Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 19-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 19-БОЛУМ

— Аялыңа айтпаган сырларыңды айт деп жатышат да. Жарганат кыздар,— деп калп эле түш айтымыш болуп,— кулагымды көндүрүп жүрбө деп дөөрүдүм. Берилип айтып жаткан күйөөм ачууланып, көз айнегин столго коюп сыртка чыгып кетпеди беле. Баягы төлгөчүнүн күйөөң сени таштап кетет дегени дайыма эсимде жүрчү. Кыйытпай тигил дүйнөгө кетет десе, бир мүнөт да жалгыз калтырбай, кайтарат элем го. Ошол төлгөчүнүн сөзүнөн кийин, бүт жан дилим менен аны жакшы көрө албай, баары жасалма деп ичимен арам оюм турар эле. Таштап кетет экен деп аны канча жек көрдүм. Төлгөчүгө эмне барам десең. “Кызыңды чакырып, эрге бер. Кайра жибербе, жаныңда болсун. Ден-соолугуңа кара. Келин балаңа күн салдырык кылганча, көтөрүп көргө салсын” деген байкушум ай. Балким өлөөрүн билдиби? Мени аяган тура. Билбейм, эмнеге мындай болуп кетти деп өзүн көп күнөөлөйт. Төркү үйгө чоң сүрөтүн илип алып, ар убак ал сүрөтү менен сүйлөшөт.

 

Кээде ачууланып кыйкырсаң, мен да кошо сенден ашып түшүп кыйкырчы элем. Ошондо унчукпай эле калсам эмне. Байкушум ай! Жүрөгүмдө калды, сен кечирсең да, тикиреңдеп айтышкандарым үчүн өзүмдү өзүм кечире албайм. Теңелбей, унчукпай күнөөлүү болуп олтуруп калчу элең. Аттиң! Минтип сыздап, тилимди тиштеп, күнөөлөрүмдү санап, арманым ашып-ташып калаарымды билсең керек го деп солкулдап алды. Анан кантсин ал ошондой асыл адам эмес беле. Канаты сынып, учалбаган өрдөктөй көлмөдө жалгыз калбадымбы. Мыскалга маркум күйөөнүн жакшы сапаттарын балдарына, элге айтып аны эскерип кадырын көтөрүп турган адам эле жакшы көрүнөт. Өзү да анын баардык жакшы сапаттарын эстеп уктабай жатып жүрүп уйкусун да бузуп алды. Кээде бакырып-өкүрүп, бөлмөсүндө ары бери чуркап буулуккан бугун чыгарып, чарчаганча өпкөлөп ыйлайт. Андайда Белек апасынын бөлмөсүнүн босогосун аттабай, баш багып эле, куйкасы куруша – Эмне болду эми? Сабыр кылбайсызбы? Биз күнөөлүүбүзбү, даана кызык экенсиз?Баланын жүрөгүн түшүрөсүз? Үйдө олтуруп, буулугуп, майда да болуп баратасыз. Иштеп кетпейсизби деп өгүздөй өкүрүп салды да тез эле бөлмөсүнө кетип калды. Баласы күйүтүн түшүнөбү? Маркум күйөөсү ”ошолорго күн салдырык кылбасын “деп туура айткан экен. Мыскалды баласы жаакка чуу деп чаап жибергендей эле болду. Үн жок, сөз жок бүрүшүп, төшөгүнө чүмкөнүп, кабыргасы ого бетер кайышып, күйбөгөн жери күл болуп жатты. Белек буга чейин апасынан кемчилик көргөн эмес, минтип кер-мур айткан да эмес. Майда болуп дегени аялынын айтканы да. Эне ороң-бараңдаган баласына нааразы болду. Бала күнүндө ойноп жүрүп ыйлап калса, ичип жаткан ашын таштап, аттап-буттап жетип, баласын тизесине кондуруп алып, өөп— жыттап, айланып кагылып сооротчу эмес беле. Белек деле баласына ошентет, бирок апасына андай боору оорубайт. Эмнеге?.

 

Бир ойчул айткан экен. “Ата-эне бала үчүн жашайт, а баласы өз баласын багуусу керек” деп. Бул орустар үчүн же батыштыктар үчүн айтылса керек деп ойлочу. Андай кыргыздарда болгон эмес да. А эгер ошол туура десе кийин, азыркы жаштарды карыганда аларды ким багат деп ойлонуп калат. Санаа адамды бат эле мөгдөтүп жиберет экен. Кечке чейин бакта жалгыздап олтура берет. Мыскалга жаккан бирден бир жер ушул парк. Анткени кечки тамактан кийин экөө ушул паркта ары-бери көпкө басышаар эле, өзгөчө жайында. Ушул жерден күйөөсүн күтөт. Анын жыты бул жерге сиңип калгансып, терең-терең дем алып алат. Үйдө болсо тумчугуп кетет. Асманды карап, жолдун эки жак бетине катар тигилген бактардын баштары бири-бирине тийишип, кээси асманды көтөрүп турса, кээси ылдый салаңдап, өзүнүн арманын угуп турушкандай сезет. Анан калса бул бак-дарактар күйөөсүн тааныйт эмеспи. Кудайдын куттуу күнү ал ушул жерден ушинтип күтөт. Мыскал эскерүүлөрүн айтса бактар да анын сөзүнө кошулушкандай маал-маалы менен шуудурашат. Башкалар унутса да асылымды бул парк унутпайт. Мен сыяктуу булар да жүрөгүнүн түпкүрүнө анын элесин сактап алышкан. Ал тыйын чычканга тамак берчү эле деп ошол тыйын чычканды издейт. Үйүндөгүлөргө күйөөсүн айтып баштаса эле: муну билебиз, жарым жылдан бери улам айта берип, жаттап калганбыз деп кагынышат. А бул бак-дарактар күнүгө айтсаң да угат. Анткени алар, аны барктайт деп ойлонот. Нары-бери басып, арманын уга турган жакшы, муңдуу, армандуу адам издейт. Бирок бул жерде жалаң телегейи тегиз адамдар эс алышат окшойт. Мыскалдын болор болбоско эле ыза болуп, күүлөнгөн комузга окшоп, көзүнүн жашы даяр турат. Тобо, чоң шаарда бейгам олтуруп, чер жазыша эскерип сүйлөшөөр адам жок деп да жашыды.

 

Баарынан маркумумду жерге бергени Таласка баргандагы батага келген туугандарынын тойго барчудай жалтырак, ак көйнөктөрдү кийип жасанып келгендерин көрүп, элдин табасы канып жаткандай сезип, аларга ачууланып, ыраса ыйлаган. Батага бараарда кийимди байкап кийген жакшы экен. Аны башыңа келмейинче түшүнбөйт экенсиң. Жумуштан чыгып, далай жолу эле куран окуткан жерге өзү деле барбады беле.

 

Кызына атасынын кетпе дегенин айтса да болбой койду. Кырк ашынан кийин кайра кетип калды деп ага да нааразыланат.

 

Уламдан улам суук күчөп кыш жакындап келатты.

 

Айсулуу эркек төрөп, төбөлөрү көккө жете сүйүнүштү. Бирок төрөтү оор болуп, догдурлар экинчи бала төрөгөнгө болбойт дешти. Булардын уруусу да ушундай экен. Атасы жалгыз, чоң атасы, баба, буба, кубасына чейин жалгыздан. Алар небереге бир аз алаксып калышты. Атын Салмоор коюшту. Бирок атаңарды сыйлап, бир жыл той тамашаны токтотолу, азалуубуз деп той беришкен жок.

 

Айсулуунун бели катканча деп кайнене жалаякты жууп, үй жыйнап, тамак жасап бүт жумушту мойнуна алып алды. Келини бөлмөсүнөн чыкпайт же баланы кайненесине бербейт. Доктурлар Мыскал апасын чоң сезгенүү болуп, (депрессия) нервтери бузулган, жакшы карагыла, тынч койгула деп дары берген. Аны ичип жүрөт. Айсулуу ошону көңүлүнө алып калган. Кокус баланы олдоксон кармап алабы деп коркот. Бирок кызыл эт кичинекей баланы киринткенден коркуп, кайненесине берип:

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE