Пример HTML-страницы

Жалгыз бой эне Айя Гавайи аралдарынан бактысын таап, дагы 4 баланын апасы болду

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 40 жаштагы Айя Смит. Ал учурда АКШнын штаты Гавайиде күн кечирип келет. Кайсы бир кезде жалгыз бой, өзүнө ишенбеген, бактысыз аялдардын катарын толуктаганын айткан Айя айым гавайилик жигит менен турмуш куруп, 4 баланын энеси аталып, ажайып кооз жерде бакыт тапканын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1984-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) финансы жана кредит факультетин аяктагам. Кечээ жакында эле психолог адистиги боюнча окуудан өттүм.

Гавайилик жигитке турмушка чыгып, азыркы тапта Гавайи аралдарында жашайм. Аралдардын укмуштуудай климаты, кичи пейил эли, ажайып кооз жаратылышы эч бир жанды кайдыгер калтырбайт. Жалгыз гана терс жагы — жашоонун кымбаттыгы. Жыл мезгилине карап кийинбейсиң, жай мезгили гана болот», — деди ал.

Анын айтымында, болочоктогу жолдошу менен социалдык тармак аркылуу таанышып калган.

«Жолдошум Джош экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышып калганбыз. Биз чогуу кечки тамактанууну макулдашканбыз. Ал мени жашаган жеримден алып кетип, Абу-Даби шаарындагы суунун жээгиндеги ресторанга бардык. Бир нече саат бою сүйлөшүп отурдук. Ошол кезде буга чейин такыр көрбөгөн, жакын досумду таап алгандай туюлду. Биринчи жолугушуудан кийин мен ага “I like you” (сен мага жагасың) деп айтсам, ал мага “thank you” (рахмат) деп жооп берди. Анан мен анын сөзүн оңдоп, “I like you too” деп жооп берүүсү керектигин айттым. Ошол учурду азыр эстеп алып, күлүп калабыз.

Алгачкылардан сүйүүсүн билдирген да мен болдум. Таанышуудан кийин болжол менен 3 жумадан соң айттым окшойт. Албетте, анын да көңүлү болгон. Ал өзүнүн мамилесин иш аркылуу көрсөткөн, ошондо ал үчүн маанилүү адам экенимди түшүнгөм», — деди ал.

Айя айым үйлөнүү той жана ага болгон жакындарынын мамилесин айтып берди.

«Биздин үйлөнүү үлпөт тоюбуз Гавайи аралдарында америка-гавайи салтында өткөрүлдү. Баарынан да Гавайинин улуттук ашканасы өзгөчөлөнүп, мени жана жакындарымды ачка калтырды. Бирок азыр мен бул тамактарды сүйүп жейм. Аны менен катар гүлдөн жасалган шурулар ар биринен мойнуна тагылганы жагымдуу болду.

Бул никеге менин ата-энем каршылыктарын көрсөтүшкөн жок. Апам жана кызым жайкысын келип, Джош менен таанышып кетишкен. Аларга Джош абдан жакты. Кийинчерээк Джош экөөбүз Кыргызстанга келип, анын туугандарым менен тааныштырдым.

Ал мага таанышуудан 5 жума өткөндөн кийин үйлөнүү сунушун жасады. Мындан улам Джоштун апасы кабатыр боло түшкөнсүдү. Ал буга чейин такыр укпаган Кыргызстан деген өлкөдөн болсом, ажырашып 1 балам болсо, кабатыр болбогондочу. Мен аны түшүнөм», — деди ал.

Ал жолдошу Джошуа жана балдары боюнча кеп козгоду.

«Менин жолдошумдун аты-жөнү Джошуа Александр Ка’аукай Смит. 1978-жылы туулган. Атасында португалиялыктардын, англиялыктырдан жана гавайиликтердин каны бар. Ал эми апасы жарымы япон, жарымы гавайилик.

Кайын журттун салтына, үрп-адатына көнүп калдым. Гавайиликтер америкалашып кетишкен, бирок Гавайинин салтын да унутта калтырышпайт. Баарынан да мага аял менен эркектин үйдөгү жумуштарды тең жасоосу жагат. Мен буга көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Азыр бир аз жардам керек болуп калса, дароо жолдошумду чакырам.

Биз көчөдө жүргөндө эч ким деле таң калып карай бербейт. Гавайиде мен өтө деле өзгөчөлөнбөйм, анткени бул жерде азият түспөлүндөгү адамдар көп. Ал эми Кыргызстанга келгенибизде жолдошумду кыргыз же казак деп ойлошот. Биздин 4 балабыз бар. Эң улуу кызым биринчи турмушумдан, бирок бул нерсени эске ала беришпейт. Аны бул жерде өздөрүнүн кызындай карашат. Ал эми Джош аны балдарынан кем көрбөй, абдан жакшы көрөт. Бул мен үчүн абдан маанилүү болчу, мындан улам мен экинчи турмуш курууда адашпадым», — деди ал.

Каарманыбыз учурда эмне менен алек экендигин жана алдыга койгон ой-максаттын айтып берди.

«Азыркы тапта бош убактым аз. Анткени кичинекей балдарым көп көңүл бурууну талап кылышат. Бирок социалдык тармактагы баракчамды активдүү алып барып, убакыт бөлгөнгө аракет кылам.

Алдыга койгон ой-максаттарым абдан көп. Катталуучуларымдын санын өстүрүп, турмушта оор кырдаалга туш болгон аялдарга жардам бергим келет. Кайсы бир кезде мен да жалгыз бой, өзүмө ишенбеген, бактысыз, аз акча тапкан аялдардын катарын толуктачумун. Мен өзүмдү колго алып, жашоомду өзгөрттүм. Азыр бактылуу аялдардын катарын толуктап, укмуштуудай кооз жерде жашап жаткан чагым. Айтарым, жашоону өзгөртүү ар бириңиздердин колуңуздарда», — деп сөзүн жыйынтыктады Айя айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE