Пример HTML-страницы

Дамира

https://kyrgyzcha.site/?p=55954&preview=true Кызыктуу окуялар.

Боз үйдүн ичинде ыйлап отурган Дамираны көрүп боорум ооруса, кылган кылыгын көрүп кыжырым келет. Адамга болгон сайын болсун дейт тура. Бир убакта телегейи тегиз болгон Дамира шүгүр кылганды билбей жүрүп бир күндө баарынан кол жууп каларын билбеди. Өзү финансы окуу жайын бүтүп турмушка чыкты, күйөөсү да аябай табышкер эле, жаш туруп эки кабат үйүн бүтүрүп алды.

Эки уул, бир кыздуу болду. Бирок эң эле ач көз   болуп алды, 1990-91чи жылдары, эл кыйналып турган мезгилде акчаны %ке бергенди жумуш кылып алды. Миңине 300 берет, кыйналгандар ала берчү. Берген кишида алган кишида күнөөлүү болорун билсе да алышчу. Дамирага атасы көп жардам берчү, мал сатып акчасын берчү, апасы дайыма каршы болуп турчу. Ошол бирөөгө берген акчасы үстөгү менен келгени менен ичи ооруп берери, бирөөнүн көз жашы эле. Бир жаш келин батиринин акчасын төлөй албай алган экен, береринде бере албай жатам десе, үйүнө кирип алып кетейин десе колго илинер эч нерсеси жок. Жаңы төрөп баласына каляска апкелишкен экен, баласын колуна карматып каляскасын сүйрөп чыкса уялганымдан жерге кирип кетейин дегем. Байкуш жаш келин көзүнүн жашын көлдөтүп кала берди. Ушинтип канча кишини ыйлатты экен, акыры өзү өксүп отурат. Үйүн бүтүрдү, эки машинасы бар, жакшы кийинет.

 

Көз карашы да өзгөрдү, биз менен чай ичишпей калган. Базарда иштеген дос кызына акча берип аяктан да үстөгү менен ала турган болуп алыптыр. Иштебей эле үйдө отуруп алып, эртең менен таратып кетет экен кечинде үстөгү менен акчасын жыйнап бир күндө эле 5-7мин тапканы мени да кызыктырды. Мен да апама айтып кеңешсем болбой койду. “Ал акчаны кыйналган киши алат, кайра ичи ооруп берет, алба да бербе” деди. Дамира ошентип жүрүп үйлөнө элек баласына үч бөлмөлүү үй алып ичин толтуруп койду, кызга сеп бергендей. Экинчи баласына деп жер алды. Бир күнү үйүнө чайга чакырып калды, чайга отуруп кызыма сеп даярдап койдум дегени кызык болду, кызы 7-класста окуйт.

 

Бир чоң бөлмөдө муздаткыч, кир жуучу машина, тамак жасоочу меш, тирелип жыйылган жууркандар, шырдак, килемдер, идиштердин түрү, аябай таң калдым. Бизге апалар ушинтип чогултушчу эле азыр акчаң болсо бир күндө даярдап койосуң. Сүйүнүп көрсөтүп жатса эмне дейм, сонун экен деп кетип калдым. Бир күнү күйөөсү эки баласы менен балыка барып келе жатып дөңгөлөгү чыгып кетип, жол кырсыгынан  каза болушту. Бир күндө үч кишиден айрылуу эң эле оор жоготуу болду. Дамира оң канатынан айрылгандай эле болду, кайгысын тең бөлүшкөн болуп жанында жүрсөк да жүрөктүн жарасын айыктыра албайт экенбиз. Күндөн-күнгө чөгүп баратты, кызың бар кызың үчүн жаша деп кайрат айтабыз. Убакыт өткөн сайын өзү да чыйралып калды, күйөөсүнөн эки баласына өзү буйуртма берип эстелик тургузду. Өлгөндүн өз шору дегендей, тирүүлүктө күн артынан күн уланып өтө берди. Жалгыз карманаары бир кызы калды. Баягыдай эле базарга акча берет, чогултуп алат, эч кимди укпай жүрдү. Акча көп кармап көнүп калган неме уккусу да келбейт. Бир күнү жаман кабар келди кызы уктаган бойдон турбай каза болуп калыптыр эч жери ооручу эмес.

 

Ботодой боздоп, жер чапчып жерге берди, бул да болсо кудайдын сыноосу болду окшойт. Эмне деп кайрат айтышты да билбей турдум. Ким үчүн жашайм? Эмнеге жашайм деп бизди кошо ыйлатты. Бозоргон тамда жалгыз калды, дүнүйө деп жашаган Дамира үчүн бардык эшик жабылгандай болду. Эл оозунда элек жок дегендей ар ким ар кандай сөз кылып жатты. Кээ бирөө аяп боору ооруса, кээ бирөө “акча берчү, сүт акыныкы жаман болот, көзүн май басып кудайды тааныбай калган” деп табасы канып жатты. Соолуган гүлдөй болуп соолуп баратты. Баарына кайыл болуп, ичтеги күйүтүн арак менен баса турган болду. Кечинде үйгө келе жатсам кызуу экен үйүнө жеткирип бардым. Эшиктин алдына отуруп алып үйгө киргим келбейт деп боздосо кошо ыйладым. Кызына да үй алып, ичине алып койгон эмеректерин жеткирип салыптыр. Ушунча дүнүйөнү жыйнап алып бир тыйынга татыбай турду. Канча адамдын гүлү болгон көңүлүн оорутуп жүргөн Дамира эми түшүндү, бирок кеч болуп калды. Эртеси кечке жумушта ошол күн эсимен кетпей жүрдүм. Түшкү тамакта отуруп чогуу иштеген эжеге айтып берип жаткам. Карасам ойу башка жакта, эже угуп атасызбы десем, и я? — деп кайра сурайт. Эмне болдуңуз кайда учуп жүрөсүз дедим? Үшкүрүп алып сөз баштады кайнсиңдиси бир баладан бойунда болуп калыптыр, жакында төрөйт, эмне кылышты билбей кыжалатмын, жолдошум билбейт деди.

 

Кечөө эле Дамираны “бала багып ал” деп жаткам. Асмандан издегеним жерден табылып сүйүнүп кеттим. Дамирага айтсам жок деп эле болбойт. Эжесине барып айтсам дароо макул болду, эки жумадан кийин төрөлдү. Баланы алып келер күнү апасы, эжеси келип үйүндө болушту. Эки жолдош келин менен алма бак жак менен кирип эшигине таштап кеттик.

 

Чалып чакырганда билмексен болуп барып калдык, биринчи макул болбой жатып кийин көндү. Баарын бүтүрүп багып алды, кийин ушу сен эле кылдың деп жүрдү. Жашоонун жарыгы жангандай Дамира да өзүнө келип баласы үчүн эмне кыларын билбей калат. Карыз акча алгандар акчасын алып барса баарын кечти. Эч качан үстөгү менен акча бербеңиз да албаңыз арты жаман болоруна бир мисал. Андан көрө карызга бериңиз ошо берекелүү болот. Адамдын ордун акча тургуза албайт. Акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес, акча адамдын түбүнө жетип койуп жатат. Аман болуңуз окурманым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE