Пример HTML-страницы

Чүйдөгү тургундар өзгөчө козу карындарды кездештирди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймактарында ар кандай козу карындар кездешет. Бул жылы козу карын тергендер «көк бут» козу карындарды жана шампиньондорду көп кездештирүүдө.

Биолог адис Ирина Стежконун маалыматы боюнча, козу карындар бири-бирине кошулуп, муну менен катар өзүнүн касиетин жоготпогон уникалдуулукка ээ.

«Бул көрүнүштөн жаратылышта укмуштуудай композиция пайда болот. Бул сезондо бири-бирине кошулган коз карындар көп кездешүүдө. «Тынч» аңчылыкты сүйүүчүлөр өзгөчө козу карындардын композициясын сүрөткө тартып жатышат», — деди адис.

Адистин айтымында, көк бут козу карындар Кыргызстандын бардык аймактарына тараган. Бул абдан даамдуу жана пайдалуу козу карын болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE