Пример HTML-страницы

Ысык-аталык фермер 20 миң долларга бааланган кочкорун көрсөттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Тоолуу-Серафимовка айылынын тургуну Максат Мыктыбеков «Арашан» породасындагы кой багып жатат. Учурда анын чарбасында 170 баш кой бар. Алардын алды 25 миң долларга бааланат. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду 2000-жылдан бери багып келе жатам. Булардын өзгөчүлүгү — сымбаттуу, салмагы оор жана жайытка чыдамкай келет. Учурда чарбамда 170 баш тубар кой бар. Буюрса булардын башын көбөйтөм», — деди ал.

Максат мырза чарбасы боюнча рекорддук салмак берген жана эң кымбат кочкорлорун айтып берди.

«Чарбамда салмак боюнча рекорд койгон «Крутой» аттуу кочкорум бар болчу. Аны кезинде 200 миң сомго саткам. Анын бою 1,05 метр, салмагы 186,5 кг болгон. Ал айтылуу «Красный Тайсондун» линиясынан тараган болчу. Учурда чарбамда «Зидан» аттуу 1 жаштагы козум бар. Бою 1,01 метр, салмагы 140 кг. «Золотой» аттуу белгилүү кочкордун линиясынан тараган. Баасы 25 миң долларга бааланып жатат. Ал эми 2 жаш, 4 тиштүү кочкорлор арасында «Аватар» деген мыкты кочкорум бар. Ал «Крутойдун» линиясынан тараган. Бою 1,02 метр, салмагы 175 кг. Баасы 20 миң доллар болуп жатат», — деди ал.

Каарманыбыз 1971-жылы Тоолуу-Серафимовка айылында жарык дүйнөгө келген.

Жакында эле Ысык-ата районунда өткөн «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун республикалык көргөзмөсүндө анын «Зидан» аттуу кочкору тиш жана салмак боюнча 1-орунду алган.

————————

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE