Пример HTML-страницы

Ошто полковник Базарбек Төрөгелдиевди ардактуу эс алууга узатышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Базарбек Төрөгелдиев ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал кызмат өтөө курагына жеткенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамына ылайык, кызмат өтөө жөнүндө контракты токтотуу менен бошотулду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков жаңыдан ардагер наамына ээ болгон Базарбай Төрөгелдиевге ак чепкен жаап, ак калпак кийгизип, белек тапшырды.

«Базарбай Төрөгелдиев 32 жыл милицияда кызматын өтөп, бүгүн ардактуу эс алууга чыгып отурат. Бул дагы милиционердин жашоосундагы ири жетишкендик. Барыбызга ушинтип жүзүбүз жарык, өздүк курам алдында эс алууга чыгуу насип этсин. Бирок «милиция мурдагы кызматкери» деген түшүнүк болбойт. Бүгүнкү ардагерибиз дайыма биздин катарыбызда болуп, коомдук коопсуздуктун сакчылыгындагы ардагер, биздин жардамчыбыз бойдон кала берет», — деди Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE