Пример HTML-страницы

Аксыдагы күзөт кызматкерлеринин өздүк эсебине ашыкча акча түшүп баштаган. Жетекчинин жашыруун иши

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushИчки иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Жалал-Абад облусунун Аксы райондук бөлүмүнүн мурунку башчысына 600 миң сом айып салынды.

Айыпталуучу Илгиз (аты өзгөртүлдү, Н.И.М.) Аксы районунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү, 6 баласы бар, жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес. ИИМдин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Илгиз ИИМдин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп туруп, финансылык чарба иштерин жана кадрдык иштерин жетектеп, кол астында иштеген кызматкерлерине акча каражаты которулбашы керек экенин билип туруп, кызмат абалынан пайдаланган. Ал Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 22-апрелиндеги №414 (күчүн жоготкон) жана 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 666 буйругунун негизинде бекитилген «Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан бош убактысында ыктыярдуу негизде коргоо кызматтарын көрсөтүү жөнүндө» жобонун 20-пунктунун талаптарын одоно түрдө бузган.

2021-жылдын март айынан 2022-жылдын апрель айына чейинки мөөнөттө Аксы районунун күзөт бөлүмүндө иштеп турган кызматкерлердин банктык карталарына (өздүк эсебине) өзү түзүп берген тизменин же ооз эки буйругунун негизинде эмгек акыларынан сырткары ай сайын акча каражаттарды бухгалтерия аркылуу мыйзамсыз которгон. Бул тууралуу буйруктарга, тийиштүү ведомосторго жана төлөө тапшырмаларына кол коюп, кызматкерлердин банк карталарына түшкөн акча каражаттарды ушул эле күзөт бөлүмүндө иштеген Д.А. менен С.Ж. аркылуу кайра өзүнө чогултуп алып жүргөн. Айыпталуучунун кылмыштуу аракетинен улам мамлекетке 2 млн 188 миң 582 сом зыян келтирилген.

Биринчи инстанция сотунун соттук отурумунда суралган күбөлөр Илгиз Аксы райондук күзөт бөлүмүнө жетекчи болуп келгенден тартып, банктык картасына кошумча акча түшө баштаганын, Аксы райондук командир взводу Д.А. ашыкча түшкөн акчаны «Начальникке берем» деп чогултуп жүргөнүн көрсөтүшкөн.

Ал Аксы райондук сотунун 2023-жылдын 3-февралындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 1 000 000 сом айып салынган.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 21-августундагы өкүмү менен Аксы райондук сотунун 2023-жылдын 3-февралындагы өкүмү ѳзгѳртүүсүз, ал эми айыпталуучунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

Соттолгон Илгиз кассациялык инстанциянын соттук отурумунда кассациялык даттануусун өзгөртүп, азыркы учурда эч жерде иштебей жана үй-бүлөлүү болгондугуна байланыштуу биринчи жана апелляциялык инстанция соттору тарабынан белгилеген жазаны төмөндөтүп берүүнү сураган.

Жыйынтыгында Жогорку соттун токтому менен Илгиз тууралуу Аксы райондук сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмдөрү өзгөртүлдү.

Ага дайындалган жаза 6 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 600 000 сомго чейин төмөндөтүлдү. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE