Пример HTML-страницы

АЯЛЫҢА ДА ТЕКЕБЕР БОЛБО.

https://kyrgyzcha.site/?p=57367&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*АЯЛЫҢА ДА ТЕКЕБЕР БОЛБО.*

 

☝О, уулум! Аллах Тааланын азабына кабылтуучу себептердин бири — адамдардын текебер болуусу. Ошондуктан, эч качан текебер болбо. Өзгөчө, аялың менен бала-чакаларыңа текеберлик кылба. Ар дайым кичипейил бол. Эч кимди, эч бир махлукту кордобо.Текебер жетекчини жумушчулар, кызматчылар жана жалпы эле калк жакшы көрбөйт.

Калкыбызда: *«Элди тоотпогонду эл да тоготпойт» деген сөз бар. үч континентке ээлик кылган Осмон империясынын падышаларында *«текебер болбо, падышам, сенден да улук Аллах бар!»* деп улам жар салдырып туруучу расмий салты болгон. Текебер болууга, өзүбүздү жогору көтөрүүгө татыктуу эмнебиз бар биздин, уулум? Дүйнөгө кайдан жана кантип келгенибизди эстөөнүн өзү эле текеберликти тизгиндеп туруу үчүн жетишерлик сыпат. Кимдин кимден артык экендиги бир гана Аллахка дайын. Эң маанилүүсү — Аллахка деген сүйүүнүн жана Аллахтан коркуунун күчтүү болуусу. Мына ушул такыбалык делет жана адам баласынын даража-мартабасы Аллахтын алдында мына ушул такыбалык менен өлчөнөт. Адам баласы мына ушул өлчөм менен таразаланат. Адам жүрөгүндөгү такыбалыктын деңгээлин да Аллахтан башка эч ким эч качан биле албайт. Ошондуктан текеберлик эч кимге зыяндан башка пайда алып келбейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE