Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 20-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 20-БОЛУМ

Өзү: акырыныңыз, үшүп кетти, ыткытып жатат, абайлаңыз, тумчугуп калат. Кулагына суу кирген жокпу деп энесине ишенбей, карап турат. Мыскалдын ачуусу келе: — Ой кандайсың деги. Сенин күйөөңдү деле киринткем, неберем баламан да ысык. Эми чачын кыркып, кырк кашык сууга чайкап ырымдап, кыркын чыгаралы деди.

 

— Азыр токтосоңуз, апаман сурап көрөйүн?— деп апасына телефон чалды.

 

Бул учурда Мыскалдын: келин баары бир кайненени өз энесиндей көрбөгөнүнө, кырк күн колун сууга салдырбай, ысыктап кетпесин деп кайнатма тамак жасап бергенин баалаган жок. Бирдеме айтсаң эле энемен сурайын деп кишини келесоо тутат окшойт деп ачуусу келип турду. Мыскал бүгүн таң эрте туруп, камыр ачытып, тогуз токоч бышырып, кошуналарына таратып чыккан.

 

— Апа, туура эле экен. Сиз айткандай эле кыркын чыгарат экен. Алар кой союшуптур деди.

 

— Эртең менен эмне үйдү түтүн кылып жибердиңиз дегениңде айткан жок белем. Сен турганча тогуз токоч жасап, куран окуп, таратып койдум. Болот ошол, мал сойбойт деле,— деп жактырбагандыгы үнүнөн байкалып турган.

 

Кечинде Белек жумуштан келип, чай ичип алып, бөлмөсүнөн чыкпай кечке баласын эрмектеп, акыры уктап калат. Апасы жалгыз бир бөлмөдө, кечке телевизор тиктеген болот. Эшке чыгып, сөөк саактары какшаганча басып келет. Атасына эстелик катары мүрзөсүнө барып, кыш катуулап киргиче, арча тигип келсең боло деп айтайын деп айталбай жүрөт. Ал акыбалын сурап, атасына куран окуп, жаныма олтурса анан айтайын деп жүргөн. Бирок Белек баласына шашып келет, ал менен көп нерсени кыялданышат. Сүрөткө түшүрөт. Өздөрү да башынан ушинтип жумуштан келгени ар кими өз бөлмөсүндө болуп, көнүп калышкан да. Апасынын жалгызсыраганын, баласы менен сүйлөшкөнгө аны күтүп жүргөнүн сезбейт. Айсулуу да кечке зеригип, Белекти чап кенедей жабышып, апасына жибербейт. Мыскалдын сиңдилери баланы көргөнгө келишти. Эшикте кыламыктап кар жаап турду. Аларга кайненесинин төшөгүнөн алып келип салып койду. Септеги төшөктөрүн зымырата катып салган. Мыскалга анысы да жакпай турду. Айсулуу аларга тамак жасап бермек түгүл баласынан чыга албай жатты. Менменсинген аялды бешик берет сазайын дегендей, баягы тырмагын өстүрүп, үлпүлдөп өзүнө каранган Айсулуунун жүдөгөнүн айтпа. Баласы менен алек болуп, күндүн чыкканы да батканы менен да иши жок. Эптеп эле баласын чоңойтсо болду. Баласын конокторго кармата коюп, жүгүргөн келин жок.

 

— Тим эле келиниң Манас туугандай го деп кетишти. Кайнененин ичине келининин жагымсыз кылыктары топтоло берди. Эшикке таза абага чыкты. Кыш келип, бат эле караңгы кирген менен ай жарык экен. Жердеги аппак карлардан улам ого бетер жарык болуп туруптур. Аппак карларды карап Мыскалдын көзү карыга түшүп, бир аз көнө түшкөндөн кийин тарап кетти. Ал студент кезинде шаардан Таласка үйүнө түнкү автобус менен баратып, автобус бузулуп, Жамбылда үшүп турганда күйөөсү экөө таанышканын эстеп кетти. Ооба, ошондо кыш мезгили болчу. Бирок анда ай караңгы эле. “Жүрү, үшүп кеттик, ашканадан тамактаналы”— деп колтуктап алса тааныш бирөө-жарым көрүп калабы деп элеңдеп эки жагымды каранам. Ой — боюма койбой жетелеп келатты. Аярлай бир аз баскандан кийин көздөрүм караңгыга көнүп, ылдамдай басканбыз. Ээ, андан бери канча кыш өттү, бирок ошол кыш, кечээ эле болгондой эсимен кетпейт деп үшүгөнүн сезбей көпкө турду.

 

Айсулуунун кайнатасы өлгөндөн кийин кайненеси өзгөрдү, мурда мындай иштерине көңүл бурчу эмес. Белек айлыгын Айсулууга берет. Апасы иштебей акчасы жок. Дарысы түгөнгөнүн айтса унутуп коюшат. Алымкан кудагыйына келип, ал-абалын көрүп, кызына акылын айтып кетти.

 

— Кызым,-деди ал,— сеники да жалгыз бала болуп, кайненеңе кылган мамилеңди кийин өзүң келиниңден аласың. Чын пейилиң менен жакшы кызмат кыл. Өзүңдүн карылыгыңды ойло, балам. Бул жашоодо кимге эмне кызмат кылсаң, ошону кайра ушул эле жашоодон ыраатын көрөсүң. Жакшылыгыңдын да жамандыгыңдын да. Адамдар жакындарын апасына, балдарына туугандарына кошунасына жакшы сөздөрдү айтып көңүлүн көтөргөнгө караганда нааразычылыгын, таарынычын, капачылыгын айтканды жакшы көрөбүз. Эми сен апаңа эрегишпей анын сөздөрүн көтөрүп, оор күндөрүнөн чыгар. Кайненең жаштайынан жесир калып убал болду. Ал да жаш балаңдай сенден мээримдүүлүктү, сыйды, жакшы сөздү күтөт. Сен аны балаңдай эркелетип, маал-маалы менен дары дармегин берип, жаңылыктардан айтып берип, көңүлүн көтөр. Белек-бечкек алып берип, концертке алып барып анын жанында көбүрөөк болгула деп кетти.

 

Кайнене менен келиндин ортосунда кыргый кабак башталат. Айсулуунун ар бир кылган иши көзүнө одоно көрүнө берет. Анан эле чыртылдап жактырбайт. Жай кыймылдап жүргөнчө чайы муздап калат. Ал болсо ысык чайды жакшы көрөт. Айсулуу кээде байкабай кайненесине чети кетик чыныга чай куюп жиберет.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE