Пример HTML-страницы

Баткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалган Улан Жукенов кесиптештерине тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалган Улан Жукенов түзүмдүн өздүк курамына тааныштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тааныштырды.

«Чек ара аймактарында да элдин тынчтыгын сактоодо Баткен милициясынын орду чоң. Ошондой эле, жаңы дайындалган жетекчинин алдында бир топ аткара турган иштери турат. Эң башкысы Баткен облусунда жана чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоо, кылмыштулуук менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды аткаруусу зарыл«», — деди Абдиев.

  • Буга чейин Баткен ОИИБди Мурат Боронов жетектеп келген. Ал ИИМдин буйругу менен Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызматына которулду. Баткен ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалган милициянын полковниги Улан Жукенов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE