Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 4 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 4 болум

 

— Агасынын көңүлүн табуу үчүн ар кандай кылыкка барат да иниси, кабатыр болбо дедим го?

— Болуптур, ал эми бир көргөн түштөй өтүп кетти, сабак окуйлу.

— Мага ошол кыздын турпатын эле айтып берсең, — деп Мырза ага асылып туруп алды, — Кандай кыз эле?

— Кымча бел, — Акберди ошол күнү көргөн кызды көз алдына келтирип алды, — Көздөрү анча чоң эмес, бирок капкара каректери көзүңдү тайгылтат, тармал кара чачтары кашына окшошуп кадимки цыган кыздарын элестетет, бирок кыргыз кыз экенин көрүнүп турат, жүзү аппак, бирок кабагы бүркөө…

— Сүрөтүн тартып берейинби?

— Кийген көйнөгү такымынан ылдый, элик шыйрак… — Акберди куду көрүп тургандай отуруп айта берди, — Ооздору бөйтөйүп кыпкызыл, көзүн ылдый кылса кирпиги төгүлөт…

— Романтик болуп кеттиң го? — Мырза аны саамга карап туруп анан ордунан тура алакандарын жаный аны карап турду, — Махабат ай махабат, акылдууну акылсыз, акылсызды айбанга айландырган махабат, ушунчалык дагы сүйүп калууга болобу, мындайды башымдан өткөрбөгөнгө мен дагы таңгалып турам, бирок ушунчалык эле чөгүп кетүүңө жол бербейм! — деп ары-бери басты.

— Болду, баарын унут досум, мен эми аны ойлобогонго аракет кылам.

— Жо-ок, баары бир мен аны табам деп убада беремин!

— Жарайт-жарайт, албетте тапкын, мен дагы сага ишенейин, — Акберди күлүп жиберди, — Менин ишенген бир гана иним барына сыймыктанамын, — Экөө тең үнсүз үстөлгө отуруп китеп караганы менен ойлору башка жакта болуп жатты, алар ошол күнү бири-бирине ишеним артып турушту, бул достуктун жана бир туугандыктын бири-бирине болгон чыныгы ишеними, жана сыйы эле. Экөө эки башка окуу жайда окушса дагы ойлору бир жерде, бир күнү Мырза Айданек деген кыз менен бирге чыгып келе жаткан, алар көптөн бери жөн гана группалаш катары мамиледе болгону менен кыз Мырзаны чындап сүйүп калган болчу. Акберди болсо өзүнө жабышып жанаша басууга аракет кылган кыздарга дагы көңүл бурбайт, өзү менен өзү. Сезим Акбердинин көңүлүн бурдурууга канчалык далбастаганы менен ал ага карабайт дагы, ээн талаа эрме чөлдө жеп издеп кайкып учкан, карлыгач сымал отурса-турса дагы көз алдында, кайда карабасын суйкайган сулуу кыздын элеси турат. Бара-бара сабакка келсе-келет келбесе шаар ичиндеги троллейбус-автобустарга түшүп алып ага түшкөн элдердин арасын, аялдамаларды карап бул башынан тигил башына барып жүрө берчү болду, экзамендин кандай өткөнү ага кызыксыз дагы, келип эле баалары коюулап калат. Жайкы эс алууга чыгаар алдында Сезим:

— Акберди, быйыл эс алууга барасыңбы? — деп калды.

— Жок, эс алуу оюмда да жок.

— Кантип, эс албайсыңбы ээ?

— Эс алам өзүмчө, көлгө барам, паркка чыгып дегендей…

— Давай көлгө барсаң чогуу баралы.

— Эмне, сени мененби?

— Ооба, эмне экен?

— Жок, мен сени менен барбайм!

— Эмнеге? — Кыз ага таңгала карады.

— Жөн эле, мен кыздар менен бирге жүргөндү жаман көрөм.

— Эмне үчүн?

— Ошого.

— Акберди, сен жаш баладайсың, мүнөзүң дагы баладай, — Сезим анын маңдайына келди, — Сен сүйүп көрдүң беле?

— Жок, сүйүү деген эмне? — Акберди атайын аңкоолонду.

— Чын эле билбейсиңби?

— Ооба, айтсаң сен сүйдүң беле?

— Жинди! — Сезим ары карай басып барып кайра бери бурулду, — Акберди, эч качан кыз сүйүп көргөн эмессиңби? — Сезим аша жакын келди, — Айтчы, сүйүп көргөн жок белең?

— Жо-ок, — Акберди бурулуп кетти, — Мен сүйүп көргүм да келбейт Сезим.

— Эмнеге? — Сезим анын маңдайына өттү, — Сен үчүн күйүп бышып, мен деп күнү-түнү уйкудан калып, сенин бир сөзүңдү угууга зар болгон кыздардын тагдыры сен үчүн оюнчукпу? — Тике маңдайына келип жүзүнө жакындатты, акырындап бойлошуп ооздору-ооздоруна тийише баштаганда экөө тең демиге бири-биринин деп алышы, жүрөк кагышы угулуп көздөрү жумулуп бара жатты. Ошол кезде Сезим, анын оозуна жетип өрөпкөй өөп калганда ары жактан:

— Акта-ан! — деген Мырзанын үнү угулду эле экөө бөлүнө түштү, Мырза ага жете келди, — Кеттикпи агаим?

— Кеттик, кеттик, — Акберди шашыла унаасына басты.

— Ага, мен бир кызды таптым, бирок албы билбейм.

— Кайдан таптың?— Барып көрөбүз, кеттикпи?

— Кеттик, — Акберди унаасын айдап жөнөдү, — Кана кайда?

— Ак-Өргө жакка, эгерде ошол кыз болсо анда таптык.

— Ишенич жок, ал кыз эмес болсочу?

— Көрөбүз да акеси.

— Жарайт, бара көрөлү, — Экөө тең унчукпай калды. Ал Мелис сүйүп жүргөн Аруужаз деген кыз эле, кийинки кездери Мелистин келбей калганына кабатыр болуп ата-энесинин колунда жогуна арданып ыйлап алчу. Окуюн десе окуй албай, иштегенге көп суммадан акчасы жок, атасы оорукчан, апасы базарга чыгып эптеп күнүмдүк оокаттын таап келет, Аруужаз алардын жалгыз кызы, үч эркеги бар, инилери жаш, үйдөн манты, оромо жасап анан базарга жеткирип турат. Мелис менен таанышкандан кийин жакшы кийингенге аракет кылды, бирок күнүмдүк түшкөн акча эч нерсеге жете койбоду. Кыз бала каалагандай кийинип, каалагандай жүргүсү келгени менен анын намысы оорукчан атасын, күндөп-түндөп жаны тынбай камыр жууруп уйкудан калып манты оромо бышырып кайра таң ата базарга барып күйпүл күчүк болгон апасын аяп басып кете албады. Мелис канча жолу алардын үйүнө шынаарлап келип сүйлөшүп, далай жолу кафе ресторандарга чакырды, бирок ал болбоду, келбети келишкен, алдында машинасы бар жигиттин жанында өзүнүн жупуну кийими менен жүргөндөн уялды. Анын үстүнө бечаранын баласы бечарадай болуусу керек деген ойго бекип алган, өң келбети келишип жаңыдан бой жеткен кызы бар үйдү далай эле жигиттер шынаарлап, атайын гүл жөнөтүп сүйүүсүн арнагандар да жок эмес эле. Бирок ан сайын басынган кыз үйүнөн бир кадам чыкпай, оорукчан атасынын тамагын берип жанынан чыкпайт, үч иниси мектепке барбай калган, Аруужаз алтынчы класска чейин окуп анан окубай калган эле. Бир күнү күүгүм ченде Мелис келип телефон чалды, Аруужаздын колунда эски телефон бар, анын номерин алгачкы күнү эле алып алган Мелис, анын чалганын көрүп улам басып коюп жатканда эң кичүү иниси Бекзат колуна гүл алып, пакетке шоколад, торт көтөрүп кирип келди. Каным базардан келе элек болчу, Болот уктап жаткан, Бекзаттын артынан чоңураак эки иниси кирип туруп калды, анткени Аруужаз сөөмөйүн оозуна такап: «Атам ойгонот», — дегендей белги берген эле.

— Эже, сизге бул гүлдөрдү, тортту Мелис байке берди.

— Коюп кой, акырын отургула, мен азыр келем.

— Каякка барасыз? — деди өзүнөн кийинки иниси Акмат.

— Силер торт жеп, чай ичип отуруп тургула, апам келсе Сауленин үйүнө кетти дегиле макулбу? — деди да шашылыш чыгып кетти. Акмат улуураактык кылып Мирзат менен Бекзатка тортту кесип берип чай ичип анан жатып алышты, аларда телевизор дагы жок эле. Аруужаз эки жагын карана унаага жеткенде Мелис түшүп келип кызды сүйө учурашты.

— Аруужаз, эмнеге жолугуудан качасың?

— Мелис, менин оюмча биз өз-өз жолубуз менен кеткенибиз дурус…

— Эмнеге андай чечимге келдиң?

— Биз баары бир теңдеше албайбыз, сенин үй-бүлөөң мени каалабасын түшүнүп турам, — Кыз иймене карады, — Убара болгонуңду токтот, менин азыр жигит менен сүйлөшөөр абалым да жок, бечаранын жашоосуна киришпе демекмин Мелис, кош бол! — деп басып кете бермек болгондо Мелис аны колдон кармап калды.

— Неге мындай коштошуубуз керек Аруужаз, менин сүйүүм сен үчүн эчтекеге да арзыбайбы?

— Ушунубуз жакшы Мелис.

— Жо-ок, мындай болбойт, — Кыжырлуу жылмайып колун кайрып машинасына салаарда кыздын колу ооруганынан кыйкырган үнү чыгып кетти, аны жакын арада өтүп бара жаткан бирөө угуп кайрылып келе жатканда Мелис кызды кое берди, Аруужаз буту-бутуна тийбей жүгүрүп жөнөдү. Мелис аргасыз унчукпай калды, кийин бир канча жолу СМС жазды эле бир гана: «Мен сен үчүн жокмун, убара болбо», — деп жооп берип койгондон кийин унчукпай калган. Мырза менен Акберди акырындап айдап алардын үйүн акмалап кызды көрүүгө ашыгып унааны алыс коюп өздөрү эки башка адамдай үйдүн жанынан өтүп бара жаткан болуп Мырза:

— Үйдө ким ба-ар? — деп үн салды.

— Ким керек эле? — деп Аруужаз чыга калды, инилери күндүзү ойноп үйгө токтошпойт, — Кимди издеп жүрөсүздөр?

— Аа-а, менби, мен… — Мырза артын карады, көрсө өзүнөн ары жакта Акберди турган экен, — Аа-а, биз… биз бирөөнү издеп жүрдүк эле.

— Кимди? — Кыз бырс эте күлүп жиберди, анын ушул жупуну турушунда өзүнчө эле бир көркөмдүк, нукура кыргыз кызынын жүзү турган болчу, — Издеген адамдын аты кими? — деди жылмая карап, Мырза менен Акберди тилден калгандай бири-бирин карап ийин куушурушканда кыз ого бетер оштоно төрт салаасы менен оозун басып алып берилип күлүп жатты, анын күлгөнүн карап турган экөө бир кезде ага кошулуп күлүп киришти, саамга чейин күлүп жатып, анан Аруужаз мостое калганда алар дагы күлгөнүн токтото унчукпай калышты, — Деги сиздерге эмне керек эле, же аты, дареги жок адамды издеп жүрөсүздөрбү?

— Чоң кыз, биз чынында эле сизди издеп жүргөнбүз, — деп Мырза Акбердини карады, — Бул менин агам Акберди, а мен Мырза…

— Эмнеге, мени эмнеге издеп жүрөсүздөр? — Кыз көзүн алайта карады, ал Мелис жиберген экен деп ойлонуп жиберди, — Же бирөө жөнөттүбү?

— Жок-жок, ким жөнөтмөк эле, биз жай эле өтүп бара жатып сиз менен азилдешип калдык, — деди дагы деле Мырза.

— Кызык экен, эмесе менин убактым аз эле, сиздер өз жолуңуздар менен болуңуздар, — деп Аруужаз үйгө кирип кетмек болгондо:

— Чоң кыз атыңызды айтып коюңузчу, — деди Мырза шашыла.

— Атым Аруужаз, — деп ал жылмая карап коюп кирип кетти, ошол күнү Акбердинин жүрөгү элеп-желеп болуп улам кыздын кыймылы, көз карашы көз алдына тартылып: «Аруужаз, кандай жакшы ат, Аруу анан жаз деп жакшы койгон экен, мындай ат анын өзүнө дагы жарашып турат, кандай бактылуумун», — деп кыялданып көңүлү дагы куунак тартып таңкы чайга отурганда апасын кучактап өөп анан отурду, анын мындай кубанычтуу абалын алгач көргөн Тоту:

— Менин балам бүгүн башкача го Мырза, эмне болгон? — деди күлүп.

— Апа, ал бир токойдон жалгыз өскөн кооз гүл көрүптүр.

— Жаман эмес, уулум гүлгө суктаныптыр да ээ?

— Суктанып эле калбай үзүп алгысы келет, — Мырза күлмүңдөй көзүн кысканда Тоту кубана мээрим чача күлүп:

— Ыя де, уулум агаңа айтчы, ошол гүл жакса үзбөй алып келсин, — деди.

— Жарайт, — деп күлкүсүн араң тыйган Мырза Акбердиге кайрылды, — Ага, ошол гүлдүн бир жерине зыян келтирбей алып келсин дейт апам.

— Айтып кой, качан десе даярмын, — Акберди мостое карады.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE