Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш 4-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…4-бөлүм 

 

Кетчудой туру жок. Короодо ойногон жаш балдар бизди карап калды. Айла жок макул болушума туура келди. Машинанын эшигин ачып отургузду эски кундордогудой. журогум тыз деп кетти. Жоголгонго жараша биротоло жоголбойт же мени азапка салбай койбойт. Баары бир унуттум деген менен журок кургур унута элек тура. Машинага отуруп:

-Кайда барабыз?-деди

Жалганымды уланта албай мукактанып калдым. «Азыр адресин сурай коеюнчу», — деп телефонумду алдым. Курбу кызыма чалып : «Айдайдын адреси кандай эле?»,-дедим дароо эле.

-Айдайдын уйундо эмне ишин бар.

-Чыкырган болчу.

-Микрорайонун билем,бирок, так адресин билбейт экенмин. Чалып сурай кой да.

-Макул, анан чалам,-деп кое салдым.

Ал менден козун албай карап туруптур.

-Калп айта албайсын,-деди.

Телефонумду чукулап отура бердим.Уялганымдан же тушуп кете албайм , же отура албайм.

-Сени менен суйлошушубуз керек.

-Эмне жонундо?

-Экообуз жонундо.

-Мээримды да чыкыралы анда.

-Мээрим ооруканада.

Тан калып карап калдым да, кайрадан кок беттигим кармап кетти:

-Дубайдагы башнядан кулап туштубу?

Ал мени карап туруп:

-Сен мынчалык таш боор эмессин.

-Жок сен жанылыпсын. Мен таш боор, калпычы, жаман кызмын.

-Мен ишенбейм.

-Ишенбесен ишенбе. Факт бул.

-Баарын тушундурууго уруксат бересинби?

Терен ушкурдум. Соттолуп жаткан адамга деле акыркы соз суйлоого мумкунчулук берет го деп ойлонгончо,

-Сураныч,-деди жалооруй карап.

Башымды ийкедим унсуз гана.

 

Бир кафеге алып барып,экинчи кабатка которулдук. Султандан башка эч ким жок экен экинчи кабатта. Султан тура калып учурашты да ,стулга отургузду. Мен тан калып турдум анын да бул жакта болушуна. Султан унун ондоп суйлоп баштады.

-Сенин таарынычына мен себепкермин. Досум менен суйлошкондо ал сенин макул болбогонунду айтты. Мен да досум тарапта болдум чындыгында. «Мээрим менен барып кел анда. Аныста да сени суйот. Жолдомолорду кайра откорсон деле сага акчандын баарын кайтарып беришпейт. Сени суйгон кыз менен болуга аракет кылчы «,-дедим. Аныста деле экоон мага анчалык жакындай сезилбединер эле. «Жок «,-деди бул да так секирип. «Мээримди дос катары жакшы корсом да, башкача умуттондургум келбейт», -деп айтты. Анда озун билесин деп коштошконбуз. Мээрим менен булардын уй булосу эски достордон. Атасы каза болоордо жон гана аманат кылбастан экоосун уйлондургусу келген сыяктуу керээзи да бар экен. Ал да жалгыз кыз. Жакшы эле турушканы менен ага бир нерсе болсо эле апасы дароо буга чалат. Жанатан бери ун катпай отурган суйуктуум соз баштады:

-Кыскасын айтканда Мээрим катуу оорукчан. Экообуз коштошкон кундон 2-3 кун отпой апасы чалды. Ооруканага алып барганыбызда «Барган сайын кучоп баратат. Кааласанар башка олкого алып чыккыла. Аппарат да жетишсиз экендигин билесинер» ,-деп айтты врачтар. Апасынын коз жашы он талаа. Москвага алып баралы деди мага. Мен алардын башка жакын адамдары жардам бербешин да билчумун. Ата-энем да кыстап туруп алды. Дароо эле алып кеттик Москвага. Диагнозу абдан кеч коюлду. Журогуно операция жасалаарын айтышты.Ал ортодо ишим учун Кыргызстанга келдим. Султан сага «Дубайга кетти» деп айтып салдым деп кечирим сурады . Мен «Баары орду ордуна келсе, кенен отуруп суйлошобуз» ,-деп айткам. Операция учун кайра кайттым Москвага.

 

Айтор экоосу биринен бири отуп тушундуруп жатышты. Башында ишенгим келбей турса, бара-бара чындыкты айтып жатышканын билдим. 2 сааттан бери угуп гана отуруп:

-Мээрим азыр кандай?,-дегенде козумдогу жаш куюлуп кетти. Баятан бери мени этибар албай жарышып суйлоп жаткан экоосу мени карап туруп калышты. Суйуктуу адамым тура калып жаныма келип мени кучактады. «Азыр жакшы «,-деди. «Эми убагында леченияга барып турса эле баары жакшы болот». Султан мени жалооруп карады : «Мени кечирип койчу. Сенин алдында ото куноолуумун. »

-Кечирдим.

-Чын элеби?-деди кубанып. Мен мынчалык оной болот деп ойлогон эмесмин.

-Оной эле.

-Анда журогум женилдеп да калды, мага уруксат бергиле, турайын.

-Отур деп созумду улаганча болбой суйуктуум «Уруксат бердик»,-дей салды. Учообуз бири бирибизди карап кулуп калдык.

-Кет дей албай эле турган экен. Мен кетейин,-деп чыгып кетти.

Мен жаман туштон ойгонгондой оор ушкурундум.

 

Кантип бактылуу болушумду билбей турдум.Жаш баладай болуп катуу ырдагым келип ичимдеги эмоцияны чыгарыштын жолун издеп отурдум. Мен бир жерге тигиле карап отуруп анын менден козун албай отурганын байкадым. Коздорундо мурункудай эле жылуулук, бирок ото чарчаганы корунуп турат. Колум менен чачын сыладым. Жытын,жылуулугун ото сагынганымды сездим. Ал ийниме башын жолоду.

-Сагындым,деди.

-Мен дагы.

-Дипломунду чогуу жазалыбы?,-деди башын которо жылмайып.

-Сен эс алчы.

-Мен сенин жанында эс алгандай болом.

-Туралыбы, кеч болуп кетти.

-Макул.

Экообуз жетелешип чыктык кафеден. Машинага мени отургузуп, озу отурду да:

-Бир жакка баралычы

-Дубайгабы?- дедим какшыктап.

-Жок, уйуно кетпечи бугун.

-Анан каякка кетейин?

-Кундун чыгышын тосолу, танды чогуу аттыралы.

 

Мен суйгон жаз суйгон адамымды кайрып бергендей болду. Машинаны ээн бир жерге айдап барып токтотту. Арткы орундуктардан жай алып отурдук. Ал тынбай балалыгын, шоктуктарын айтып кулдурду. Тиземе башын коюп жатты бир топко унсуз. Мен анын чачын сылап отурдум.

-Бир нерсе сурасам болобу?

-Албетте,

-Сен Мээримге кандай коз караштасын?

Ордунан туруп мени карады да:

-Дос,-деп баштады. Ал менин досум. Уй булосу уй булобуздун. Бирок,бугун Султан айткандай ал мени досу деп эсептебейт.

-Эмне кылайын дейсин?

-Билбейм.

-Мени ойлосон. Менин да ушундай досум бар деп эле жанынан чыкпай журо берсем сен кандай болмоксун?

-Билбейм,-деди башын чайкап.

-Сен аны таштай албайсын да.

-Ооба, туура эмес болуп калат.

-Бирок мен мындайга чыдай албайм. Сенин 100 кыз досун болушу мумкун. Мен каршы эмесмин. Бирок, ал менен озгочо жакынсын. Анын устуно ал сени суйот.

-Бирок мен сени суйом,-деди алгачкы жолу.Анын бул созду алгачкы жолу айтышы болчу.

-Ал эми оорукчан эмес да. Созсуз эле сен карашын керекпи? Султан бар, башка достору бар, апасы бар.

-Кызганасынбы? -деди жылмайып.

-Кеп кызганганда эмес, сенин ага менден да жакын болушун ынгайсыз абалга салат.

 

-Андан алыстайм. Бирок,дароо эмес. Мени тушуно турчу суранам.

Макул болгум келбеди. Бирок башка аргам жок экенин да сездим.

-Куто турам. Бирок копко куткум келбейт. Же мен же … дегинче болбой анын эриндери менин эриндериме жакындашты. Журогумдун катуу соккону озумо да угулуп жатты. Чачымдан сылап эрдимден ооп баштады. Мен анын ысык денесин сезип озумду жоготпоо учун болгон кучумду жумшап жаттым. Мындан ары кетишин каалабагандай башымды бурдум. Ал да тушунду окшойт. Отургучка жолонуп мени кучактады. Мен анын кокурогуно башымды коюп унсуз жымжырттыкта уктап кетипмин. Мени ойготуп албайын дегенби , озу уктабай, кыймылдабай отуруптур. Ордумдан тура калып:

-Чарчадынбы?

-Жок, сен жанымда турганда мен чарчамак белем. Тескерисинче чарчоомдун баары жазылып кетти.

-Калп айтпа ,-дедим жылмая.

-Мындан откон чындык жок менин жашоомдо.

Кубанганымдын белгиси сыяктуу бетинен чоп эттирип ооп алып уялып башка жакты карап алдым. Ал аркамдан жылмайып турганын сезип , эки бетим кызарып чыкты.

 

Туруксуздугума жиним келет. Кечээ эле карабайм деп жаткан адамым бир кундо кантип макул кылды деп тан калып коем. Ал уйумо жеткирип келип бетимден ооп коштошту.

-Бугун эс ал. Чарчадын го,-деди мээримдуу карап.

-Сен дагы.

-Макул,-деп уйго кирип кеткенче карап турду.

Ключумдун жоктугунан звонокту басып, кыздарды ойготууга туура келди. Козун ушалап эшикти ачкан курбу кызым:

-Айдай сага кой сойдубу?

-Жок

-Анан?

Кулкумду аран кармап мен Айдайга барган жокмун дедим.

-Билем, кечээ мен короого кире берээрде машинасы менен чыгып бара жатыпсынар.

-Ооба ал мага баарын тушундуруп берди.

-Тушундунбу сен?

-Ооба.

-Тан калыштуу. Сенин оной менен тушуно турган сапатын жок эле.

Бакытымдан учайын деп турган жаным уйкусу ачыла элек эмени кытыгылап баштадым.

-Макул, болду антпе. Созумду кайра алдым,деп кыйкырып жатты. Кучубуз калбай калганда токтоп, бири бирибизди карап кулуп жатканда экинчи курбу кызым да ойгонуп келип калды.

 

Кудайдын куттуу куну жолукчу болдук. Ал кээде дипломумду жазышат. Кээде достору менен жолугабыз. Курбу кыздарым менен тааныштырдым. Бирок, эн тан калганым ата-энеси менен тааныштырууну ойлоп да койбогондой сезилчу. Биз эми откоол курактагы жаш балдар эмеспиз да , ар кимден жашынып суйлошкондой. Ошентсе да этибар албай бактылуу гана болгум келди. Кундо жолугуп конуп калган жаным бир куну чалсам такыр албады. Чыдамым кетип Султанга чалдым. Ал кубанычтуу :

-Оуу аяшкам,-деди. Артындагы ызы-чууну угуп бир вечеринкада болсо керек деп ойлодум.

-Кечирип койчу мен сени бош экен деп.

-Сен учун 24 саат бошмун. Эмне болду?

-Мен досуна чалсам жооп бербегенинен кабатырланып. .

-Аа ойлонбо, ал биз менен. Мека келиптир Москвадан, аны коргону келдик эле баарыбыз.

Же кое салышымды билбей же суйлошумду билбей тура бердим. Ал да тушунду окшойт:

-Азыр барып калат,-деди шандуу каткырып.

-Жок келбесин ,-деп коюп салдым.

Кутом деп соз бергем, бирок кетээрден мурда айтып койсо болмок да «Мен ал жакка барам, кутпо»,-деп. Саат эми эле кечки 8 болуптур. Ага деле карабай пижамамды кийип кадимкидей жатып алдым. Бир учурда эшиктин звоногу басылып анын уну угула баштады. Курбу кызым «ал жатып алды» десе , «Чын эле уктадыбы, карасан», -деди. Андан да уктамыш болуп жаттым калп эле. Курбу кызым эшикти жаай ачып кирип бир-эки жолу туртуп «алтышка уктадынбы?» деп сурап коет. Мен ансайын уктаган адамдын кейпин кийип жата бердим. Акыры умуту узулду окшойт эшик жабылып,ал кетип калды.

«Уктабаганынды билем жаным. Сен мага таарындын» деген смс келди. Жооп жазбадым, «билет имиш дагы» деп суйлонуп коем. Эртеси куну кайра кайра чалганына карабай жооп бербей жаттым. Сабакта лекция окулуп жатат. Мен болсо ак баракты чиймелеп отурам, ойлорум такыр башка жакта. Бир убакта аудиториянын эшиги ачылып «Кечиресиз» деген ун жымжырттыкты бузду. Тааныш унду укканыма ишене бербей эшик тарапты карасам мени карап жылмайып туруптур. Дароо коздорумду ала качтым.

-…. ………. аттуу студентти бир мунотко чыкырсам мумкунбу? деди тайманбай

-Чон жигит, эшикти жаап коесузбу. Сабагыма тоскоол болбонуз,-деп катуу айтты мугалим агай.

Мен аны табалап карап, «Сага аз болот» дедим ичимден.

-Анда сизди бир мунотко мумкунбу?-деди кете турчудай туру жок.

Агай мени «Сени менен суйлошобуз» дегендей карап чыгып кетти. 5 минут сон кирип эле фамилиямды атап «чыгып кел» деди. «Агай мен чыкпай эле коеюн» дедим. Агай кабагын туйуп «Батыраак чыгып кел. Мен сабак отомбу же сага жалынып тура беремби?» деди. Бардыгы мени карап кутуп калышты. Чыккым келбей жатса да копчулукко ынгайсыздык жаратпаш учун эшикти коздой бет алдым.

 

Уландысы бар…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE