Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш…6-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…6-бөлүм

 

Ангыча дениздин жээгине да келдик. Таксист деги созун бутургусу келбей машинадан тушсок да тушо калып суйлоп жатты. Мен тажагандай ары басып кеттим. Суйуктуум 5 минуттай кечигип аркамдан келди.

-Сен да медовый месяцтын образына кирип алдын го,-дедим кутконду жаман коргон жаным.

-Керектуу маалыматтарды албадымбы жаш жубайлар учун,-деди.

-Сага аябай жакты го.

Кулуп турган жерден ото токтоо боло калып:

-Мага тамашасы жок эле ошондой болсо кана. Жаш жубай болсок, эс алууга келсек, сен мендик гана болсон.

-А сен мендик,-дедим созун бутуруусун кутпой.

Оор ушкуруп алдык жараатыбызды козгоону каалабай тургандай. Ал колундагы багажын жакын арадагы кафеге коюп келгени кетти. Мен ал учурда кайрадан Мээримди келтирдим оюма.»Кантип эле жаны курула турчу уй булого тоскоол боло алат? Же мен алардын ортосундагы тоскоол болуп журомбу?» .

Дениздин жээгинде адам ото деле коп эмес. Сезон башталбаса да аба ырайы жакшы. Жай соккон шамал жузумду сылап,ансайын ойго батып турдум.

 

Ал унутууга аракет кылгандай чуркап келип мени так которду. Анын мойнунан катуу кучактап эч кимге ыраа корбой жаттым,эч бир жанга. Дениздин жээгиндеги кумга отура кеттик. Бул пейзаж мага мурда мынчалык кооз корунгон эмес болчу. Ал жанымда болгонгобу же жаздын келгенинеби, айтор ичимде тушундуро алгыс сезим мени бактылуу кылып турду.

-Арыктап кетипсин го жаным,-деди суйуктуум чачымдан сылай.

-Мурда толук белем?

-Мурда деле арык болчусун, бирок азыр ото арыктапсын.

-Коптон бери боорсок жебегенге го,-дедим жылмайып.

-Кардын ачтыбы?

-Жок, сени коруп эле тоюп турам.

-Сенден да ушундай созду угуучу кун бар экен оо Кудай,-деп кумга суналып жата кетти. Мен аны жон койбой кытыгылап баштадым.

-Жаным,азыр мен турбайын,-деди кулуп жатып.

-Кызганчаак сени, кытыгын коп экен.

Колумдан тартып мени да жерге жаткызды. Ийнине башымды коюп экообуз бул ааламда экенибизди унутуп кок асманды тиктеп,бир топко унсуз жата бердик.

 

Кечке чейин суунун анчалык ысык эмес экенине карабай суу кечип, жетелешип журдук.

-Биз кайда барабыз айтмакчы? Менин жанымда кийимдерим да жок. Же мен барып алып келсемби?-дедим бир убакта.

-Койчу жаным, менден бир минут да алыстабачы.

-Мен бул кийимдерим менен 3 кун журо беремби?

-Магазинден ала коебуз щетка-паста, бир-эки кийим. Аныста да кийим алганды жакшы коросун го,-деди жылмайып.

-Анда макул,-дедим кылыктанып.

 

Бир отельге бардык. Бронирование кылып койгон экен бир болмону. Кирип эле тан калып калдым.

-А эмне учун бир спальня ?-дедим эки козумду алайтып

-Мен эки адамдык дегем оз озунчо, тушунбой калса керек да,-деди каамырабай чемоданын гардеробдун жанына коюп жатып.

-Анда айт, бизге оз озунчо кровать беришсин.

-Ага мынча журогунду сыктын? Мен диванда деле жатып алам.

-Жок сен диванда жатпайсын.

-Макул анда сенин жанында жатам,-деди суйунгондой.

-Жок , мен антейин деген эмесмин. Хостеске чалалы, алып келишет оз озунчо кровать же башка болмого кочурот.

-Койчу жаным, аларга айт, анан 2 саатта проблеманы чечкенче коп убакыт отот. Андан коро тамактаналычы, кардым ачты.

 

Мен анын буюмдарын жайгаштырганча ал комнатага тамак заказ берип коюп майда-чуйдо сатып келгени маркетке чыкты. Тамак келгенче ал да келди. Сагынып калган боорсоктон башка эч нерсе жебей, анын тамак жешин карап отура бердим. Тамактанган сон ал душка кирип мен телевизор коруп отурдум. Устуно эч нерсе кийбей эле шымчан чыкты душтан. Мен артымды карап:

-Уяты жок десе, устуно бирдеме кий

Ал кулуп жатты:

-Эмнеге уялам?

-Дагы сурап коет,-дедим аны карабай.

-Макул, макул кийдим.

Бир футболка кийип бироосун мага сунду.

-Эмне кылайын?

-Сен да кийип ал. Баары бир пижаман жок.

-Жок мен ушундай эле.

-Сага ынгайлуу болбойт.

Футболкасын алып спальняга койдум да, колунан жетелеп балконго чыктым. Балкондогу креслого отуруп мени бутуна отургузуп кучактап отурдук.Шаардын жарыктары коз жоосун алып, бийик кабаттан бир топ сонун корунот экен.

-Дайыма ушул жакта калсак ээ?,-дедим жымжырттыкты бузуп.

-Эмнеге?,-деди мени карап.Мисалы жайлоодо да жашасак болот. Сен уй саап, мен мал багып.

-Мени уй тээп салат да.

-Анда мен саайм. Экообуз бири бирибизди карап каткырып кулдук.

-Мен отко тамак жасасам, окшошпой калса ,-дедим аны сынагандай карап.

-Окшошпосо да жей берем

-Жаным сени катуу сагындым,-деди чачымдан жыттап. Анын жыты ушунчалык жагымдуу болуп,аны бурулуп карадым. Мурдун менин мурдума тийгизип копко турдук жытыбызды биротоло эстеп калышыбыз керек сымал. Оозумдан опту. Мен каршылык корсотподум. Мага да жагып турду. Жакшы кургай элек чачынан сыладым. Ал мени которуп спальняга алып барды. Мени жай жаткызып мойнумдан назик ооп жатты. Анын жакындоосун каалап турсам да, баарына кайыл болуп андык болгум келип турсам да , мындай жолго барууну каалабадым.

-Жаным,дедим . Унум калтырап чыкты.

Ал жооп беруунун ордуна уланта берди.

-Суранам, мени кыйнабачы. Ал башын которуп козумо карады.

-Мен мындай жолго бара албайм,-дедим созумду улап.

-Билем,-деди оор улутунуп. Сени жакшы билем. Бирок, сенин жанында озумду кармай албай кеттим.

Мен унчукпай эле артымды карап жатып алдым.

Ал артымдан кучактап жатып:

-Футболканы кийип ал жок дегенде, ынгайсыз болуп уктай албайсын,-деп шыбырады. Унчукпай ордуман туруп, футболкасын алып ваннага кирип кеттим. Эшикти жабууга алым келбей колдорум титиреп жатты. Кирип эле ичим ичиме батпай ыйлап баштадым. Бир жагынан аны укпаса экен деп сууну шар агызып кузгуну карап тура бердим. Козумдон аккан жаш жузумду жууп жатты. Оюм мин турго болунуп экообуздун бирге болуубузга тоскоол болгон бардык адамдарды жек кордум.

 

-Жаным, баары жакшыбы?-деди эшикти тыкылдатып.

-Ооба,азыр чыгам ,-дедим унумду ондоп. Шаша буша кийимимди алмаштырып, бетимди муздак сууга жуудум.

Чыкканымда очурулбой калган телевизорду тиктеп ойлуу отуруптур. Болмонун жарыгы очук болсо да, телевизордун жарыгынан ыйлаганымды сезип калбасын деп аны карабаганга аракет кылып дароо эле жатып алдым. Копко унчукпай отурду, тек гана телевизордун уну угулуп жатты.

Бир убакта жымжырттыкты бузуп:

-Мага таарындынбы? ,-деди. Жооп бербедим.

-Кечирип койчу жаным. Айбанчылык кылыгым учун. Сени суйом. Жытынды, козунду, оозунду, турган турпатынды суйом. Озумду кармана албай калдым. Кааласан мен эртен эле кетейин,-деп жатканда ордумдан ыргып турдум. Аркасынан катуу кучактап ыйлап баштадым. Мындан ары жашырууга кучум жетпеди.Колумду бошотуп мени карады:

-Кичинекейим , эмнеге ыйлап жатасын?,-деди коз жашымды аарчып.

-Сенин эч кандай куноон жок. Мен да сендик болгум келет. Биз куноолуу эмеспиз,-деп мукактанып аран суйлоп бутуп аны караганымда козундо жаш толуп калыптыр. Эркек адамдын ыйлаганын омурумдо биринчи корушум. Токтоно албай ансайын козумдон жаш куюлуп жатты.

 

-Ал кун да келет,-деди ишеничтуу.Журу жаным, бетинди жуу. Бир аз озуно кел. Бир жакка барып келебиз,-деп жаш баланы алдагандай ун менен суйлоп баштады. Ваннага кирип озумо келдим бир аз. Тагыраак айтканда озумду алдадым.» Баары жакшы болот»,-деп алдадым. Кийимдеримди алмаштырып алып тун жарымда кайра эшикке чыктык. Отельдин алдында катар тизилген таксинин биринчисине барып отуруп, аттракцион паркка жонодук. Башында бул идея анча жага бербесе да унчукпай кете бердим. Паркта жашоо эми эле башталгандай ызы-чуу, шатыра-шатман.

-Эн коркунучтуу аттракционго отурам ,-дедим аны карап.

-Коркпойсунбу?

-Мен го коркпойм, сен коркпойсунбу? ,-дедим тамашалай.

-Мен эмнеге коркмок элем?,-деди.

-Мен аябай кыйкырам да, ичимдеги бугум чыгып кетсин,-дедим конулум ачыла тушконсуп.

Ал чекемден ооп:

-Мен коркпойм,деп экообуз аттракцион тарапты коздой бастык.

«Коркпойм» деп эрденген менен отурганда эле коркуп баштадым. Ал жаныма отурду. Аттракцион иштеп баштаганда, коркконумдан кыйкыра албай да калдым. Анын колун катуу кысып кармап алдым.

Токтоп тушконубуздо ал мени карап кулуп баштады.

-Коздорун коендун коздорундой болуп калды го. Дагы коркпойм деп коет.

-Мен мындайга биринчи отурдум да,-дедим чын эле «коркпойм» деген созумдон уялып. Азыр деп балмуздак алганы чуркап кетти. Мен скамейкада озумо келе албай отурдум. Мага балмуздак сунуп жатып «Сен жакшы коргон клубничный» , -деди.Алайын дегенде колу чийилип калыптыр. Мен катуу кысканымда же тырмагым чийип кеткенби, ал байкабаган деле окшойт.

-Ааай жаным, колунду эмне кылдым?

-Эмне кылыпсын?,-деп карады да. Бул эч нерсе эмес,-деди созун улап. Мен сенин журогунду ушинтип жатам го.

Алгач эмне жонундо суйлоп жатканын тушунбой барып тушундум да созду башкага буруу учун:

-Озуно кандай балмуздак алдын?

-Билбейм,деп мага берди.

-Туш келгенин эле ала бердинби?

-Ооба, мен тандабайм да.

-Сага боло берет,-деп шынкылдап кулуп баштадым.

Ал туну козумо жакшы корунго бардык аттракциондорго отуруп чыктым. Аябай чарчап калганда , келип жатып калдым. Ал аркамдан кучактап уктап кеттик. Ойгонгондо убакыт туш болуп калыптыр. Шашпай туруп бир жерге барып тамактандык. Андан кийин магазин кыдыра баштадык. Анын жумушуна кийуучу классикалык кийим карадык.

-Сага алалы,-деди суйуктуум.

-Пижамабы?,-дедим тамашалап.

-Пижама дагы.

-Жок, аны кетээрде деле ала кетебиз. Сага тандайлы.

Магазиндеги консультанттардын баары эле жылмайып карап :»Жаны уйлондунорбу? » деп жатышты. Ага алып буткон сон мага койнок карадык , албайм дегениме карабай. Ото корунуктуу болбосо да, узун койнок, ага жараштырып бут кийим алдык. Кечке жакын отельге барганыбызда жаны алган кийимдерди кийуумду отунду.

Менин да кок беттигим кармап:

-Эмнеге?

-Суранам.

Бул жолкусундо копко когорбой кийдим. Эшикке жетелеп чыгып, таксиге отурдук. Такси менен баратканыбызда козумду байлоону суранды. Бул экинчи жолку болуп жаткан традицияга айланып бараткандай. Макул болдум. Машина токтоп, мени так эле былтыркы жылдагыдай колуна которду. Которуп кандайдыр бир тепкичтен чыгып баратса да кайсы жерге келгенибизди биле албай турдум. Козумду ачканда токтоп турган катерде турдук.

Романтикалуу атмосфера, розанын лепестоктору. Мени отургузганда катер ордунан козголду.

-Бул жылы бизге 2 жыл,-деди мээримдуу карап.

-Булардын баарын качан уюштурганга жетиштин?-дедим суйунгон абалда.

-Менин бул жакта окуганымды унутуп жатасынбы?

Катер бат журуп бараткандай болуп жаттыбы же бакыттан башым айландыбы, айтор аны кучактап кое бергим келбей турду. Башкача бактылуу элем. Ар жолкусунда мени ар турдуу тан калтырган суйуктуумду жаны коргонсуп кучактап турдум.

Канча убакыт жургонубузду билбейм, асмандагы жылдыздар, коппок дениз, денизге тушкон айдын нуру, жанымдагы суйуктуумо тойбочудаймын. Ордумдан туруп колдорумду эки жакка жайып терен-терен дем алдым. Ал артымдан келип кучактап: «Титаникке окшоштубу?» ,-деп шыбырады. Кулуп жибердим. Ал да кулду. Дениздин ортосунда экообуздун шынкылдаган унубуз айланага шан кошуп турду окшойт. Мени жомоктогудай бактылуу кылган принцим жалгыз ушул адам болчу. Мен мындан башканы суйуп, мындан башкага башымды байлай албашымды, унутам деген менен унута албашымды тушундум.

Отельге келгенибизде тан агарып келе жаткан. Ушугонумду эми сезгендей устумо пледди оронуп балконго чыктым. Ал да артымдан чыгып кучактап отурду.

-Мени бактылуу кылып жатканын учун ыраазымын,-деди бетинен ооп жатып.

-Антип айтпачы, озумду куноолуу сезип жатам. Сен омур бою бактылуу болууга татыктуусун.

-Мен сага деле татыктуу болбосом керек.

-Антип айтпа жалгызым менин,-деп тиземе башын коюп жата кетти.

Биз ал кундун чыгышын ошентип тостук. Ордумда отуруп уктап кеткен экенмин, суйуктуум которуп жаткырып устумду жаап жатканын бир билем. Ойгонсом терезелерди карангылап койгонго кайсы убакыт болгонун да баамдай албадым. Ал диванда эки колун куушуруп уктап жатыптыр. Ордумдан тура калып жанына бардым.

-Жаным,

Мени укпай катуу уктап жатыптыр. Колун кармаганда козун ачып жылмайды.

-Эмнеге бул жерге жатып алдын?

-Сен бир чекеге жатпай, диаганально жатып алдын го.

Мен кулуп:

-Жылдырбайт белен.

-Сенин уйкунду бузгум келбеди.

Колун ачтым да:

-Мен жанына жатам.

-Кел, деп бир аз жылды.

Кичинекей диванга экообуз катуу кучакташып жатып алдык.

Журогунун согушун угуп жатып «Ушул журоктун ээси туболукко мен болсом»,-деп ойлондум. Экообуз жолуккандан бери Мээрим деген созду эске албадык. Эстей калсам эле бакытым урап тушчудой оюмдан алыс кубалап жаттым. Ал деле уктабай жатканы менен козун жумуп бир нерсени ойлонуп жатты окшойт. Телефонумдун заряды тугонуп ,очуп калганын эми эстедим. Суйуктуумдун колундагы саатты карасам туш ооп саат 3 болоюн деп калыптыр.

-Мен ачка болдум,-дедим уктабай жатканын билип.

-М?

-Кардым ачты.

Козун ачып уйкулуу коздору менен карады да:

-Сенин кардындын ачканынан ,-деди андан да бекем кучактап.

-Эмнени ойлондун?

-……

-А мен билем.

-Эмнени ойлондум?

-Тамакты,-дедим тамашалай карап.

Ал кулуп жатып:

-Ооба, туруп бир нерсе жейли ээ?

-Дагы сурап коет,-дедим таарынгандай тур корсотуп.

Экообуз жетелешип дениздин жээгиндеги кичинекей кафелердин бирине кирдик.

-Морской продукттан жасалган жей бересинби?

-Ачуу соусу болбосун.

-Макул шеф,-деди тамашалай. Ширин кыз ачуу жемек беле.

-Ооба да,-деп колумду жууш учун ордумдан туруп жонодум.

Келсем терезени карап ойлуу отуруптур.

-Сен эмнеге мынча коп ойлондун?

-Жанындан кетким келбей жатат.

-Анда экообуз тен, же жумуштан же окуудан жок бомж болуп калабыз го,-дедим кулуп.

Бирок кетээрин эстегенде журогум тызылдап кетти. Ангыча тамактар да келди.

Ачуусу ачуу экен аябай деп менин тарелкамдан жей баштады. Экообуз жаш балача тамак талашып бактылуу болуп жаттык.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE