Пример HTML-страницы

Эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери окуя болгон жерде жолугушат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбей турганын белгилешти.

Ошону менен катар эртең, 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, окуяны жеринде териштирүү макулдашылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу курал колдонулган окуя катталганын билдирген.

Саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын жарандарын — чабандарды байкашкан. Чабандар Кыргызстандын аймагында мамлекеттик чек арадан 250-300 метр өтүп мал жайып жүрүшкөн.

«Чабандар чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан кетүү талабын четке кагышкан. Ал тургай чек арачыларга таш ыргытышкан. Чабандардын бири чек арачыларга 2-3 жолу ок аткан. Ал эми чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан, андан кийин чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен. Чек арачылар жабыркаган эмес.

Такталбаган маалымат боюнча чабандардын бири бутунан жаракат алган. Бирок ал кайсы жерде жана качан жаракат алганы белгисиз. Себеби Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракаттын сүрөтүн гана көрсөтүштү.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугары күтүлүүдө», — дейт Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE