Пример HTML-страницы

Алайлык таэквондочулар Кыргызстандын чемпионатында бир нече медаль утуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Алай райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин усулчусу Адилет Арстанбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, ага жалпысынан 31 команда катышты. Коңшу Өзбекстан жана Казакстандан дагы спортчулар келди. Бул мелдеште Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин таэквондо боюнча тарбиялануучулары күч сынашып, жалпы эсепте 7 алтын, 4 күмүш, 3 коло медалга ээ болушту.

1. Сафаралиева Сафина спарринг жана тульдан 1-орун;

2. Абдыкадыров Арнас тульдан 1-орун спаррингтен 3-орун;

3. Таласбеков Нурсултан туль жасоодон 1-орун;

4. Сафаралиев Нурислам туль жасоодон 1-орун ;

5. Жороев Кутман спаррингтен 2-орун, туль жасоодон 3-орун, спец техникадан 2-орун;

6. Тойгонбаев Нурмухаммед тульдан 1-орун;

7. Токонова Раяна туль менен спаррингтен 3-орун;

8. Дурсуматов Нурдөөлөт туль жасоодон 3-орун;

9. Абдыганиева Феруза туль жасоодон 2-орун;

10. Мосоева Даткайым спаррингтен 2-орун;

11. Исаев Вади жана Исаева Асиялар туль жасоодон 2-орунду ээлешти.

1-орунду ээлеген спортчулар коңшу мамлекеттерде өтүүчү Азия чемпионаттарына жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE