Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөн өспүрүм кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2-3-май күндөрү көлдөн балык кармоо үчүн жайылган торлор тазаланды. Жалпысынан 4500 метр тор алынды.

Мындан тышкары Түп айылында көл жээгинен 17 жаштагы С.А. аттуу өспүрүм кармалды. Анын жанынан 11 даана судак балыгы табылды.

Быйылкы жылдын 4 айында көлдөн 153 даана тор алынды. Алардын жалпы узундугу 15 км ашат. Мынчалык торлордун жайылышы көлдөн биотүрдүүлүгүнө терс таасир тийгизет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE