Пример HTML-страницы

Аксынын кооптуу аймагындагы 10 үй-бүлө көчүрүлүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАксы районунун Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жүзүмжан айылында кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жерине ӨКМдин облустук башкармалыгынын жетекчилиги, мониторинг жана болжолдоо департаментинин адистери, жарандык коргонуу кызматы барды.

Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келишүүдө. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскертүү баракчалары берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE