Пример HTML-страницы

Кеминдеги мектепте бир айдан бери ысык тамак бериле элек

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы мектепте бир айдан бери ысык тамак бериле элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү кеңештин депутаты Сырга Масаитова билдирди.

«Долбоор менен оңдолуп баштаган ашкана толук бүтпөй, токтоп калган. Мектептин директорунун берген маалыматы боюнча, долбоордон акча каражаты жетпей калганын билдиришкен. Ошондой эле тамак-аш бышырган плитасы күйүп кеткен. Мындан улам окуучуларга бир айдан бери ысык тамак бериле элек. Азык-түлүктөрү чирип, пияздары өнүп кеткен экен. Санэпидемстанция текшерип, ашкананы убактылуу жаап кеткени айтылды.

Ашкананын, ашпозчуларга арналган даараткананын абалын видеодон көрсөңөр болот. Жогору жактагыларга кайрылып кетет элек, мектептерди каржылоону айыл өкмөттөргө жүктөбөй, түз Билим берүү министрлигине жүктөп беришсе, жакшы болмок», — деди ал.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Нурбек Сулайманов: «Долбоор аркылуу имараттын сырты жасалган. Ошондой эле, ашканынын шыбагы жана башка майда-чүйдө жумуштар жасалды. Курулуш жүрүп жаткан мезгилде санэпидемстанциядан келип, «оңдоо иштери болуп жаткан ашканада тамак берүүгө болбойт» деп бир айга жаап кетиптир. Мындан улам мурда алынып калган пияз-картошкалар өнүп кеткен. Бирок, анын тазаларын калтырып, өнүп кеткендери алынды. Ошондой эле плитаны орноткон фирма анын фазасын туура эмес туташтырып, ошондо эле күйүп кеткен экен. Азыр ал фирмага кайра жасатып, калыбына келтирдик», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE