Пример HTML-страницы

ЖООП БАР ,АМАЛ ЖОК!

https://kyrgyzcha.site/?p=57364&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖООП БАР ,АМАЛ ЖОК!

 

Ооба ,адамдык сапат жоголуп,Аллахтан коркпой жашап жатабыз. Ыкласы жок жакшы иштердин башына чыкканыбыз менен,акыреттик амал куржунубуз бош болуп турат.

Арам тамакты адал деп,кичине күнүмдүк пайда үчүн алдагандар канча?! Ишенээр досуң,таянаар тууганың жок бул шордуу заман кандай гана өкүнүчтүү!  Акча үчүн чоочун бирөөнү эмес, өз тууганын алдагандан уялбай жатышпайбы? Жада калса бир туугандар өзүм-өзүм деп, бир боорун унуткан заман!

Пейилибизде болсо кеп жок! Эки жүздүүлүктүн желегин желбиретип, кайда баратабыз?! Ойлондукпу,кайгырдыкпы?!  Акыйкаттан арданып,жалганды сүйүп калдык. Каалаганда намаз окуп,кааласак таштап коюп ,аманатка кош көңүл мамиле жасап калдык. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мусулман болгон соң намазды өз убагында окууга милдеттүүсүң!

Башыңды кайда бурба бузукулук жайылган заман. Таза кийинип,бети-башыбызды жууганыбыз менен, ичибиз ириңдеп,күнөөлөрүбүздүн айынан жыттанып,көрө албастыкка,жек көрүүгө ,жалганга толуп кеткен. Ойлонуп олтуруп, кээде биз сыяктуу ыплас,күнөөгө толгон,шүгүрсүз инсандарды жер былк этпей көтөрүп тургандыгына таң каламын. Келиниздер бирге оңололу! Азыр канткенде бактылуу болобуз деп суроо салсам ,баарыңыздар «ДИН МЕНЕН»-деп жооп берээриңиздер анык. А бирок эмне үчүн бактылуулукка жетпей келебиз? Демек бизде жооп бар,амал жок….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE