Пример HTML-страницы

Улуу Жибек Жолундагы байыркы шаар — азыркы айыл

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районунун Көл-Төр айылы байыркы Улуу жибек жолунда жайгашкан. Айылдын тарыхы тууралуу жергиликтүү тургун Жанарбек Өмүракунов айтып берди.

Ал тарыхый маалыматтарга караганда Көл-Төр айылы 10-12-кылымдарда Улуу жибек жолундагы убактылуу сепилдин милдетин, кербен сарайдын ролун аткарып турганын билдирди.

«Кезинде айылдан 1 чакырым алыста шаар болгон. Кийин 1926-1929-жылдары отурукташа баштаган эл Кара-Көлдүн жээгине жайгашкан. Анткени алар малыбыз саздан оттойт, сууну Кара-Көлдөн ичебиз, көң чаап алабыз дешкен. Алгач тургундар айылдын аталышын ар кандай аташкан. Элдик жыйындарда Корумду, Анги-Сай жана башка аталыштарды сунушташкан.

1929-жылы Көл-Төр айылы болуп түптөлүп, эл отурукташа баштаган. Айыл менен чогуу Анги-Сай башталгыч мектеби түптөлүп, ал жерде ар кыл курактагы 13 бала окуган. Алгачкы мугалимдер Муса Байөмүров, Тазек Досумбаев болгон экен. 1933-жылы «Кызыл-Бирикме» колхозу уюшулуп, аны Мамыт Карымбай уулу жетектеген. Айылдын аталышы Көл-Төр жайлоосу, Көл-Төр көлүнүн атынан улам аталып калганы белгилүү. Көл жайлоодо жайгашып, өзүнчө эле керемет жер.

Аксакалдардын айтымында, айылда 2 уруудан тараган эл жашайт. Биринчиси катаган, экинчиси сарт уруусу. Азыркы күндө айылда 225 түтүн же 1 миңден ашуун адам жашайт», — деди Өмүракунов.

Ал эми айыл аксакалдары Көл-Төр айылы байыркы Улуу Жибек жолундагы шаар болгонун айтышты. Кийинчерээк айылдан карапа идиштер, шаардын калдыктары табылган.

Көл-Төр айылы Ысык-Көлдүн түштүк-батыш тарабында, райондун борборунан (Бөкөнбаев) 30 чакырым алыста, ал эми Балыкчы шаарынан 74 чакырым алыста тоонун боорунда орун алган. Айыл эли мал чарба менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE