Пример HTML-страницы

Жаныбек Акматов аскерде Днепр дарыясындагы радиацияны текшерип иштеген

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБыйыл Чернобыль апаатынын кесепеттеринин жоюлушуна 38 жыл болду. Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепети миңдеген кишиге: кызматкерлерге, кырсыкты жойгондорго, эвакуация болгондорго, радиактивдүү затка ууланган аймакта жашагандарга тийген. Кырсыкты жоюуга 1986-1989-жылдары Кыргызстандан 3200гө жакын, анын ичинен Кочкор районунан 31 эр-азамат катышкан. Алардын ичинде Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан Жаныбек Акматов да бар. Чернобылчы каарманыбыз менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«1966-жылы туулгам. 1985-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Түндүк аскер деңиз флотунда моряк болуп кызмат өтөп жаткам. 1986-жылы үч баланы суунун алдындагы радиацияны текшерүү боюнча аскердик адис катары тандап алышты. Белоруссиялык Владимир Зинкеевич Леполдиев, Лебедеев Николай Николаяевич деген москвалык жигит үчөөбүздү Сидорсов Евгений Иванович деген мичман Чернобылга чейин узатып келди.

Ошол 1986-жылы 26-апрелде Украина ССРине караштуу Припять шаарынын жанындагы “Чернобыль” атомдук электрстанциясындагы атомдук реактор жарылып кеткен экен. Биз ал тууралуу билбей эле келгенбиз. 15-майда Чернобылдын өзүндө болуп, Днепр дарыясынын радиациясын текшерип турдук. Дарыя Киевдин ортосунан агып өтөт. Эки жагында адамдар сууга түшүүчү пляждар бар. Ошол суунун радиациясын текшерип, биздин макулдугубуз менен сууга түшүүгө уруксат берилет. Радиация аз кезде сууга түшүүгө уруксат берилет. Ошол жерде эки жарым айдай кызмат кылдык. Кара-Деңиз флотунан да үч бала бар болчу. Алар бир жума, биз бир жума иштөөчүбүз. Алар иштеп жатканда биз Киевге барып эс алабыз. Биз иштегенде алар Киевге барышат. Чернобылда сүрөткө түшүүгө, фотоаппарат көтөрүүгө уруксат берчү эмес.

Чернобылдагы уулануу 30 чакырым аймакта радиус менен кетип, ошол жерлер жабык зона болуп эсептелген. Ал жерге катуу текшерүү менен, атайын уруксат кагаз менен киргизчү. Ал жердеги элдер оокаттарын таштап, документтерин гана алып чыгышкан. Ошондон улам талап-тоноолор кездешкен. Андай адамдарды күч органдары колго түшүрүп, катуу көзөмөлдө турган. Талап-тоноо учурунда милиция менен атышуу болуп, киши өлгөн учурлар тууралуу угуп калчубуз.

Биз атайын противогаз, бет кап, рестротар менен жүрөт элек. Дем ала албай калчубуз. Тамакка киргенде япон аппараттар менен текшерип киргизет. Ар бир кашык целлофан баштыктарда салынып келчү. Тамакка ашканага кирип келе жатканда текшергенде радициянын шкаласы өз нормасынан жогору болуп калганда киргизбей коюшат. Анан кийимди силкип, күбүп барганда радиация кичине ылдыйлап калат. Ошондо киргизет. Андан кийин каалаган тамакты берет. Көрсө ууланууга туруштук берсин дечү тура. Сыртка тамак ала чыга албайбыз, себеби ууланып калат да. Биз эки жарым айдан кийин ал жерден кеттик», — деди Жаныбек Акматов.

Каарманыбыз Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында туулган. Азыр алты баланын атасы. Кум-Дөбө айылында дыйканчылык менен алектенет.

«5-6 миң сом пенсия алам. Кочкор районунан 31 адам барып, коркунучтуу тилкелерде Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышыптыр. Алардын ичинен үчөөбүз аскер кызматын өтөп жүрүп катышкан экенбиз. Биз аскер милдетин өтөп жүрсөк, өлүмгө айдаса да барабыз. Ал эми калгандар ыктыярдуу түрдө барышты деп жөнөтүлүшкөн экен. Ошол адамдардын көбү 3 топтогу майып болгондуктан, оор жумушка жарабайбыз. Ичибизден 21 адам Чернобылдын апааттарынын кесепеттеринен көз жумушту. Азыр он эле адам калдык. Аларга мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралып, пенсиябызды жогорулатып беришсе, жакшы болмок. Себеби, дары-дармек арзан эмес. Баарыбыз тең атайын каттоодо турабыз. Уулануу бизден балдарга өтүп, неберелерибизге чейин таасирин тийгизет экен. Балдарга берилген жөлөк пулду да кыскартып коюшууда», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE