Пример HTML-страницы

НАМАЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=57373&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

НАМАЗ🌙

Намаздын 12 парзы бар🌙 Булардын бир бөлyгy намаздан мурун намазга даярдык көрyy иретинде аткарылып, намаздын шарттары, же болбосо сырткы парздары деп аталат🌙Экинчи бөлyгy болсо намаз учурунда аткарылып, «намаздын ички парздары» деп аталат🌙

Намаздын сырткы парздары🌙

1. Хадастан тахарат: Көзгө көрyнбөгөн кирлерден тазалануу. Булдаарат, гусул, же булар мyмкyн болбогондо таяммум алуу менен болот.

2. Нажасаттан тахарат: Көзгө көрyнгөн кирлерден тазалануу. Мындай кирлер намаз окугандын денесинде, кийиминде жана намаз окуй турган жеринде болушу мyмкyн.

3. Аурат жерлерди жабуу: Эркектерде тизе менен киндиктин ортосун, ал эми аялдарда болсо кол, жyз жана буттан сырткары бардык жерин жабуу. Намаз учурунда дененин жабылышы тийиш болгон жеринин төрттөн бир бөлyгy ачылып калса, намаз бузулат.

4. Кыбылага бурулуу: Намаз окуган адамдын Каабага бурулушу. Көкyрөгyн кыбыладан башка тарапка бурган кишинин намазы бузулат.

5. Убакыт: Парз жана важиб болгон ар бир намаздын белгилyy бир убактысы бар. Ар бир намаздын өз убактысында окулушу – парз. Ал убактысынан мурда окулбайт. Аны эч кандай орчундуу себепсиз кийинкиге калтыруу – кyнөө.

6. Ниет: Окуй турган намазын эстөө. Имам имамдыкка, жамаат болсо имамга ыктыда кылганга ниет кылышы керек.

Намаздын ички парздары🌙

1. Ифтитах такбири: Намазды баштоо такбири. Ниеттен кийин «Аллоху Акбар» деп такбир айтып, баш бармактар кулактын жумшагына тиет.

2. Кыям: Тике туруу. Кyчy жеткендер тике туруп, кyчy жетпегендер кyчy жеткен абалда намаз окушат.

3. Кыраат: Намазда Куран окуу. Кыраат кыямда аткарылып, жок эле дегенде yч кыска аяттын көлөмyнчөлyк аят окулушу керек.

4. Рукуу: Кырааттан кийин колдор тизеге жеткидей абалда ийилyy.

5. Сажда: Рукуудан кийин бут, тизе жана колдор менен бирге чеке менен мурунду жерге коюу. Бир гана чекенин, же мурундун жергекоюлушу жетиштyy эмес. Чеке жердин катуулугун сезиши керек. Эл абдан көп болгон кезде, арткы саптагылар алдыңкы саптагылардын далысына сажда кылса да болот.

6. Акыркы отуруш: Намаздын аягында «Аттахияту» дубасы окула турганчалык мөөнөттө отуруу.

Намаздын важибдери🌙

1. Намазды «Аллоху Акбар» деп баштоо;

2. Парз намаздын алгачкы эки ирекетинде, ал эми витир жана нафил намаздарынын ар бир ирекетинде «Фатиха» сyрөсyн окуу;

3. Фатиханы заммы (кошумча) сyрөдөн мурун окуу.

4. Парз намаздардын алгачкы эки ирекетинде, ал эми витир менен нафил намаздардын ар бир ирекетинде бир сyрө, же эң кыска сyрөчөлyк yч кыска аят, же болбосо бир узун аят окуу;

5. Саждада мурун менен маңдайды жерге тийгизyy;

6. Эки сажданы yзгyлтyксyз кылуу;

7. Намаздын ар бир шартын так аткаруу;

8. Yч, же төрт ирекеттyy намаздардын экинчи ирекетинен кийин отуруу;

9. Алгачкы жана акыркы отуруштарда «Аттахиятуну» окуу;

10. Yч жана төрт ирекеттyy парз намаздар менен витир намазынын экинчи ирекетиндеги «Аттахиятудан» кийин өөдө туруу;

11. Жамаат менен окулган кезде багымдат, шам жана куптан намаздарынын биринчи жана экинчи ирекеттеринде, мындан тышкары жума жана майрам намаздарынын бардык ирекеттеринде имамдын «Фатиханы», кошумча сyрөнy, же аяттарды yнyн чыгарып окуусу;

12. Бешим жана дигер намаздарынын бардык ирекеттеринде, шам жана куптандын намаздарынын биринчи отурушунан кийинки ирекеттеринде өзy гана уга тургандай кылып ичтен окуу;

13. Тараба намазында жана тарабадан кийин окулган витир намазында имамдын «Фатиханы», заммы сyрөнy, же аяттарды yн чыгарып окуусу;

14. Имамга ыктыда кылган кишинин «Фатиханы», кошумча сyрө, же аяттарды» окубашы;

15. Витир намазында кунут дубасын окуу;

16. Майрам намазына байланыштуу кошумча такбирлерди алуу;

17. Намаздын аягында оңго жана солго салам берyy;

18. Керек болгон учурда сахв саждасын кылуу;

19. Намазда сажда аяты окулганда сажда кылуу.

Намаздын сyннөттөрy🌙

1. Намазды баштаганда, витирдин кунут дубасын окуурда жана майрам намазынын такбирлеринде колдордору кулакка чейин көтөрyп, кайра байлоо;

2. Ар бир намаздын алгачкы ирекетинде «Субханака» менен «Аузу биллахини» купуя окуу;

3. Жалгыз, же жамаат менен окулган намаздарда «Фатихадан» кийин «Аамиин» деп айтуу;

4. Намаздагы парз болгон ифтитах такбиринен тышкаркы бардык такбирлер;

5. Рукуудан тyздөлyп турганда «Самиъаллоху лиман хамида» жана анын аркасынан дароо «Раббана лакал хамд» деп айтуу;

6. Рукууда yч жолу «Субхаана Раббиял азиим» жана ар бир саждада «Субхана раббиял аъла» деп yч жолу айтуу;

7. Рукууда манжаларды ачык кармап, тизени кармоо; тизени, чыканакты жана далыны баш менен бирге тyз кармоо;

8. Саждага жыгылып жатып алгач тизени, анан колду, андан кийин мурун менен маңдайды жерге тийгизип, саждадан өөдө болордо алгач жyздy, кийин колдорду, андан кийин тизелерди көтөрyy. Эч кандайyзyрсyздөр yчyн саждада жyздy эки колдун ортосуна коюу;

9. Отурушта колдорду тизеге коюу; «Аттахиятуну» купуя окуу; акыркы отурушта «Аттахиятудан» кийин «Аллохумма салли» менен «Аллохумма барикти» башка дубалар менен бирге окуу;

10. Салам берибатканда, оболу, оңго, анан солго башты буруп «Ассалоому алейкум ва рахматулло» деп айтуу.

Намаздын адеби🌙

Намазда кыямда турганда сажда жерине; рукууда буттардын учуна; отурганда тизенин yстyндөгy колдорго жана салам берибаткан ийиндерге кароо – намаздын адептеринен🌙

Сахв саждасы🌙

Сахв саждасы «байкабай жаңылуу, же унутуу» дегенди билдирип, парз намаздарынын биринин кечиктирилишинде, же важибдердин унутулушунда, же кечиктирилишинде кылынат.

Мисалы, витир намазында кунут дубасын унутуу; «Фатихадан» кийин кошумча-заммы сyрө окулушу тийиш болгон жерде окубай туруп рукууга кетyy; биринчи отурушта отурууну унутуу; намазда сажда аяты окулган кезде сажда кылбоо сыяктуу жагдайларда важиб аткарылбаганы yчyн сахв саждасы кылынат🌙

Yч, же төрт ирекеттик парз намаздары менен витир намазында экинчи ирекеттен кийин тахиятты окуган соң, дароо өөдө турбастан, «Салли-Баарикти» окугандан кийин өөдө туруу; «Фатиханы» окубай туруп, кошумча-заммы сyрө окуу; андан соң «Фатиханы» окубай калганын эстеп, «Фатиханы» окуу сыяктуу абалдарда да важиб аткарылбаганы yчyн, сахв саждасы талап кылынат.

Сахв саждасы талап кылынган учурда, ал да унутулуп, салам берилип калса, намазды кайра окуу шарт эмес.

Эки дyйнөдө тең мээрим менен берекенин өбөлгөсү🌹

Жараткан Аллах Тааладан насип болсун🌹

Оомииийн!!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE