Пример HTML-страницы

Томпоңдоп чуркап, видеого түшкөн Токтогулдагы аюулар

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Алатай коругунан 1 күндө 8 аюуну видеого тарып алышты. Бул тууралуу видеонун автору Улан Ташматов билдирди.

«2-май күнү Алатай коругуна Жеңиш аттуу дос баламдын чакыруусу менен атайын барганбыз. Ал досум аюулар көбөйүп кеткенин, бал челектерди талкалап, ар кайсы жерде жүрүшкөнүн айтты.

Түшкө маал эс алып алалы деп жатканбыз. Көрсө бирөөсү биздин жаныбызда токойдун арасында жатыптыр. Жол көрсөтүп жүргөн досум Жеңиш уктап калган, аттар ылдый түшүп кеткен. Жеңишти ойготсом, аттардын жолун тороо үчүн ылдый тарапка түшүп жаткан. Анан эле кол булгалап, “аюу-аюу” деп калды. Жериине чуркап барсак, бир аюу томпоңдоп басып кетип жатыптыр. Абдан сонун таасир калтырды.

Аюу бир саамга токтоп, арт жагын кылчайып карап, мурду менен бир нерсени искегендей түр калтырып, кайра сапарын улантты. Аны 15-20 метр аралыктан артынан кууп, телефонго тартып алдык. Калган аюуларды дрон менен тарттык. Корккон деле жокпуз, анткени буга чейин деле аюуну көрүп жүргөм. Тоолорго байма-бай барып турам, ошондо аюуларды көп эле көрүп калчумун.

Мурда 3 сааттын ичинде 10 аюну тарткан учурум болгон. Адатта жаныбарлардын сүрөт капканга бирден түшүп калганын чыгарып жүрүшөт. Бирок бизге окшоп 15-20 метр аралыктан 1 күндө 8 аюуну тарткандар боло элек», — дейт видеонун автору Улан Ташматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE