да, кул-мүнѳзү да окшош балам эски турмушумду эсимден чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ичтен эзилген кыйын күндѳр болду. Бул күйѳѳм баарын сезип турса да жараны тырмабаган терең ойлуу, ар нерсеге сабырдуу мамиле кылган оор басырык адам. Чынында жашообуздун уланып кетүүсүнѳ менин эмес анын салымы чоң болду. Жашоодо шундай айкѳл, кѳтѳрүмдүү, пейили кѳлдѳй адамдар болоруна таң калып келем. Баарын аялдан кѳрүп, «аял жакшы – эр жакшы» дей берген деле кээде туура эмес болуп калат экен. Бул жолдошум мага ушундай таасир калтырат.

 

Менин тунумду кошкондо үч балабыз бар. Балдарыма ушундай камкор ата буюрган Кудайга чексиз ыраазымын.

«Жагымсыз жолугушуу»

Былтыр ушул маалда үйүбүздүн жанындагы дүкѳндүн ижарага берилерин билип калдык. Алып иштетүүгѳ бел байлап, толук оңдоп-түзѳѳгѳ кириштик. Жолдошум усталарды алып келген күнү иштин жүрүшү кандай болуп атканына кызыгып балдарым менен чыккам. Дүкѳндун алды жагында темир ширетип жаткан адам кѳзүмѳ жылуу учурады. Бир аз жакындай бергенимде Адилет экенин таанып, бутум шилтѳѳгѳ келбей катып калдым. Ошол эле маалда ал мени кѳрбѳсѳ экен деп жаным чыгып кетти. Кѳрсѳ эле кармап калчудай шарт бурулуп, балдарымды дегдеңдете жетелеп үйгѳ келдим. Кѳргѳн кѳзүмѳ ишенбей ошол кыска ирмемди кайра-кайра кайталап эстеп, Адилет экенине ынанбай турдум. Эзели чачы ѳсүп жүргѳнгѳ чыдабаган, үтүктѳлбѳгѳн кийим кийбеген Адилеттин кара жумушчу болуп калганы чындык экен. Намысым жол бербесе да, жүрѳгүм түтпѳй эски таанышыма чалып болгон чындыкты уктум. Кѳрсѳ мен кеткен соң Адилет баягысындай эле шапар тээп, сайрандап жүрүптүр. Качан менин турмушка чыгып кеткенимди билген соң апасына нааразы болуп, биротоло үйгѳ токтобой, ишин да таштап ичип кеткен экен. Апасы жашоосун оңдогонго аракет кылган менен майнап болбоптур. Баарын угуп, бул үчүн ѳзүмдү күнѳѳлѳп далай ыйладым. Мен Адилетти чын сезим менен сүйгѳм. Кѳз ачып кѳргѳн жарым, түбѳлүк бирге болсок деп баш байлаган түгѳйүм эле. Бирок башка эмес энесинин бузукулугу биздин сүйүүбүз кыйратып, тагдырын талкан кылды. Ошондон кийин дүкѳндүн жасалгасы бүткѳнгѳ чейин ал жакка бир кадам таштабадым. Жолдошума ар шылтоону айтып үйгѳ камалдым. Анын айтымында ишти Адилет ѳнѳктѳшү менен толук аяктаптыр. Бирок күндѳ майда акча сурап, алганын ичкиликке жумшагандарын айтып капа болду. Болбосо колунан баары келген, тактыгы бар жакшы адам экен деп кейиди. Менин жүрѳгүм тилинип турду.

Жарым жыл ѳтсѳ да Адилеттин акыбалы менин тынчымды алып туруп алды. Аны ушундай абалга келтирген энесин бир кѳргүм келди. Табалаган сыяктанбайын деп ѳзүмдү токтотконума карабай, ал аялга бир бет келип себебин билүүнү чечтим. Жан адамга билгизбей баягы эски даректи акмалап бардым. Кайненем түшкѳ жуук таштанды кѳтѳрүп сыртка чыкты.

 

Жек кѳрүүм ташып, терс бурулуп кетким келип турса да алдынан тосо чыктым. Учурашпай туруп баарын түшүнүшүп алгандай болдук. Таштандысын ыргытып келип обочодогу дүкѳндүн далдоосуна бардык. Ишенесизби, кѳрүшкѳндѳн коштошуп кеткенге чейин бир сѳз сүйлѳбѳдүм.. Ыйлап угуп, ыйлап кете бердим. Кайненем баары үчүн ѳкүнѳрүн айтып, кайталап кечирим сурады. «Шайтан азгырып сени жек кѳрүптүрмүн. Канча кыз таап үйлѳнтѳ албай койдум. Сени айтып гана туруп алды. Сапырылган акчалар баламдын түбүнѳ жетти. Арагынан айыктыра албай жүрсѳм, эми баңги сайынып баштаганын айтып атышат. Үйгѳ түнѳгѳндү койду. Досторуна кайтартып коюп эле сыртынан карап калдым. Алым жетпей калды. Карызыбыз чачтан кѳп…» деп ыйлайт. Ага жолугуп жеңилдебей эле жүрѳгүмѳ оору жүктѳ келгендей болдум. Бул оору эч качан айыкпайт сыяктанат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE