Пример HTML-страницы

“ЛЯ ИЛЯХА ИЛЛЯЛЛАХУ” КЕЛИМЕСИНИН ШАРТТАРЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=57358&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЛЯ ИЛЯХА ИЛЛЯЛЛАХУ” (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок) КЕЛИМЕСИНИН ШАРТТАРЫ

 

3- ШАРТ: ЫКЛАС

 

Туура ниет аркылуу ширктин бардык түрлөрүнөн ибадатты тазалоо. Анын карама-каршысы: ширк жана рия.

 

🌱 Аллах Таала айтат: “Көңүл бургула! Таза дин Аллахка гана таандык!” (Куран, аз-Зумар 39:3)

 

{أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ}

 

🌱 Дагы айтты: “Алар Аллахка ханиф абалында, динди таза тутуп сыйынууга, намаздарды орундоого, зекет берүүгө гана буюрулган эле. Мына бул – туура дин” (Куран, аль-Баййина 98:5)

 

{وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ}

 

🌱 Абу Хурайрадан риваят Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Акыр Кыямат күнүн менин шапаатым себептүү эң бактылуу болгон адам – Ля иляха илляЛляху келимесин жүрөгүндөгү (же дилиндеги) ыкласы менен айткан адам” (Бухари: 99)

 

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِي يَوْمَ القِيَامَةِ، مَنْ قَالَ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ (أو نفسه)

 

🌱 Ъитбан ибн Малик Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылды: “Аллахтын Жүзүнө умтулуп Ля иляха илляЛляху келимесин айткан кишиге – Аллах Тозокту арам кылды” (Бухари: 425; Муслим: 33)

 

عن عتبان بن مالك رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم: إن الله حرم على النار من قال لا إله إلا الله يبتغي بذلك وجه الله عز وجل

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE