Пример HTML-страницы

 “Жолдошум мени таштап кетти»

https://kyrgyzcha.site/?p=56379&preview=true Кызыктуу окуялар.

Айжан: Кызымдын башкадан экени 13 жылдан соӊ билинди

 

“Жолдошум мени таштап кетти»

…Жолдошум Мелис менен таанышканда 21 жаштагы турмуштун ачуу-таттуусун тата элек ишенчээк кыз элем.Мен үчүн ал кезде жашоо түстүү боёк менен боёлгондой сезилчү.Жигитим экөөбүз баш кошуп, ата-эненин колдоосу менен үй-жай күтүп жашап калдык.Жашообуз жакшы башталды.Башка жаш жубайлардай болуп батирлеп, айлыктан-айлыкка тыйын санап куураган жокпуз.Күйөөм бир туугандары менен биргеликте шаарда азык-түлүк саткан дүкөндөрдү иштетчү.Мен болсо жогорку окуу жайда студент элем.Бир жылдан кийин балканактай уул төрөп, окуумду таштап үйдө отуруп калдым.Мен үчүн ал кезде үйдө бала багып, жолдошума түрлөп тамак жасап жумушунан тосуп алгандан өткөн бакыт жок эле.Бир нерседен кем эмесмин, үйүм үстүмдө, казаным астымда, жолдошум көзүмдү карап турат, балам бар.Уулумдун буту там-туң баскан кезде экинчи ирет кош бойлуу болдум.Күйөөм айткандай менин милдетим — бала төрөп үй-жайды күтүү болгондуктан экинчи ирет төрөп балдарым менен алышып калдым.

Турмуш курганыбызга алты жыл болду.Баары ойдогудай жакшы болчу. Кээде эле Мелис товар келгенде өткөрүп алыш керек болуп жумушунан кармалып калбаса, убагында үйгө келчү.Ынтымактуу жашообуздагы жарака жетинчи жылы пайда болду.Бир күнү күйөөм иштен кеч келди, кайда жүргөнүн сураганымча эле олуттуу себеп айтканына ишенип калдым.Бирок мындай кеч келүүлөрү кийин таңга жуук келмейге алмашты.Мүнөзү да өзгөрүп бараткандай.Үйгө тургусу келбей болбогон бир шылтоону айтып кетет.Үйдө болсо болор-болбос нерсеге ачууланып, балдарына мурдакыдай мээрим төкпөй ачуулуу болуп баратты.Кыскасы, сөлөкөтү үйдө болгону менен ой-санаасы такыр башка жакта.Анын мүнөзүндөгү чукул өзгөрүү экөөбүздүн ортобуздагы мамилени да муздатты.Ага мурдакыдай батынып эркелей албай, үйдөгү маселелерди айтып сүйлөшө албай калдым.

 

Ортодогу дубал улам бийиктеп, калыңдап бараткансыйт.Ичимен күйөөмдүн мындай мамилесине ыза болуп, ал жокто далай таңды уктабай көз жаш менен атырам.

 

Мелис акыркы жолу үйгө келгенде кызуу экен.Мурда-кийин деле ичип келгендиктен бул нерсеге маани берген жокмун.Мен үчүн эң жагымсызы — андан бөлөк аялдын атырынын жыты келип турду.Койнума жылан сойлоп киргенсип бүткөн боюм ичиркенип чыйрыга түштүм.Буга чейинки түн катып кетип, мен көзүнө суук көрүнүп калганымдын себеби көрсө башка аялда экен да.Ишенесизби, ушул үйдө түн түнөбөй эки баламды жетелеп чыгып кетким келди.Бирок “төшөгүңө карап бутуңду сун” дегендей эки балам менен мени ким сүйөт?Кимдин үйүнө барып жаман көрүнөм?Бир туугандарымды бир баштан көз алдыман өткөрүп чыктым.Үч баласы менен батирде жашаган эжеме барамбы?Же беш баласы менен күйөөсүнүн көзүн карап жашаган сиңдиме барып баш калкалаймбы?Оорукчан апамды багып аткан байкемдин үстүнө ашка жүк башка жүк болоюнбу?Аргасыздык, күйөөмдүн теңсинбеген көпкөлөң мамилеси мени муунтуп турду.Бирок күчүмдү көз жашыман чыгаргандан башка колуман эч нерсе келген жок.Аял болгондон кийин эки бала үчүн чыдашым керек, барып-барып оңолот деп өзүмдү жубаттым.Тилекке каршы күйөөм мен үмүт кылгандай оңолуп кеткен жок.Тескерисинче, көп өтпөй “башканы сүйүп калдым, ансыз мага жашоо кызыксыз” деди.Кызык, ушинтип эле эки ооз соз менен буга чейинки жашообузду, ортодогу эки баланын келечегин чийип салса болобу? Басынганыма, керексиз буюмдай четке ыргытылганыма чыдабай кыйкырып ыйлап аттым.Менин мындай кабыл аларыма даяр беле же ушундай болорун күткөнбү, күйөөм үнсүз кийимдерин чогултту дагы үйдөн чыгып кетти.

Көңүлүмдү жубаткан адамга жолуктум”

Күйөөмдүн чыккынчылыгын абдан оор кабыл алдым.Көпкө чейин өзүмө келе албай, өз өмүрүмө кол салгым да келип жүрдү.Бирок уулдарымды ойлогондо аргасыз андан ары жашоону улаш керек экенин мойнума алдым.“Үй силерге калсын, балдарга каралашып турам” деген күйөөмдүн сөзүнө ишенип болбойт эле.Анткени ал балдарынан кабар албай 2-3 айлап жоголуп кеткен учурлары көп болчу.Жогорку билимим болбогондон кийин алыма жараша кара жумуш издеп баштадым.

 

Башында идиш жуугуч, үй жыйнай турган, бала карай турган иштерди жасап жарыбаган тыйын алып жүрсөм, кийин курбумдун жардамы менен тигүү цехине орноштум.Убактылуу кыйналганым менен бара-бара кыздарга аралашып, жумуштун көзүн таап иштеп кеттим.Мурдакыдай түнт мүнөзүм жок болуп ачыла баштадым.Бири-бирибизди тамашалап, эрмектеп атып иш күнубүз шаңдуу өтчү.Цехти иштеткен Болот аттуу байке башка тигүүчүлөрдөн мага басым жасап, көбүрөөк көңүл бурар эле.Анысын башында агалык мамиле катары кабыл алып жүрдүм.Бирок эркимен тышкары эмнегедир ага тартылып, аны менен сүйлөшкүм келет.Эркек аттуудан үшүп калган жүрөгүм анын мээримдүү көз карашынан жылынгансыйт.Аны менен кайрадан ишенгенди, күлгөндү, жашоону сүйгөндү үйрөндүм.Көп өтпөй экөөбүздүн жылуу мамилебиз тереңдеп кетти.Эсиме келип, эмне үчүн азгырылдым, эмнеге этегимди башка эркекке ачтым деген суроолор менен өзүмдү-өзүм жеп аткан учурда “Күнөөлүмүүн, балдарым үчүн кечир! Экинчи мындай жолго баспайм!” деп күйөөм келиптир.Тигиниси жеңил ойлуу неме экенин, менин тырмагыма да тең келбесин айтып чөгөлөп кечирим сурады.Эки анжы абалда калдым.Күнөөсүн кечиргидей мен деле анын алдында абийирим таза эмес го? Жаңылса жаңылгандыр, азгырылса азгырылгандыр.Тескери жолго түшүш бат эле экен го дейм өзүм менен өзүм сүйлөшүп.Ичимдеги бороон-чапкын менен алышып атып акыры ортодо балдар тургандан кийин ата-энемдин, кайын журтумдун сөзүн четке кага албай күйөөмдү кабыл алып, кайрадан бүлө болуп жашап калдык.

Кош бойлуу экенмин”

Ажырашып, кайра табышкан жубайлардын жашоосун жаракасы бар идишке салыштырар элем.Колдоно да албайсың, ыргытып да ийбейсиң.Мелис экөөбүздүн тиричилигибиз дал ушундай өтүп атты.Ага мурдакыдай үзүлүп- түшкөнгө көп аракет кылдым, бирок мага мурда жасаган мамилесин, чыккынчылыгын эстегенде жазылып келаткан боюм жыйырыла түшөт.Анын алдында өзүмдүн жаза басып кетирген күнөөмдү эстесем ого бетер ичим оттой жанып, жанына тура албай кетем.Бул жарашуудан бир гана уулдарыма пайда болгонсуйт.Мурдакыдай чүнчүбөй күлкүлөрү чыгып, атасына каалагандай эркелеп, оюна келгенин саттырып алып жыргап атышты.Балдарымдын бейпил турмушун көрүп баарына кол шилтедим дагы буга чейинки күндөрүмдү унутканга аракет калдым.

 

Мелис менин иштешимди каалаган жок, бир чети өзүм деле Болот байке менен бет келишүүнү каалабай жумуштан чыгып кеттим.Мурдакыдай үй тиричилигине аралашып жүрүп бир күнү өзүмдү жаман сезип калдым.Айызым да кечигип атканынан көп маани бербей жүрсөм, эми чыгынып доктурга көрүнмөй болдум.Башкасын күтсөм да мындай бурулушту күткөн эмесмин.Кош бойлуу экенимди билгенде сүйүнөрүмдү же күйүнөрүмдү билбей нес абалда калдым.Күйөөм менен элдешкен, ага чейинки күндөрдү эсептесем баланын атасы башка экени даана билинип турду.Баарын эсимен чыгарып салып, мурдакы жашоомо кайтып барам деген аракетим текке кетти.Анткени унутам деген адамды мүнөт сайын эстете турган бейкүнөө жан курсагымда жаткан эле.Жолдошум боюмда бар экенине жетине албай сүйүндү.Менин сезимим түшүнүксүз…кайсы күнү кылган ишим бетиме чыгат деп кыйпычыктап, ар бир күнүмдү санаа менен өткөрүп жүрүп аман-эсен кыз төрөдүм.Кудай жалгап кызым өзүмө окшош экен.Кылган ишимен кабары жок күйөөм эки уулдан кийин төрөлгөн кызды өпкө-жүрөгүн чаап жалынып жакшы көрүп өстүрдү.Мен болсо чоңойгон сайын кызымды аңдыйм.Балким сырттан караган кишиге билинбестир, бирок кээ бирде көзүнүн ирмегени, ууртунан жылмайганы мага Болот байкени эсиме салып турат.Мелис менин мүнөзүмдөгү жумшарууну кыздуу болгонубузга байлап жүргөндүр.Бирок мен күйөөмдүн алдындагы найза бойлогус күнөөмдү сезип, менин кылганымдын алдында анын чыккынчылыгы шоона эшпей калганын мойнума эбак алган элем.

“Кырсык сырымды сыртка чыгарды”

Балким башыбызга келген кырсык болбогондо жабылуу казан жабылуу бойдон калат беле.Кызым Бермет 13 жашка чыкканда үй-бүлөбүз менен жол кырсыгына кабылдык.Бир күнү кайнежем конокко чакырды.Эки баламды үйгө калтырып, кызым менен жөнөп калдык.Коноктон чыгып атканда кызым унаанын астына отурам деп суранганынан макул болгонбуз.Үйгө жетерде күтүүсүздөн алдыбыздан катуу ылдамдыкта унаа атып чыкты.Күйөөм андан качам деп каршы тилкедеги мамыга урунду.Ызы-чуу болуп унаадан сыртка чыктык.Жолдошум экөөбуз жеңил жараат алганыбыз менен кызым оор абалда ооруканага түштү.Кырсык кандай, кимдин күнөөсү менен болгонун териштирүүгө чамабыз келген жок.

 

Анткени Берметтин абалы оор болуп, көп кан жоготкондуктан чымындай жанын алып калуу үчүн чуркап жүрдүк. “Тез арада кан куюу керек” деген дарыгердин сөзүнөн улам күйөөм, балдарым болуп кан тапшырдык.Чынын айтсам, кызымдын атасы башка экени ал убакта эсиме келген жок.Качан гана күйөөмдүн, менин, балдарымдын каны кызымдыкына дал келбегенде мээге чапкандай болдум.Төртүнчү терс топтогу канды табуу тозоктой сезилди.Бир да донор таппаганда аргасыз кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүм Болот байкени издедим.Берметтин өзүнүн кызы экенин угуп кандай абалда калды билбейм, бирок менин суранычымдан баш тартпай тымызын келип кан берип кетти.Жандандыруу бөлүмүндө бир жума жаткан кызым акырындык менен өзүнө келе баштады.Мелис эч нерсени түшүнбөй эле калды.Бирок ачык сүйлөшүүгө да чакырган жок.Эми кызым жакшы болуп, үйгө чыкканда кандын тобу дал келбестигин ага кантип түшүндүрөрүмдү, ортодо сөз ырбап отуруп абийирим ачылып, турмушум экинчи ирет бузуларын ойлосом заманам куурулат.Кандай кылсам? Болгонун болгондой айтып берип кечирим сурасамбы?Андай болгон күндө деле башкадан төрөп, тымызын ага бактырганымды кечире коёбу?Алдыда мени кандай жаза күтүп турат? Баары ачыкка чыкса кызыма атасы башка экенин кантип туура түшүндүрөм?Бой жетип келаткан балдарымдын бетин кантип карайм?Айтор кантип деген суроого жооп таба албай беймазамын.Мени туура түшүнүп, жол көрсөтө турган кеңеш берүүңүздөрдү суранам?!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE