Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 18-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 18-БОЛУМ

Кылайган булут чыгып, бара-бара уламдан улам көбөйүп олтуруп таптаза асманды толук чүмкөп алды. Алай-дүлөй уюлгуган шамал жүрүп, шаардын чаңы асманга сапырылып, чырпык-чөп, кагаз, жалбырак сыяктуу женил нерсенин баары учуп жатты. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин кээбир тамдардын чатырлары ыргып, бактар кулап жатты. Кырсыкты кайдан деп болбойт, ошол учурда Айсулуунун кайынатасы чоң аварияга учурап калды. Эсине келалбай реанимацияда жатты. Берки, кагышкан машинеден эки киши өлүптүр. Күнөө Белектин атасында болуп, көп акча сурашат. Фирмасын, Белектин машинасын беришет. Үч күн акыл-эсине келбей жатып, кызы келгенде акырын көзүн ачат. Айсулуу жүрөгү сезип, доктурлар да болбойт дегенден кийин Белекти молдого жиберет. Молдо көрүп сүрөөлөрдөн окуй баштайт. Кайнатасы көзүн ачып аялын карап, жалдырагандай болуп турду. Аны көргөн кызы:

 

— Доктурду чакыргыла, молдоңорду жоготкула! Атам өлбөйт, өлбөйт!— деп кыйкырып жиберди.

 

— Кечирдим, сен да кечир де, -деп, молдо аялга ачууланды.

 

— Жоок, өлбөйт. Кеткиле. Жоголгула баарыңар! — деп ыйлай берди. Белек менен карындашы апасын жетелеп алып кетишти. Доктур келип, бар аракеттерин кылып бирок натыйжасыз чыгып, байкуш киши үзүлүп кете берди. Айсулуу коридордогу кайыненесине чыгып, эмне дээрин билбей, эрдин кесе тиштеп, башын чайкап, бакырып ыйлап жиберип жерге олтуруп калды. Алардын ар кими биринен сала бири эсинен танып, ишене албай жатышты. Мыскалдын көз алдында келининин баш чайкап, өңгүрөп ыйлап келатканы эле калды.

 

Антпестен эл чогулуп, көп төркүнүн төгөп келип жаман кабарды айтыш керек экен. Ким угузса кишини ошол өлтүргөндөй кармап калат экен, Мыскалдын да көзүнө келини суук көрүнүп калды. Туугандары келип, Таласка эли-жерине алып барып, таман казы бээ союп көмүштү. Айылы, тууган-туушкандары ражасын чогултуп беришти.

 

Кайынатасынын жакшы сапаттары эсине түшкөн сайын Айсулуу буркурап боздоп ыйлап алат. Анын чүкө ойногондогу чүкөлөрдү калп эле келини жакка шилтеп коюп, аялы менен баласынан алып койгону, аялы менен баласына көргөзбөй кээде акча бергени, хрусталь вазаны сындырып алганда, Мая эмес мен сындырдым деп кутултканы, айтор баары биринен сала бири көз алдынан чууруп өтүп, ээ-жаа бербей көз жашы төгүлүп жатты. Ал киши аз өмүрүндө эли-журтуна, тууган-туушкандарына кадыр-баркы өйдө, элге үлгү болчудай, үй бүлөсүнө күйүмдүү адам эле. Мындай жакшы адамдар эгерим өлбөйт деп Айсулуу ойлочу. Анын арманы, көп баласынын жоктугу эле. Чиркин ай! Тагдыр деген ушундай татаал тура. Таалайы тайкы экен кантебиз деп кейип алды. Кайра үйлөрүнө келип, көнө албай Мыскал өгөйлөп жүрдү. Үй кызматкерин кетиришти. Мурдагыдай көп акча жок. Атасынын топтогону өзү менен кошо кетти. Үйдө кечке ыйлайт, тажаганда эшикке чыгып, басат. Ал жактан өзүнө окшош жалгыз серүүндөп жүргөндөрдү карап, өзүнө окшоштуруп, аларды аяйт. Олтургучка олтуруп алып ой менен күн кечирет. Көп бала төрөбөгөнүнө өкүнөт. Кайра үйгө келсе тунжураган жымжырттыктан чымындын учкан үнү угулат. Үйдө чоң аквариум бар эле. Ичинде жыйырмадай ар түр балыктар бар болчу. Таласка маркумду койгону кеткенде алар да оокаты жоккобу, айтор баары кырылып калыптыр. Аны гаражга чыгарып салды. Ал жактагы экөөнүн эски буюмдарын көрүп, эми үйдө эскиден өзү эле калганын ойлоп, өзүн да керектен чыгып калган буюмдай сезди. Кайра үйгө келип, чай коюп ичти, бирок тойгон тойбогонун билбей туруп кетти.

 

Мыскалга бул дүйнөдө ал үчүн кызыктуу эч нерсе калбагандай, өткөн күндөрүн эскерүү менен гана күндөрү өтүп жатты. Аза күтүп олтурган кудагыйына Алымкан маал-маалы менен келип кайрат айтып кеп оролун келтире жакшы сөздөрү менен кайрадан жашоого күч кубат берип кетип турду.

 

Айсулуу да ай күнүнө жетип, бүгүн эртең деп толгоосун күтүп жатты.

 

Бара-бара кайгы муң сууп, балдардын ар кими өз жумушу менен алектенип жүрдү. Бир гана Мыскал унутпай, күйөөсү менен өткөргөн ар бир күнүн эскерет. Ал, өлөөр алдындагы бир жумада күнүгө коркуп, элеңдеп алды артын карап бирөө жүргөндөй түкшүмөлдөнө берчү. Кечинде уктасам эле көп кишилер келип карап тургандай болуп жатат. Сен мени кайтарып олтурчу, бир аз чырм этип алайын десе аябай күлбөдүм беле. Ошондон кийин мага эч нерсе айтпай, таарынып төркү үйгө диванга жатып жүргөн. Көрсө ошондо эле менден бөлүнө баштаган экен. Белекке да: Бутуман басып, акырындап мойнума жетип, кыкындыра баштаганда, сен кирип, жүрөгүм кысылып жаным туйлап турду эле, ох рахмат, ойготконуңа, кетпей жанымда олтурчу деген экен. Байкушум ай, жакшы эле качкан экенсиң. Ошол коркуп жүргөн кезде кан чыгарып, мал союп курмандык чалып, садага берип, дуба окутуп койбой, билбестик кылдык да. Же билген бирөө жарымга айтпайынбы десең, ал да менден кетти деп өзүнчө ыйлап олтуруп албадыбы. Бирок садага бердим деген. Машинеси менен кетип баратса жолдо бир аксакал кайыр сурап турган экен. Эмнегедир атамды эстеп ага боорум ооруп кетти деген. Жолдун чет жагында элем, жыйырма сом сунсам аны аксакал жерге түшүрүп алды. Машинемди айдап кетсем кокус акчаны алам деп кийинки машинеге урунуп албасын деп кайра чөнтөгүмдөн жүз сом бердим. Аксакал токто деп колун жайып көп бата бере баштады. Кетип кала албай мен да колумду жайып тургучакты артымдагы мерседес машине шаштырып, акыры менден алдыга чыгып жүрөөрү менен кум ташыган ЗИЛ коюп кетти. Күнөө ЗИЛде болду. Тигил мерстен үч киши мүрт кетти. Эгер аксакалга садага берип, мен токтоп калбаганда ал ЗИЛ мени коймок. Садаганын күчүн көрдүңбү? Ошол жүз жыйырма сом садагам менин өмүрүмдү сактап калды деп келгенде эле түлөө бербей десең. Акчаны аяп, жети токоч бышырып, эшикте ойноп жүргөн балдарга таратып койбодум беле. Түшүчү? Денеси кадимки эле жарганат, башы, чачы узун кыздар. Саны бешөө. Алар мени тиштеп, үйдүн моруна салышат. Мен жанталашып качам. Кайра эле кармап алып, морго салышат. Жаным бир нерсени айт дегенсийт. А мен эмне айтышты билбейм.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE