Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 21-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 21-БОЛУМ

Белек келгенче кечки тамакты алып келсе, ага да ачуусу келе: Үй ээси бизден калган кешигибизди ичмек беле деп капаттап, тамак ичпей диванга олтуруп алды. Айсулуу жини келе атайын ага далысын сала олтуруп, шуркуратып сорпосун иче берди. Кийинки күнү тамактын астын өзүнчө куйуп койдум дегенден кийин ичет. Мыскал уулуна айтып он ай көтөрүп, омурткамды сыздатсам, сени кандай түйшүк менен баккам, тишибиздин кирин соруп, Москвага окуттук деп кадимкидей опурулуп кирчү. Белекке апасы аялың минтти антти деп айта берип, уруштары улам күн, ай өткөн сайын көбөйүп баратты. Аялы да апаң ар бир кадамымды тескейт. Кече минтти, бүгүн антти деген сайын аялына нааразы. Жумуштан чыгып үйүнө келгиси келбейт. Заарканып, кимиси кимисинин бетин тытып салды деп араң келет. Мурдагы көзү менен тең айланган аялынан жылуулук жок болуп баратты. Балага болушуп кайненеси чыкты.

 

— Муну урганың мени урганың, ушинтип тарбиялайм деп жатасыңбы?

 

— Баланы мен төрөгөм. Кандай тарбия берсем өзүм билем.

 

Аларды көрүп Белек ачууланып ортого түшсө Айсулуу да ачуусуна жеңдирип, кыйкырып чыкты. Итти деле ура берсе чая болот да. Айсулуу да кайненесинин жемесинен улам бети ачылып бейжай болуп алды.

 

— Тилиңди кыскарт,— деп аны бөлмөсүнө түртүп киргизип койсо Айсулуу кийинип алып төркүнүнө кетип калды. Экөөнү уруштуруп алып, Мыскал да кайра үйүнө батпай калды. Үн сөзсүз экөө эки бөлмөдө телевизор тиктеп олтурушат. Белек бөлмөсүндө коңулдап, баласынын ар бир оюнчугун кармалап, кийимдерин жыттап, аялы менен таанышканын эстеп жатты. Анда кыш мезгили эле. Сотка алганы Мегаком кампаниясына келип, Айсулууну көргөн. Ал ошол жерде иштечү. Кыз сотканы түшүндүрүп жатты. Эмнегедир алардын көздөрү тиктеше калып, кыз уялгандан көзүн ала качып, башка жакты карап калып жатты. Белгисиз күч алардын көздөрүн көздөрүнө аргасыз кайра— кайра кадалта берди. Кемел ансайын от чачкан каректерин теше тиктейт. Айсулуу албыра толкундап, бети кулагына чейин ысып чыкты. Кемелдин жүрөгү туйлап, оозунан сөзү түшө, жалдырап эле карайт. Бирок бардык күчүн жыйнап кечинде сизди узатып койсом болобу деп сурап алган. Кыз күтпөй кетип калбасын деп алган соткасын кайра кызга таштап кеткен. Кечке чейин Айсулуунун сөздөрүн кайталап, элесин элестеп жүрдү.

 

Жумуш убактысы бүткөндө Кемел келип, экөө аялдамага баратышты. Тили буулуп калгансып, сөз таппай Кемел кыйналып келатты. Алардын аңгемеси да кадамдарына шайкеш келип, жай эле. Кар калың жаап, суук болуп тургандыктан бассаң таманыңдагы карлар качыр-кучур этип дабышың угулуп жатты. Болгон эркин жыйнап, тамагын жасап алып, өзү жөнүндө айтып кирди. Кайра ичинен мактанып салдымбы деп бүдөмүктөнөт. Айсулуу да өзү жөнүндө айтып берип, бири-биринин телефондорун, даректерин алышкан.

 

Кийинки күнү жигит кызды кафеге чакырды. Тамактангандан кийин бийге чыгышты. Күн мурун камдап алган сөздөрүн айта албай мукактанып, унутуп да койгон. Ал чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып көл-шал болгон чекесиндеги терин аарчыды. Алар анчейин сүйлөшө албаган менен жүрөктөрү сүйүүлөрүн билдирип жатышты. Музыка да жалгыз алар үчүн коюлгансып, денени жибитип, жүрөктөрүн эзип турду. Вальс бийлешсе экөөнүн тең колдору, денелери калчылдап, жүрөктөрүнүн катуу соккону бири-бирине билинип турган эле. Чекесинен тер чылпылдап чыккан. Бул дүйнөдө экөө гана жүргөндөй бактылуу болушкан. Ал күн эмеле болуп өткөндөй эстеген сайын толкунданып, өзүн коёрго жер таппай калган. Ошентип кыз кылтакка илип алып, анан ушинтип азапка салды.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE